"Кун жонундо маалымат" күн - негизинен эки газдан - суутек менен гелийден турган абдан чоң, өтө ысык шар. Күн асмандан көздү уялткан өтө жарык кичинекей тегерек нерсе сыяктуу көрүнөт, анткени күн бизден 150млн чакырым аралыкта турат эмеспи. Күндүн туурасы жердикине караганда 109 эсе чоң, ошол күндү түзүп турган заттардан 330миң жер шарын жасоого болор эле. Күндүн үстүнкү бетиндеги температуранын ысыктыгы 6000 градус, борборуна жакын кыртыштагы температура 15млн градуска чейин жетет. Мындай өтө жогорку ысык температурада күн затында өзгөрүштөр болбой койбойт: суутек абдан күйүп, акырындык менен гелийге айланат. Ошондой эле күн заттары жарыкка жана жылуулукка. айланып, ушунун натыйжасында жерде жашоо пайда болгон. Күн эрип жаткан сыяктуу жаркырап күйүп, массасы тынымсыз азайып турат.
"Кун жонундо маалымат" - бирок күн абдан чоң болгондуктан, анын заты менен энергиясы канчалык ысырапка учураса да, миллиарддаган жылдар бою жаркырап тийип тура берет. Күндүн бетинен дайыма кара тактар байкалат. Мында күн газдарынын температурасы аларды курчап турган күн бетине караганда бир нече жүз градуска салкын келет. Ошондуктан ал газдар кара так сыяктанып көрүнөт. Күн бетиндеги тактардын саны белгилүү бир мезгилге байланыштуу өзгөрөт, алардын саны болжол менен ар бир 11 жылда эң чоң көбөйүү чегине жетип турат. Ушул мезгилде астрономдор айткандай, күн айрыкча активдүү болот.
Күндө бардык процесстер жанданат да анын нурлануусу күчөйт. Бул абал биздин планетадагы жашоо-турмушка дароо таасир этет. Күндүн активдүүлүгү күчөгөн жылдары уюлдук жаркыроо көбөйүп, аба ырайы көтөрүлүп турат. Окумуштуулар бизди күндүн зыяндуу таасирлеринен коргоочу каражаттарды табууга аракеттенишип, күн жана жер кубулуштарынын байланышын изилдешүүдө. Күн атмосферасы күндүн бүт айланасын куурчап жатат. Ал күндүн өзү сыяктуу негизинен суутек менен гелийден турат. Ай күндү толук жаап, күн толук тутулган мезгилде күндүн айланасында күн таажысынын күмүш сымал жаркырап турушу бир нече мүнөткө созулат. Бул - күн атмосферасынын эң сырткы бөлүгү.
Күн протон, электрон жана башка өтө майда көп заттарды мейкиндикке тынымсыз чачып турат. Булар жөнүндө силер Атом деген аңгемеден окусаңар болот. Заттардын мындай бөлүктөрү бүткүл күн системасын аралап өтүүчү күн шамалы деген нерсени пайда кылат. Кээде күн атмосферасында жарк этүүлөр деп аталган катуу жарылуулар болот. Күндүн ошол жарылуу болгон жеринин өтө ылдам учуучу абдан көп бөлүкчөлөр атылып чыгат. Айрым жарк этүүлөр ачык космоско же айда экспедицияда жүргөн космонавттар үчүн коркунучтуу.
Окумуштуулар ушундай жарк этүүлөрдүн алдын ала билүүнүн жана алардан сактануунун жолдорун изилдеп жатышат. Күн - биздин планетада жашоонун булагы. Күн нурунун энергиясы болбосо жерде тиричиликтин болушу мүмкүн эмес. Күн энергиясы ар кандай түзүлүштөрдө: күн жылыткычтарда, деңиз суусун тузсуздандыргычта кеңири пайдаланылат. Күн - космос кемелеринин жана автоматтык станциялардын дээрлик бардыгына орнотулуучу күн батареясы үчүн энергиянын булагы. Окумуштуулар обсерваторияларда күн телескопторунун жардамы менен күнгө байкоо жүргүзүп турушат. Орбиталык обсерваториялар чоң мааниге ээ, анткени аларга жер атмосферасы тоскоолдук кыла албайт. "Кун жонундо маалымат" ушундай достор.