Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айыл чарба

Баш барак | Башкалар | Айыл чарба

Айыл чарба — материалдык өндүрүштүн негизги тармактарынын бири. Айыл чарба калкты азык-түлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуучу экономиканын бөлүгү.

Айыл чарба дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кездешүүчү эң маанилүү тармактардын бири. Дүйнөлүк айыл чарбада экономикалык жактан активдүү 1 миллиарддай калк иштейт.

Айыл чарба

Тармактын абалынан мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу көз каранды. Айыл чарбанын көйгөйлөрү же маселелери менен агрономия, мал чарба, мелиорация, өсүмдүк өстүрүү, токойчулук сыяктуу илимдер кыйыр же түздөн түз байланыштуу.

Айыл чарбанын жаралышы өндүрүш каражаттарында 12 миң жыл мурун башталган айтылуу «неолиттик революция» менен байланыштуу, а бул өндүрүүчү чарбанын жаралышына жана цивилизациянын андан аркы өнүгүүсүнө алып келген.

Айыл чарба өз учурунда көптөгөн өнөр жай тармактарынын өндүрүмүн керектейт жана өз ара бири-бирине тыгыз байланыштуу 4 ири тармакка бөлүнөт:

Бул 4 тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материал жана эмгек ресурстарын рационалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү мүмкүн эмес; мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич — кык берет.

Айыл чарбада негизги өндүрүш каражат — жер (топурак) жана суу (океандар, көлдөр ж. б.). Айыл чарба өндүрүшүн топтоштуруу жана адистештирүү жердин өзгөчөлүгүнө жараша болот; ал өзгөчөлүк топурактын күрдүүлүгүн жогорулатууда илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын колдонуу зарылчылыгын туудурат.

Мал чарбасы өзүнүн ургаал өнүгүшү жана кунардуулугунун дайыма жогорулашы менен мүнөздөлөт. Ал тоют базасынын чыңдалышы, малдын породалык курамын өркүндөтүү, мал чарба жайларын көп куруу, өндүрүш процесстерин механикалаштыруу, эмгекти туура уюштуруунун негизинде өнүгөт.

Мазмуну

Өнүгүү тарыхы

Жаныбарларды үйрөтүү жана өсүмдүктөрдү өстүрүү менен айыл чарба жок дегенде эле 10 миң жыл мурун пайда болгон, алгач Жемиштүү жарым ай аймагында (Заманбап Кипр, Ливан, Израил, Сирия, Ирак, Турциянын түштүк-чыгышы, Ирандын түштүк-батышы жана Иорданиянын түндүк-батыш аймактары), андан соң Кытайда.

Айыл чарба эрте жер иштетүү мезгилинен тарта кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болду. Алдыңкы Азияда, Египетте, Индияда мурда жапайы түрдө чогулткан өсүмдүктөрдү биринчи жолу пландуу өстүрүү жана чогултуу башталган. Алгач, айыр чарба адамдардын диетасын жарды кылган, тагыраак айтканда, бир нече ондогон дайыма азык катары желүүчү өсүмдүктөрдүн айыл чарба үчүн аз гана үлүшү жарактуу болгон.

Айыл чарбанын көз карандысыз өнүгүүсү Түндүк жана Түштүк Кытайда, Африкада (Сахель, Жаңы Гвинея), Индиянын бөлүгүндө жана Американын бир нече аймактарында ишке ашкан. Сугаруу, которуштуруп эгүү, жер семирткичтер жана пестициддер сыяктуу айыл чарбалык тажрыйбалар жетишээрлик түрдө эбак эле иштелип чыккан бирок, чоң ийгиликке XX кылымда гана жеткен. Түштүк-Батыш Азия жана Түндүк Африканын ар кайсы аймактарындагы антропологиялык жана археологиялык күбөлөндүрмөлөр жапайы данды 20 миң жыл мурун айланасында колдонулганына көрсөтмө берет.

