Дыйканчылык — айыл чарба тармагы; азык-түлүк, техникалык, тоют жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүү. Дыйканчылык өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн базасы болуу менен бирге калкты азык-түлүк, малды тоют, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылат.
Айыл-чарба өсүмдүктөрүн жана мал жандыктарын өстүргөн адамды — дыйкан дейбиз. Кээде дыйканчылыкка кошумча жумуш күчтөрү катары чоң адамдар жана балдар дагы тартылат (Караңыз: Балдарга тиешелүү айыл-чарба жумуштары). Дыйканчылыкта топуракты иштетүүнүн негизги ыкмалары: техниканын жардамы менен жер айдоо, жумшартуу жана башка, жер семирткич чачуу, которуштуруп эгүү, сугаруу, мелиорациялоо (мисалы, топуракты шорсуздандыруу) жана башка. Азыр дыйканчылыкта ургаалдуу (интенсивдүү) технология ыкмасы кеңири колдонулууда.
Табигый шартка жараша дыйканчылык түрдүүчө болот. Кыргызстанда дыйканчылыктын төмөндөгүдөй түрлөрү калыптанган:
Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарбай өстүрүүгө мүмкүн эмес; кайрак жер дыйканчылыгы, сугат жер дыйканчылык зонасындагы сугарылбаган жерлерге, негизинен дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа) өстүрүлөт. Топуракка ным күзгү-кышкы жана кышкы-жазгы жаан-чачындан топтолот; тоолуу жер дыйканчылыгы негизинен тоолуу аймактарда өнүгүп, топурактын табигый күрдүүлүгү менен айырмаланат.
Дыйканчылыктын эки формасы бар: экстенсивдүү жана ургаалдуу (интенсивдүү). Экстенсивдүү дыйканчылыкта өндүрүш жер аянтын кеңейтүү (көбөйтүү) жолу менен өнүктүрүлсө, ургаалдуу дыйканчылыкта ошол эле аянтка кошумча эмгек жана каражат (механикалаштыруу, мелиорация, минералдык жер семирткич чачуу, агротехникалык ыкманы жакшыртуу жана башка) жумшоо жолу менен өнүктүрүлөт.
Техника өнүккөн шартта дыйканчылыкты ургаалдаштыруу ар гектар аянттан эмгек жана каражатты аз жумшап, көп азык алууну камсыз кылат. Дыйканчылык системасынын ар түрдүүчө калыптанышы коомдун өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө жараша болот. Дыйканчылык таш доорунда (неолитте) пайда болуп, жер айдоо, жумшартуу иштери жыгач же учуна таш бекитилген жыгач куралдар менен жүргүзүлгөн. Жер айдоо дыйканчылыгы соко чыккандан кийин пайда болуп, күч-унаа (ат, өгүз) көп пайдаланылган. Дыйканчылыктын бул түрү кул ээлөөчүлүк жана феодалдык коомдо Азия, Европа жана Түндүк Африкага таралган.
Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө дыйканчылык системасы болгон:
Бирок, айыл чарба өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштырма которуштуруп эгүү дыйканчылык системасын колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайталап эгүү дыйканчылык системасы басымдуу болгон. XX кылымдын башында дыйканчылыкта трактор, чиркеме, асма айыл чарба шайманы жана машиналар колдонула баштаган. Революцияга чейин Россияда дыйканчылык техника менен начар жабдылган, агрономия илиминин жетишкендиктерин пайдалануу төмөнкү деңгээлде болгон. Негизинен экстенсивдүү дыйканчылык системасы колдонулуп, негизги айыл чарба шайманы катары соко пайдаланылган. Бардык айыл чарба жумуштары кол эмгегине, күч унаага негизделип, дан эгиндеринин түшүмү 6-7 центнер/гектардан ашкан эмес.
Кыргызстанда 1913-жылы дан эгиндеринин түшүмү 7,8 центнер/гектар, жүгөрүнүкү 11,8 центнер/гектар, пахтаныкы 13,1 центнер/гектар болгон. Улуу Октябрь социалдык революциясынан кийин дыйканчылыкта абал түп-тамырынан өзгөргөн. Өлкөдө Жер жөнүндөгү декретти, В. И. Лениндин кооперация планын ишке ашыруу, колхоз, совхоздорду уюштуруунун негизинде дүйнөдө жогору механикалашкан эң ири социалдык айыл чарба өндүрүшү пайда болгон. Совет бийлигинин жылдарында дыйканчылыкты техника менен жабдуу түп-тамырынан өзгөрүп, 1966-1984-жылдары айыл чарбасында энергетикалык кубаттуулук 3,1 эсе, эмгектин энергия менен камсыз болушу 3,6 эсе жогорулаган.
