Кун карама


"Кун карама" - европалыктар Американы ачканда Мексиканын мейкин талаасынан күнкараманы биринчи жолу көрүшкөн. Алар күнкараманы Европага мындан төрт жүз жыл мурда алып келишкен. Жаңы өсүмдүктү күн гүлү деп аташкан. Бул өсүмдүк Россияда мындан үч жүз жыл мурда пайда болгон. Адегенде аны бактардын арасын кооздоо үчүн өстүрүшкөн. Ал мезгилде күнкараманын майда көп себетчелери (гүлдөрү) болгон. Көп өтпөй күнкараманын уругунун (данынын) даамдуу экенин байкап, аны огороддоруна өстүрө башташат.

"Кун карама" - 1830-жылы Воронеж губерниясындагы Алексеевка кыштагынан крепостной дыйкан Бокарёв анын уругун сыгып, май алууну ойлоп табат. Азыр бизде күнкарама май алынуучу өсүмдүк катары кеңири жайылган. Күнкарама Молдавиядан Алтайга чейинки кара топурактуу талааларга себилет. Кыргызстанда да өстүрүлөт. Албетте, ал азыр муруңку жапайы түрүнө анча окшобойт. Эгилме күнкараманын себетчеси чоң, 7 миңге жакын данек байкалат.

"Кун карама" даны үй турмушунда дагы эле даамдуу нерсе катары кала берүүдө. Бирок эң негизгиси - күнкарамадан пайдалуу май алынат. Данегинен май сыгып алгандан кийин калган күн жарасы малга тоют болот. Сабактарын майдалап, буулантып чочколорго беришет. Себетчилерин кургатып майдалап алса, жакшынакай тоют. Күнкараманын айрым сортторун силос үчүн себишип, аны даны быша электе чаап алат.

2016-05-22 1057 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2018-03-27