Кытайда күрүч (шалы) жана таруу биздин заманга чейин 8000-жылы маданий үй өсүмдүгүнө айландырылган, андан кийин буурчак жана соя өсүмдүктөрү колго өстүрүлмө кылынган. Сахель аймагында (Африкадагы тропикалык саванналуу аймак) жергиликтүү өсүүдөгү күрүч жана сорго жашы биздин заманга чейинки 5000-жыл деп бааланат. Ошондой эле, ал жакта картофель жана бататты колго өстүрүү өздөштүрүлгөн. Жергиликтүү өсүмдүктөрдүн колго өстүрүлүшү Батыш Африкада өз алдынча өздөштүрүлгөн жана мүмкүн, Жаңы Гвинея, Эфиопияда дагы. Биздин заманга чейинки 6 миңинчи жылдыкта буудайдын жана айрым буурчак түрүндөгү өсүмдүктөрдүн айыл чарбасында колдонгондугунун далилдери Инд өрөөнүндө табылган. Апельсин ошол эле миң жылдыкта өстүрүлгөн. Биздин заманга чейин 4000 жылдыктагы өрөөндө өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизгилери эреже катары буудай, нокот, күнжүт уругу, арпа, курма жана манго болгон. Б. з. ч. 3500 жылга карата өрөөндө кездеме алуу максатында пахтаны өстүрүү жетишээрлик алга илгерилетилген болчу. Б. з. ч. 3000-жылдары күрүчтү (шалы) өстүрүү башталган. Кант камышы дагы ошол убакта өстүрүлө баштаган. Б. з. ч. 2500-жылдары Аравия деңизинин жанындагы Мохенджо-Даро шаарында күрүч эң маанилүү азык-түлүк болгон. Индиялыктарда болсо жакшы жабдылган дан сактоочу жайлары бар шаарлар болгон. Американын үч аймагында бири-биринен көз карандысыз ыкмада жүгөрү, сүйрү ашкабак, картофель, кызыл мурч жана күн карамалардын колго өстүрүлүшү өздөштүрүлгөн. Түштүк-Чыгыш Азияда ямс (картофель сыякттуу өсүмдүк) жана тарону (кызылча сыяктуу өсүмдүк) өстүрө баштаган.

Жергиликтүү жаныбарларды колго үйрөтүп багуу дагы алдыга жылган: Кытайда жерди айдоо үчүн буйволду үйрөтүп, азык-түлүк калдыктарын чочколорго жана тоокторго берип турушкан, Түштүк-Чыгыш Азияда жаныбарлардын кыгын жер семирткич катары алуу үчүн эчкилерди, чочколорду, койлорду жана ири мүйүздүү малды бага баштаган.

Эгер айыл чарба түшүнүгүн масштабдуу интенсивдүү жерди иштетүү, өсүмдүктү бир жерге эгүү (монокультура), уюшулган сугат, жана атайын эмгекти колдонуу катары карасак, анда айыл чарбасын ойлоп табуучу деп биздин заманга чейинки 5000 жылдардагы шумерлерди айтса болот. Интенсивдүү айыл чарба, аңчылык жана чогултуучулук ыкмаларына караганда көбүрөөк жыштыктагы калкты багууга, мезгил аралык бош убакта ашыкча өндүрүмдү топтоого, колдонууга, сатууга же алмашууга мүмкүндүк берет. Көп сандаган калкты багууга мүмкүндүгү бар фермерлердин өнөрү туруктуу армиянын пайда болуусунда чечүүчү фактор болгон.

XV жүз жылдыктан баштап дүйнө боюнча Европа тарабынан жерлерди колонизациялоонун натыйжасында айтылуу колумбдук алмашуу башталган. Бул мезгилде жөнөкөй калктын тамак-ашынын негизин жергиликтүү айыл чарбанын өндүрүмдөрү түзгөн. Ал эми, эски айыл чарба өсүмдүктөрү жана жаныбарлары жаңысына өтүп-алмашып, томат өсүмдүгү европа ашканасында кеңири жайылууга ээ болгон. Жүгөрү жана картофель дагы европалык массаларга белгилүү боло баштаган. Эл аралык сооданын башталганына байланыштуу өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү төмөндөгөн: көптөгөн майда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ордуна талааларга бир гана өсүмдүктү ири көлөмдө себе башташкан, мисал катары банан, кант камышы жана какао плантацияларын айтса болот.

XIX кылымдын аягында жана XX кылымда механикалаштыруунун тез өсүүсү менен тракторлор, кийинчерээк комбайндар мурда мүмкүн болбогон ылдамдыкта жана масштабда айыр чарба иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк жараткан. Өнүккөн өлкөлөрдөгү транспорттун жана технологиялардын өнүгүүсүнүн эсебинен мөмө жемиштерди, жашылчаларды жана башка азык-түлүктөрдү жылы бою башка өлкөлөрдөн алууга мүмкүн болду. Ошого карабастан, маданий өсүмдүктөрдүн түрлөрү көңүл жылытаарлык эмес: БУУнун баамында өсүмдүк азыктарынын арасында 95% энергияны адамдар болгону 30 маданий өсүмдүктөн алат.

Айыл чарбанын экономикадагы ролу

Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө айыл чарба өндүрүүчүлөрүн агрардык саясатта колдоону артык көрүшөт. Евро биримдик өлкөлөрүндө акыркы жылдары (2022) айыл чарбаны каржылоо 1 гектар жерге 300 АКШ долларын түзгөн, Японияда — 473 доллар, АКШда — 324 доллар, Канадада — 188 доллар, Орусияда 10 доллар. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө өндүрүүчүлөрдү жалпы бюджеттик колдоо айыл чарба дүң өндүрүмүнөн 32-35% түзөт.

Өлкөнүн же аймактын экономикасындагы айыл чарбанын ролу анын түзүмүн жана өнүгүү деңгээлин көрсөтөт. Айыл чарбанын ролунун көрсөткүчтөрү катары экономикалык активдүү калк арасындагы адамдардын айыл чарбадагы үлүшүн, ошондой эле, ички дүң өндүрүм түзүмүндөгү айыл чарбанын салыштырма салмагын дагы колдонушат. Бул көрсөткүчтөр көпчүлүк өнүккөн өлөкөлөрдө жетишээрлик жогору деңгээлде, мында айыл чарбада экономикалык активдүү калктын жарымынан көбү иштейт. Мындай өлкөлөрдө айыл чарба экстенсивдүү өнүгүү жолу менен жүрөт, башкача айтканда өндүрүмдүн жогорулашы, айдоо жерлеринин кеңейтилиши, малдын санынын көбөйтүлүшү, айыл чарбада иштегендердин санынын жогорулашы менен ишке ашырылат. Экономикасы агрардык түргө таандык болгон өлкөлөрдө механикалаштыруу, химиялаштыруу, мелиорация ж. б. көрсөткүчтөрү төмөн болот бирок, убакыттын өтүшү менен акырындан көтөрүлөт же салыштырмалуу көтөрүлүп кайра түшүп турат.

Эң жогорку деңгээлге постиндустриялык баскычка өткөн Европа жана Түндүк Американын өнүккөн өлкөлөрүнүн айыл чарбалары жетишкен. Ал жактагы айыл чарбада экономикалык активдүү калктын 2-6% эмгектенет. Бул өлкөлөрдө «жашыл революция» XX кылыдын жарымында эле ишке ашып, айыл чарба илимде негизделген уюшкандык, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, жаңы технологияларды колдонуу, айыл чарба машиналар системасын, пестициддерди жана минералдык жер семирткичтерди колдонуу, гендик инженерияны жана биотехнологияны, робот техникасын жана электрониканы пайдалануу менен мүнөздөлөт, башкача айтканда, интенсивдүү жол менен өнүгүүдө.

Ушул сыяктуу прогрессивдүү өзгөрүүлөр индустриалдык түргө таандык өлкөлөрдө дагы жүрүүдө, бирок, интенсивдештирүү деңгээли аларда кыйла төмөн, ал эми айыл чарбада иштегендердин үлүшү постиндустриалдыкка караганда жогору.

Ошону менен бирге өнүккөн өлкөлөрдө азык-түлүктү ашыкча өндүрүү кризиси байкалат, ал эми агрардыкта тескерисинче, өтө курч маселелердин бири — азык-түлүк маселеси.

Өнүккөн айыл чарба өлкө — коопсуздугунун факторлорунун бири, анткени, ал аны башка өлкөлөрдөн азыраак көз каранды кылат. Ушул себептен өнүккөн, индустриалдык өлкөлөрдө айыл чарба колдоого алынып, субсидияланат, бирок, экономикалык көз карашта азык-түлүктөрдү азыраак өнүккөн өлкөлөрдөн импорттоо пайдалуураак.

Тармактык жана аймактык өзгөчөлүктөр

Айыл чарба тармагы кийинкидей негизги өзгөчөлүктөргө ээ:

