Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Польша

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Польша

Жеринин аянты - 312685 чарчы/чакырым. Калкынын саны - 3634000 адам. Польша Европадагы мамлекет, мындагы кенен түздүктө калың токойлорду, талаа, шалбааларды аралап көп сандаган дарыялар агып өтөт. Алардын эң чоңдору - Висла менен Одра. Польшанын түндүк ойдуңун Балтика деңизи чулгайт, түштүгүндө токойлуу тоолор - Карпат менен Судет күпүйөт. Бул жерде илгертен эле батыш славяндар жашаган. Мындан миң жылча мурун ушул аймакта алгачкы мамлекет пайда болду. Князь Лех мамлекеттин борбору үчүн ылайыктуу орунду көпкө издеген деп айтылат эски уламышта. Бир жолу дөбөдөгү ак бүркүттүн уясын көрүп, ошол жерге шаар салууга буйрук кылат.

Ошондон бери Польшанын гербине ак бүркүттүн сүрөтү тартылып келатат. Муруңку мезгилде Польша Европадагы күчтүү мамлекеттердин бири болгон. Бирок ал поляк дворян-помещиктеринин (шляхталардын) өз ара чырдаша бергендигинин кесепетинен бара-бара начарлаган. 18-кылымдын аягында Польшанын аймагын ошол кездеги күчтүү үч мамлекет: Россия, Пруссия, Австрия өз ара бөлүп алган. 1939-жылы 1-сентябрда ага фашисттик Германия кол салды.

Бул күн экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы деп эсептелет. Согушка чейин Польша чарбасы начар өнүккөн өлкө болгон. Согуш жана оккупация мезгилинде ал таптакыр бүлүнгөн. Эми шаарларды, өнөр жайды, айыл чарбасын калыбына келтирүү гана эмес, көп нерсени жаңыдан түзүү милдети турду. Польша азыр өнөр жайы өнүккөн өлкөгө айланган. Польшада эски шаарлар көп. Согуш мезгилинде алар көп зыянга учурады.

Польшанын борбору - Варшава бүтүндөй дээрлик кыйраган эле. Поляк эли өз борборун кылдаттап кайра калыбына келтирди. Сакталып калган план-чиймелер боюнча эски көчөлөр жана үйлөр кайрадан курулду. Азыркы стилдеги кооз имараттар да борбордун көркүн чыгарды. Ажайып шаар Варшава күл менен урандыдан арылып, жомоктогу Феникс кушундай кайра жаралды. Таланттуу поляк элинин дүйнөгө таанымал адамдары: окумуштуу Н. Коперник, акын А. Мицкевич, жазуучулар: Э. Ожешко, Б. Прус, композитор Ф. Шопен жана башкалардын ачылыштары жана жараткан чыгармалары дүйнөлүк илим менен маданиятты байытты.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2866, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу