Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күндөр

Кыргызстан майрамдары, белгилуу даталар, бардыгын ушул бөлүмгө жайгаштырдык.

Октябрь

Октябрь (латынча octo — сегиз) — Григориан календарынын онунчу айы. Цезардын март айынан башталган реформасына чейинки эски римдик жылдын сегизинчи айы.

Сентябрь

Сентябрь (латынча septem — жети) — Григориан календарынын тогузунчу айы. Күз мезгилинин биринчи жана жылдын тогузунчу айы. Август жана Октябрь айларынын ортосунда жайгашкан. Узактыгы 30 күндөн турган төрт айдын бири. Сентябрь — Жердин түндүк жарым шарында күздүн башкы айы, түштүктө — жаздын.

Август

Август — юлиан жана григориан календарларындагы жылдын сегизинчи айы. Юлий Цезардын март айынан башталган ремормасына чейин башталган эски римдик жылдын алтынчы айы. Узактыгы 31 күнгө созулган жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында (анын ичинде Кыргызстанда дагы) жайдын акыркы үчүнчү айы, Түштүк жарым шарда — кыштын акыркы үчүнчү айы. Июль менен сентябрь айларынын ортосунда жайгашкан.

Июль

Июль (латынча Julius — «Юлий [Цезарь] айы», сөзмө-сөз — «тармал») — июнь менен август айларынын ортосунда жайгашкан Юлий Цезардын реформасына чейин мартта башталган юлиан жана григориан календарларындагы жылдын жетинчи айы. 31 күндөн турган жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында бул орточо жылдын эң жылуу, жана Түштүк жарым шардын көпчүлүк бөлүгүндө эң муздак ай.

Июнь

Июнь (латынча Junius — «Юнона айы») — юлиан жана григориан календарларындагы алтынчы ай, Юлий Цезардын март айынан башталган эски римдик жылдын төртүнчү айы. Узактыгы 30 күндөн турган төрт айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында жай мезгилинин биринчи айы, Түштүк жарым шарда — кыштын биринчи айы. Май менен июль айынын ортосунда орун алган.

Май (мезгил)

Май (латынча mensis Maius — «Майя аял кудайдын айы») — григориан жана юлиан календарлары боюнча жылдын бешинчи айы, Цезардын маттан башталган реформасына чейинки эски римдик жылдын үчүнчү айы. 31 күн узактыктагы жети айдын бири.

Апрель

Апрель (латынча Aprīlis – «ачуучу», «күн тарабынан жылытылуучу», «Афродита айы») — юлиан жана григориан календарлары боюнча жылдын төртүнчү айы, Цезардын марттан башталган реформасына чейинки эски римдик жылдын экинчи айы. 30 күндүк узактыктагы төрт айдын бири.

Март

Март (латынча Mārtius mēnsis — Марс айы) — юлиян жана григориан календарындагы жылдын үчүнчү айы, Цезардын реформасына чейинки эски римдик жылдын биринчи айы. 31 күндөн турган жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында (анын ичинде Кыргызстанда дагы) жаз мезгилинин биринчи айы, Түштүк жарым шарда — күз мезгилинин биринчи айы.

Февраль

Февраль (латынча Februārius mēnsis – Фебруус айы, тазалоочу ай; латындын Februa сөзүнөн – тазалануу майрамы) — Юлиан жана Григориан календары боюнча экинчи ай, кыш мезгилинин үчүнчү айы, Цезардын март реформасына чейин башталган эски Рим жылынын он экинчи айы. Жылдын эң кыска жана күндөрүнүн саны боюнча 30дан кем болгон жалгыз ай: кадимки жылдары 28 күн, толук жылы 29 күн.

Январь

Январь (латынча januarius mensis «Янус айы») — Юлиан жана григориан календарларындагы жылдын биринчи айы, Цезардын март айынан башталган реформасына чейин башталган эски римдик жылдын он биринчи айы. Узактыгы 31 күн болгон жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарынын көпчүлүк бөлүгүндөгү жылдын орточо эң муздак айы, жана Түштүк жарым шарынын көпчүлүк аймагындагы жылдын эң жылуу айы.