Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Финляндия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Финляндия

Жеринин аянты - 33030 чарчы чакырым. Калкы - 5176000 адам. Бул өлкөнү Финляндия деп аны көп кылымдар бою ээлеп келген шведдер атаган. Бирок финдер өз өлкөсүн Суоми, башкача айтканда саз өлкөсү деп аташат. Чынында анын аймагынын үчтөн бирин саз ээлейт. Бирок Финляндия көлдөрдүн да өлкөсү. Мында 60 миңге жакын көл бар. Алардын арасында өтө эле кичинелери да, орто жеринен эки жээги көрүнбөгөндөр да бар. Көлдөрдү туташтырган дарыяларга гидроэлектр станциялары курулган. Кар эриген кезде көл менен дарыялардан карагай агызылат. Финляндиянын деңиз жээктери булуң-буйткалуу келип, майда аралдар өтө көп. Өлкөнүн аймагынын ондон жети бөлүгүн токой ээлейт. Бул жерде карагай, кызыл карагай, кайың өсөт.

Токойлорунда түлкү, коён, тыйын чычкан, арс чычкандар жашайт. Карышкыр, аюу, сүлөөсүндөр азыр сейрек учурайт. Дарыяларда, көлдөрдө, деңиз жээктеринде балык көп. Кендерден темир жана жез рудалары казылып алынат. Финляндия гранит, кум, карагай сыяктуу табигый курулуш материалдарына бай. Финляндия - өнөр жайлуу өлкө. Токой - өлкөнүн негизги байлыгы. Финляндияда жыгачтан алууга мүмкүн болгон нерселердин бардыгы - целлюлоза, кагаз, мебель, картон, жасалма жибек жана спирт өндүрүлөт. Поезд жана океан кемелери менен бул товарлар ар түрдүү өлкөлөргө ташып жеткирилет. Өнөр жайынын башка тармактары да өнүккөн. Заводдорунда рудадан металл эритилип, ар түрдүү станоктор, машиналар жасалат, верфтеринде кеме курулат.

Финндер токойсуз жерлерге эгин айдашып, иштетүүгө кыйын таштак жеринен, аба ырайынын катаал шарттарына карабастан арпадан, кара буудайдан, буудайдан, ал тургай кант кызылчасынан да мол түшүм алышат. Айыл чарбасында негизги орунду сүт багытындагы мал чарбачылыгы ээлейт. Дөңсөөлөрдүн беттери, саз жана көл жээктери малга эң сонун жайыт. Финндердин улуттук өзгөчөлүгү жөнүндө сөз болгондо алардын лыжа тебүүнү сүйө тургандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Лыжа алар үчүн спорт гана эмес, катнаш каражаты да болуп эсептелет. Улуттук маданияты бай. Көптөгөн ырлардан турган «Калевала» эпосу бүткүл дүйнөгө белгилүү. Финн композитору Ян Сибелиус дүйнөдөгү улуу композиторлордун бири.

Финляндиянын борбору - Хельсинки шаары деңиз жээгинде аскалуу, токойлуу майда аралдар курчаган жарым аралдан орун алган. Азыркы замандын көптөгөн кооз үйлөрү эски архитектуралык эстеликтер менен айкалышып турат. Хельсинкиден башка Турку, Тампере, Лахти, Оулу деген ири шаарлары бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3595, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо