Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Конго жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Конго жонундо маалымат

Конго жонундо маалымат. Жеринин аянты - 342000 чарчы/чакырым. Конго Республикасы Борбордук Африканын батыш жээгине жайгашкан. Анын жерин экватор басып өткөндүктөн, аны эки жарым шарда орношкон деп айтууга болот. Конгонун аба ырайы жыл бою бир калыпта, өтө жылуу келет. Бул жерде биздегидей жылдын төрт мезгили болбойт. Анын ордуна узак жана кыска жаанчыл мезгилдер, узак жана кыска кургакчыл мезгилдер болот. Кургакчыл мезгилде шамал жүрбөйт, күн жаабайт, өзөндөр менен көлдөр тартылат.

Конго мамлекети жаанчыл мезгилде дээрлик күн сайын тропик нөшөрү куюп, өзөндөр менен көлдөр ташып, кээде жээгине ашып, тегерегин каптайт. Бул мезгилди суу ташкынынын мезгили деп айтышат. Конго дарыясын биринчи жолу көргөн адам бир нерсеге таң калбай койбойт: дарыянын ортосунда бегемотко же крокодилге да окшобогон кандайдыр бир кызыктай жаныбарлар сүзүп жүргөнсүйт. Чындыгында алар чөптүн суу коңторуп кеткен тамырлары. Ал өзөндүн суусу тартылган кезде тамыр алып, булуңдарда өсөт. Жаан жааган мезгилде ташкындаган суу аларды жылуу жеринен коңторуп агызып кетет.

Климаты жылуу, нымдуу жана топурагы семиз болгондуктан, Конго жери түшүмгө өтө март. Бул жерде балкамыш, банан, шалы, тамеки, жер жаңгак, маниок жана башка жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөр өстүрүлөт. Тропик токойлорунда кызыл, кызгылтым, кара түстөгү баалуу жыгач алынчу дарактар өсөт. Алардан кооз фанера жасашат. Конго жеринде нефть, калий туздары, алтын жана түстүү металл кендери да бар. Конго - табияттын байлыктарына мол өлкө. Бирок бул байлыктарды узак убакыт бою чет өлкөлүк колониячылар пайдаланып келишкен.

Конголуктар мындай адилетсиздикке каршы күрөшкө көтөрүлүп, колониячылардан эркиндикти жеңип алышкан. Эми Конго эли өз жерине ээ. Республиканын өкмөтү өлкөнү өнүктүрүүнү өзүнүн түпкү максаты деп жарыялады. Азыр конголуктар жаңы фабрика, мектеп жана ооруканаларды курушуп, элдин турмушун жакшыртууда. Мурда өлкөдө сабаттуу адамдар өтө аз болчу. Конго тууралуу маалымат ушундай достор.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-18, Көрүүлөр: 1595, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу