Буудайдан нан жасаларын түшүндүрүүнүн албетте кажети жок: аппак борсогой, сырты кызарып бышкан нан баарыбызга тааныш, Буудай дүйнөдөгү дан эгиндери үчүн бөлүнгөн айдоо аянттарынын дээрлик жарымына эгилет. Аны бардык жерде себишет. Африканын ысыгында же Австралияда өскөн буудай биздин буудайдан айырмаланып турат. Мисалы, биздин буудайдын даны жалтырак саргыч түстө. Ал эми Эфиопияда өскөн буудайдын даны күнгө күйгөнсүгөн кызгылт көк түстө болот. Жашыл сымал, ошондой эле кызгылт дандуу буудайлар да бар. Буудайдын машагынын түсү да ар түрдүү болот. Буудайдын сортторунун бири-биринен көп айырмачылыктары бар. Буудай - эң байыркы эгилме өсүмдүктөрдүн бири.
Ошондой болсо да ушул кезде да айрым жерде анын жапайы өскөн түрлөрү кездешет. Буудайдын байыркы түрү - жөнөкөй полба. Ал жөнүндө Пушкиндин жомогунан окугансыңар: Балда поптукунан жебеди беле. Полбанын даны ага жабышып өскөн гүлүнүн жана машагынын кебеги менен кошо бастырылат. Ошондуктан андан ун тартуу татаал, бышыруу жеңил.
Кийинчирээк анын ордуна кебексиз буудай өстүрүлө баштаган, анын сапаты жакшы болгону менен, топурак тандайт. Бул буудайдын даны кебегинен оңой ажырайт. Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана жаныбарлардын жаңы породаларын чыгаруу жөнүндөгү илим селекция деп аталат. Биздин илимпоз-селекционерлер буудайдын сабагы катуу, башы дандуу, ысыкка да, суукка да чыдамдуу сортторун чыгарышкан. Топтошуп чыгуучу буудайлар да бар. Мындай буудайдын ар бир тобунда көптөгөн сабак жана баш болот. Биздин республикада буудайдын мыкты сорттору: Безостая 1, Кыргыз 16, Кавказдык, Пржевальск, Кыргыз-юбилей, Жаңы буудай, Казахстан 126, Казахстан 10, Эритрос-периум 841 жана башкалар эгилет. Алар биздин өлкөдө жана чет өлкөдө да жүздөгөн миң гектар жерге себилет.