Жеринин аянты - 237500 чарчы/чакырым. Калкы - 22364000 адам. Румыния Еропанын түштүк бөлүгүндө Дунай дарыясынын төмөнкү агымынын алабында жайгашкан. Чыгышын Кара деңиз чулгайт. Өлкөнүн үчтөн бири түшүм берүүчү түздүк, калган аймагын адыр жана бийик Карпат тоолору ээлейт. Алар токой менен жыш капталган, эмен, жаңгак, кызыл карагай, ак чечек өсөт.
Румынияда кен байлыктар көп, бирок анын негизгиси нефть. Өткөн заманда Румыниянын аймагында көптөгөн воеводстволор жана княздыктар болгон. 14-кылымда өз алдынча мамлекеттер - Валахия жана Молдова пайда болгон. Бирок 16-кылымда алар Түркияга толук көз каранды болуп калат. Румын эли бир нече жүздөгөн жылдар бою түрк баскынчыларына каршы күрөшүп келди. 1877-жылы гана Түркия Румыниянын толук көз карандысыздыгын тааныган. Румыниянын заводдорунда машина, тракторлор, түрдүү станоктор жана приборлор чыгарылат, нефть ажыратылат, металл эритилет.
Айыл чарбасында буудай, жүгөрү, жүзүм, жашылча-жемиштер өстүрүлөт. Өлкөнүн турмушунда дарыялар зор мааниге ээ. Алар аркылуу жүк ташылат, ал дарыяларда гидро-электрстанциялар курулат. Терец жана шар аккан Бистрица дарыясына 13 ГЭС курулган. Гидроэлектр станциянын зор плотинасы Темир дарбаза капчыгайында Дунайды бууп, кемелердин өтүүсүнө тоскоол болгон босоголор суу астында калды. Дунайдын чатында оңдогон чакырым жерге камыш өсөт. Бул жерде кытан, каз, өрдөк, ак куу, турна сыяктуу көп куштар уялайт. Африкадан фламинго жана биргазандар учуп келишет. Түрдүү балыктар бар. Мында корук да уюшулган. Румыния башка өлкөлөр менен соода байланышын да жүргүзөт.
Анын негизги порттору - Констанца, Галацдан чет өлкөлүк кемелерди ар дайым көрүүгө болот. Республиканын борбору Бухарест беш кылымдан ашуун убакыт мурда курулган. Мында тарыхый эстеликтер көп. Алардын арасында Румынияны фашисттик баскынчылардан бошотууда курман болгон советтик жоокерлерге курулган монумент - тарыхтын өчпөс далили.