Азыркы кезде (2024) 100 гектар айдоо аянтына 350—400 ат күчүнө барабар энергетикалык кубаттуулук туура келет; ал эми ошол жылдары айыл чарбасында иштеген трактор 531 миңден (1940) 2 миллион 800 миңге (1985), дан комбайны 182 миңден (1940) 847 миңге (1985) жеткен. 1985-жылы айыл чарба дүң продукциясы 1960-жылдагыдан 2,7 эсе көбөйгөн. 1985-жылы айдоо аянты 210,3 миллион гектар (сугат жер аянты 20 миллион гектар) болгон. Учурда (2023) Кыргызстанда сугат жер аянты 1 миллион гектардан ашык. Өнөр жайды жана айыл чарбанын индустриялаштыруу, колхоз, совхоздорду уюштуруу айыл чарба азыктарын көп алууга, жерди жакшы пайдаланууга шарт түздү. Дыйканчылыктын маданиятын көтөрүүгө багытталган иш-чараларды турмушка ашырып, айыл чарба эмгекчилери өндүрүм чыгарууну көбөйтүүдө чоң ийгиликтерге жетишти.
Жер ресурстарына сарамжалдуулук менен мамиле кылуу өзгөчө белгиленип келет. Жер жөнүндөгү мыйзамдарынын негиздерине ылайык жердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү жана арттыруу боюнча өзгөчө талап коёт.
Дыйканчылыкты биз айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жалпы ыкмаларын жана жерди пайдалануунун алдыңкы жолдорун (дайыма жогорку түшүм алуу үчүн) иштеп чыгуучу илим катары дагы билебиз.
Илим катары дыйканчылык өсүмдүктүн нормалдуу өсүшү үчүн топурактын, суу, аба (кычкылтек), жылуулук жана башка режимин (жерди туура айдоо, жумшартуу, өсүмдүктү туура эгүү жолу менен) жөнгө салууну, илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын жана туура которуштуруп эгүүнү, ошондой эле топурак күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин, терс факторлордун (кургакчылык, керимсел, топурак эрозиясы, отоо чөп жана башка) таасирин жок кылуу же азайтууну иштеп чыгат.
Азыркы дыйканчылык илими жалпы (айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жалпы ыкмаларын изилдейт) жана жеке (айрым өсүмдүк түрүн же сортун өстүрүү ыкмаларын иштеп чыгат) дыйканчылык илимине бөлүнөт. Дыйканчылык илими башка табигый илимдер — биология, топурак таануу, агрохимия, агрофизика, селекция жана башкалар менен тыгыз байланышта. Кыргызстанда дыйканчылык илиминин калыптанышы жана өнүгүшү социалдык илимдин өнүгүү процессине байланыштуу. 1920-жылдардын ортосунан Кыргызстанда алгачкы таяныч пункт жана станциялар уюшулуп, дыйканчылык боюнча илимий иштер жүргүзүлө баштаган.
Алгачкы тажрыйба аянты 1925-жылы Ош шаарына жакын жерде (1946-жылдан пахтачылык-беде тажрыйба станция, 1960-жылдан Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясы), Пржевальск шаарынын жанында уюшулган. 1926-жылы Чүй өрөөнүндө Областтык комплекстүү айыл чарба тажрыйба станциясы, 1927-жылы Өсүмдүк коргоо станциясы, Кыргыз мамлекеттик селекция станциясы иштей баштаган.
1928-жылы Аймак таануу институту ачылган. 1929-жылы Бүткүл союздук кант өнөр жай илимий изилдөө институтунун Кант таяныч пункту (1948-жылдан баштап Кыргызстан кант кызылчасы тажрыйбалык селекция станциясы), 1932-жылы Чүй өрөөнүндө Булалуу өсүмдүктөр тажрыйба станция, Ысык-Көл өрөөнүндө Дары-дармек өсүмдүк тажрыйба станция, 1936-жылы Бүткүл союздук тамеки жана махорка илимий изилдөө институтунун зоналык тажрыйба станция, 1937-жылы Кыргызстан жашылча-жемиш тажрыйба станция уюшулган.
Түрдүү топурак-климаттык зоналарда жайгашкан бул станция жана таяныч пункттардагы алгачка илимий иштер Кыргызстанда дыйканчылык илиминин калыптанышына өз таасирин тийгизген. Азыркы кезде Кыргызстанда дыйканчылык боюнча илимий иштер Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмеси, Кыргызстан дыйканчылык илим изилдөө институту, Кыргызстан топурак таануу жана айыл чарбасын химиялаштыруу илим изилдөө институту, Кыргызстан айыл чарба институту, Кыргызстан илимдер академиясынын Биология, Биохимия жана физиологиялык институттары жүргүзөт.