  1. Өндүрүштүн экономикалык процесси табигый өсүү жана биологиялык мыйзамдардын негизинде өнүгүүчү тирүү организмдердин өнүгүү процесстери менен чиеленишет.
  2. Табигый өсүү жана өсүмдүктөр менен жаныбарлардын өнүгүүсүнүн циклдик процесси айыл чарбалык эмгектин мезгилдүүлүгүн шарттайт.
  3. Өнөр жайдан айырмаланып айыл чарбадагы технологиялык процесс табият менен тыгыз байланышта болот, мында жер негизги өндүрүш каражатынын ролун аткарат.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбалык уюмунун (англисче FAO) адистери жердин бетинин 78% жер иштетүүнү өнүктүрүү үчүн олуттуу табигый чектөөлөрдү тартууда дешет, ал эми талаалардын 13% — төмөнкү, 6% — орто жана 3 — жогорку өндүрүмдүүлүк менен айырмаланат. 2009-жылы бардык кургактыктын 37,6% айыл чарбада колдонулган, анын ичинде 10,6% — айдалган же айдоо жери, 25,8% — жайыт катары жана 1,2% — көп жылдык өсүмдүктөргө колдонулат. Агроресурстук абалдын жана айыл чарбанын адистештирилишинин өзгөчөлүктөрү аймактар боюнча кыйла айырмаланат. Бир нерче термалдык алкактар белгиленип, алар өзүнүн өсүмдүк өсүтүрүү жана мал багуу топтомдору менен мүнөздөлөт:

Айыл чарба түзүмү

Айыл чарба агро өнөр жай комплексинин курамына кирип өзүнө кийинкидей негизги тармактарды камтыйт:

Маданий өсүмдүктөрдү өндүрүү

Жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү тармагы кийинкидей жашылча-бакча маданий өсүмдүктөрүнүн өндүрүшү менен иш алып барат:

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк кийинкидей өсүмдүктөрдү өндүрүү менен алектенет:

Айлана-чөйрөгө таасири

Айыл чарба өндүрүштүн башка тармактарына караганда табият чөйрөсүнө чоң таасир этет. Мунун себеби, айыл чарбанын ири жер аянттарын талап кылуусунда. Натыйжада, бүтүндөй континенттердин ландшафттары өзгөрөт. Мурда, Улуу Кытай түздүгүндө, түндүгүнөн уссурийск тайгасына, ал эми түштүгүнөн Индокытайдын джунглисине өтүшүп кетүүчү субтропикалык токой өсчү. Европада агроландшафт жазы жалбырактуу токойлорду сүрүп чыгарган, ал эми Украинада талааларды талаа-чөлдөр алмаштырган.

Айыл чарбалык ландшафттар туруксуз келип, бир катар жергиликтүү жана аймактык экологиялык катастрофаларга алып келген. Мисалы, Быйыркы Месопотамиядагы туура эмес мелиорация, топурактардын туздуу болушуна жана айдоо жерлеринин көпчүлүгүнүн жоголушунун себеби болгон. Жерди терең казуу Казакстанда жана Америкада чаң бороондорунун пайда болушун шарттаган, ал эми малды бир жерге кайталап жаюуу жана жерди иштетүү Африканын Сахель аймагында чөлдөнүүнүн себеби болуп калган.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбалык уюмунун (FAO) маалыматы боюнча 2011-жылы мал чарбалыктын дүйнөлүк өндүрүмүнүн 74% эттен башка өндүрүмдөргө туура келген. Poore J., Nemecek T. изилдөөлөрүнө ылайык мал чарбалыкка бардык айыл чарба жерлеринин 77% кетет, анын ичинде тоют чөптөрүн өстүрүү дагы.

Жер иштетүүнүн табигый чөйрөгө таасирлеринин факторлору:

Топуракка таасирлери:

Айыл чарбасын жүргүзүүдө терс факторлорун жеңилдетүү же толугун менен жок кылуучу белгилүү ыкмалар жана технологиялары бар, мисалы, так жер иштетүү технологиялары.

Мал чарбалыктын табигый чөйрөгө таасир этүүчү факторлору:

Айыл чарбадан келип чыккан жалпы бузууларга кийинкилерди таандык кылса болот:

XX кылымдын экинчи жарымында дагы бир көйгөй актуалдуу болуп калган: өсүмдүк өстүрүүчүлүк өндүрүмдөрүндөгү витаминдердин жана микроэлементтердин камтылышынын азайышы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал багуучулук өндүрүмдөрүндөгү зыяндуу заттардын (нитраттар, пестициддер, гормондор, антибиотиктер ж. б.) топтолушу. Себеби — топурактын деградациясы, ал бул өз учурунда микроэлементтердин деңгээлинин төмөндөшүнө жана өндүрүштүн интенсивдүү болуусуна алып келет, өзгөчө мал чарбасында.

Айлана-чөйрөгө зыяндуу таасир этүүнүн жолдору

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 189, Акыркы оңдолгон дата: 2024-12-18 19:15:34 (Оңдоо тарыхы)
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо