Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү
Баш барак | Бул ким, ал эмне

Жайыт

Акыркы оңдоо:

Жайыт — системалык түрдө мал жаюууга пайдаланылуучу айыл-чарбалык чөптүү жер аянты. Ал табигый жана эгилме болуп бөлүнөт. Табигый жайытта жапайы чөп, эңилчек, бадал өсөт. Эгилме жайытта көп жылдык жана бир жылдык (чанактуу, дандуу) өсүмдүк аралаш эгилет.

Жайыт көк тоюттун (караңыз тоюттар жана тоют чөптөр) негизги булагы. Айрыкча жай мезгилинде колдонулат. Мал жаюуу (кошумча: малды жайытта багуунун шарттары) менен катар балчылар тарабынан аарыларды жайып бал чогултуу максатында дагы пайдаланылат.

Механикалаштырылган айыл-чарба пайда болгонго чейин жайыт үй кой, жылкы, уй сыяктуу үй жаныбарларынын негизги азык булагы болуп келет. Ошодуктан жайыт бүгүнкү күндө дагы колдонулат, өзгөчө кургакчыл аймактардагы айыл-чарбалык өндүрүмгө жараксыз жайыт жерлер.

Жайыттардын түрлөрү: кургак аймактуу, саздуу, тоолуу ж. б. Жайытты иштетүү деңгээли боюнча табигый жана маданий болуп бөлүнөт.

Маданий жайыттар жогорку өндүрүмдүү чөптөрдү себүү менен түзүлөт, мындай жайыттар табигый жайыттарга караганда жогорку сиңимдүүлүк баалуулугуна ээ. Маданий жайыттарга чөптөрдү эгүүдөн тышкары адистер аларды тосмолор менен тосууну сунушташат.

Жайыт түрдүү өсүмдүктөрдү камтышы мүмкүн: дан өсүмдүктөр, чанактуу дан өсүмдүктөр жана башка жем болуучу (фураждык) өсүмдүктөр. Топурактын түрү, жылдык минималдуу температура, жаан-чачындар — жайытты колдонуу ыкмаларын аныктоочу негизги факторлор.

Дүйнө жайыттарынын жалпы аянты кургактыктын болжолдуу 26% же 2 миллиард гектарды түзөт. Булардын үчтөн экиси гана айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жарактуу.

Кыргызстанда жазгы жана күзгү жайыттар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Казакстанда жайыт жерлердин аянты 185 млн гектар, булардын ичинен айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө 73,4 миллион гектар жер бекитилген.

Жайыттардын түрлөрү

Жайыттар табигый жана жасалма жайыттарга бөлүнөт. Кыргызстандагы жайыттарынын ичинен кургак өрөөндөрдөгү, талаадагы, тоодогу жана бийик тоодогу жайыттардын бөтөнчө мааниси бар. Жасалма жайыттарда бедени, люцернаны, түрдүү чөптөрдү аралаштырылган чанактуулар, дан өсүмдүктөрү жана башка маданий өсүмдүктөр айдалат. Жай бою малды көк тоют менен камсыз кылуу үчүн «жашыл конвейердин» системасын колдонушат, бул учурда май айына чейин көк тоютту (чөптү) үзүлтүксүз биринин артынан бирин алгыдай кылып өсүмдүктөрдүн түрүн тандап алып себишет. Ири мүйүздүү малга ботаникалык курамы ар түрдүү жана чанактуу өсүмдүктөрү басымдуулук кылган жайыттар жарамдуу келет, мындай жайыттардын чөбү мол, оттуу болот. Мүйүздүү малга чөбү кычкыл болгон саз жайыттары жана нымдуу жайыттар жарабайт. Жылкылар үчүн бети тегиз, дан өсүмдүктөрү басымдуулук кылуучу тааладагы, кургак өрөөндөгү, шалбаа жерлердеги жана тоодогу жайыттар ылайыктуу болот. Аларга саздуу, нымдуу жана рельефинде жары көп жайыттар жарамсыздык кылат. Жүн жана эт-сүт багытындагы койлор үчүн чөбү жапыз, калың, дан чөбү көп тоо жана бийик тоо жайыттары ылайыктуу келет. Койлор тегиз талаадагы чөбү жакшы жайыттарды да пайдаланышат. Чөбү суюк, кургак болгон нымдуу, саздуу жайыттар, талаа жана шордуу жайыттар жүн жана эт-жүн багытындагы койлорго жарамсыздык кылат. Нымдуу, саздуу жайыттар койлордун бардык породалары (тукумдары) үчүн жарабайт.

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 547, Оңдоо тарыхы
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо