Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Июль

Баш барак | Күндөр | Июль

Июль (латынча Julius — «Юлий [Цезарь] айы», сөзмө-сөз — «тармал») — июнь менен август айларынан ортосунда жайгашкан Юлий Цезардын реформасына чейин мартта башталган юлиан жана григориан календарларындагы жылдын жетинчи айы. 31 күндөн турган жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында бул орточо жылдын эң жылуу, жана Түштүк жарым шардын көпчүлүк бөлүгүндө эң муздак ай.

Мазмуну

Кыргызча аталышы — Теке (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык).

Баяндама

Түндүк жарым шардын, анын ичинде Кыргызстандын жыл мезгилдеринде эң аптаптуу жай мезгилинин жана июнь менен август айынын ортосундагы ай.

Заманбап доордо 20-июлга чейин григориан календары боюнча Күн эгиздер топ жылдызында, 20-июлдан тарта — бөйөн топ жылдызында.

Айдын биринчи он күндүгүндө липа гүлдөйт, экинчи жарымында — картофель гүлдөп, күздүк кара буудай чабылат. Орто кылымдарда июлдун акыркы беш күнү муздак таң түрүндө күздү карай бурулуш деп саналып, үшүк жүрүү коркунучтары коштолчу. Бирок, Кыргызстанда салттуу түрдө июл айы жайдын чилдеси (бирок чилде эң аптаптуу делип кээде июлга туура келбесе дагы) делип, үшүк жүрүүлөр байкалган эмес. Бул мезгилде тоют чөптөрдүн экинчи чабышы жүрөт. Аба ырайы ысык болгондуктан адамдардын көпчүлүгү көл жээктерген эс алууга барышат. Июль айында аба ырайы кышты карай бет алып өзгөрө башталганы анча-мынча сезилет. Мисалы, шамалдын башкача бир сууктун кабарын бегендей башкача соккону, таңкы абанын жыты, айлана-чөйрөнүн үндөрү да башкача болуп калат.

Өсүмдүктөрдүн, өзгөчө чөптөрдүн биринчи сарагаюуулары байкалат. Күн нурунун тийиши көбүрөөк күзгү күдүн тийишине окшош болот.

Тарыхы

Бул ай башында латынча Quintilis деп аталчу (латынча quintus — «беш», кээде Quinctilius). Биздин заманга чейин 45-жылы ушул айда төрөлгөн Гай Юлий Цезардын ысымына өзгөртүлүп, июль деген аталышы ушундан келген деген ойлор да айтылат.

Тарыхый европалык аталыштары өзүнө эски француздук Juignet («кичинекей июнь») белгиленишин жана байыркы германдык Heumonat («чөп айы») аталышын камтыйт, анткени, июлдун аягына чөп чабыттын аягы туура келет. Байыркы орус календарында червен аталчу.

Июль аталышы (чиркөөлүк китептерде иулий) орустарга Византиядан өткөн, анан орустардан Кыргыздарга тараган.

Башка тилдерде

Көпчүлүк европалык тилдерде июль айынын аталышы латын салтына ылайык келет. Бирок, бир нече өзгөчөлүктөр бар.

Фин тилинде heinäkuu аталат, башкача айтканда «чөптүн айы», себеби, бул айда финдерде мал-жанга кышкы тоют чөп даярдоо мезгили жүргөн. Чех тилинде июль айы červen аналогиясы боюнча červenec аталат, башкача айтканда, «кичинекей июнь». Хорватча — srpanj, «орок» деген сөздөн, бул айда чөп чабуунун башталышы менен түшүндүрүлөт. Башка дарактардан айырмаланып кеч деп саналган бул мезгилде гүлдөгөн липа дарагы литва жана славян тилдеринде июль аталышын берет: украинче — липень, белоруссча — ліпень, польшача — lipiec, литвача — liepa. Айдын түркчө аталышы — Temmuz — байыркы жакынкы чыгыш салтынан келип, тамырында Таммуз аталган байыркы кудайдын атын камтыган шумердик сөздү камтыйт.

Заманбап кытай жана япон тилдеринде июль айы «жетинчи ай» деп белгиленген.

Башка календарларда

Эл аралык күндөр

Майрамдар

Июль айында бардыгы расмий жана расмий эмес болуп 179дан кем эмес майрамдар белгиленет. Алардын ичинен негизгилери:

Эл аралык

  • 2-июль — Эл аралык спорт журналисттеринин күнү (Эл аралык спорт басма сөз ассоциациясы тарабынан негизделген).
  • 20-июль — Эл аралык шахмат күнү (Эл аралык шахмат федерациясы тарабынан негизделген)
  • 31-июль — Африка аялдарынын күнү (1962-жылы Дар-эс-Саламда бүткүл африкалык аялдардын конференциясы тарабынан негизделген)

Улуттук

  • 1-июль —
    • Бурундинин көз карандысыздык күнү
    • Гана Республикасынын күнү
    • Канада күнү (Канаданын башкы мамлекеттик майрамы, доминиондордун бириккен күнү)
    • Руанданын көз карандысыздык күнү
  • 3-июль — Беларусь Республикасынын эгемендүүлүк күнү
  • 4-июль — АКШнын эгемендүүлүк күнү
  • 5-июль —
    • Алжирдин Эгемендүүлүк күнү
    • Венесуэланын Эгемендүүлүк күнү
    • Кабо-Верденин Эгемендүүлүк күнү
  • 6-июль — Малавинин Эгемендүүлүк күнү
  • 7-июль — Соломон аралдарынын эгемендүүлүк күнү
  • 9-июль —
    • Аргентинанын Эгемендүүлүк күнү
    • Түштүк Судандын Эгемендүүлүк күнү
  • 10-июль — Багам аралдарынын Эгемендүүлүк күнү
  • 12-июль —
    • Кирибатинин Эгемендүүлүк күнү
    • Сан-Томе жана Принсипинин Эгемендүүлүк күнү
  • 13-июль — Черногориянын мамлекеттүүлүк күнү
  • 14-июль — Бастилияны алуу күнү (Франция)
  • 19-июль — Никарагуа революциясынын күнү
  • 20-июль — Колумбиянын Эгемендүүлүк күнү
  • 21-июль — Бельгиянын Улуттук күнү
  • 25-июль — Тунис, Республика күнү
  • 26-июль —
    • Кубадагы улуттук көтөрүлүш күнү.
    • Либериянын эгемендүүлүк күнү
    • Малдив аралдарынын эгемендүүлүк күнү
  • 28-июль — Перунун эгемендүүлүк күнү
  • 30-июль — Вануатунун Эгемендүүлүк күнү
Жайгаштыруу: 2024-07-19, Көрүүлөр: 166, Өзгөртүлгөн: 2024-07-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу