Мал — азык-түлүк (эт, сүт, жумуртка), май, өндүрүш чийки затын (жүн, тыбыт, мамык), кыл түк, тери, сөөк, куш жүнүн, жер семирткич катары кыгын алуу үчүн адам тарабынан багылуучу жаныбарлар. Буларды айыл чарба жаныбарлары деп дагы аташат.
Төртүлүк мал деп жылкы, уй, кой-эчки жана төөнү айтабыз. Ал эми бодо мал деп кыргыздар — жылкы, уй, топоз жана төөнү айтат.
Малды багуу, өстүрүү жана андан киреше алуучу экономиканын тармагы — мал чарбачылык аталат.
Кыргызстандын мал чарбачылыгы айыл чарбанын тармагы болгон жер иштетүү, өсүмдүк өстүрүүдөн кийинки эле экинчи орунда. Мурда көчмөн жашоо образын жүргүзгөн мезгилде мал жана мал чарбачылыгы кыргыздарда биринчи орунда болгон.
Мындан тышкары мал транспорттук жана жумушчу функцияларды (сүйрөө, жүктөө, артуу) аткарат, мындай жаныбарлар жапайы табияттын өкүлдөрүнөн керектүү сапаттары жана мүнөздөмөлөрү барлары тандалып отуруп селекциянын жардамы менен чыгарылган, башкача айтканда байыртан эле кармалып колго үйрөтүлгөн.
Мал түшүнүгү негизинен үй жаныбарынын (сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, балыктар, курт-кумурскалар) ар кандай түрлөрүн жана породасын камтып, булар атайын малга арналган жана адам жашабаган сарайларда тиричилик ишмердүүлүгүнүн өндүрүмдөрүн алуу максатында кармалат.
Малдар кармалуучу жайлар ар кандай аталат: мал короо, сарай, кашаа, желе, аткана, чочкокана, уйкана же уй сарай, коён кепе, ферма, тооккана же тоок кепе, аары челек жана башка. Малдар жайытка жайылат. Мал жөнүндө маалыматты кененирээк алуу үчүн төмөнкү макала бөлүмдөрүн караңыз.
Түрдүү сөздүктөр жана мыйзам чыгаруучу актылар айыл-чарба жаныбарларына же малга төмөнкүлөрдү таандык кылышат:
Мал деп кыргыздар төртүлүк малды дагы айтайт — төрт аяктуу айыл-чарба жаныбарлары: уй, үй кою, жылкы, эчки, төө, эшек ж. б.
Айыл-чарба жаныбарлары өзүнүн жапайы биртугандары менен катар жалпы биологиялык классификацияга кирет, ошол эле убакта булар породаларга бөлүнөт.
Тукум бере турган сүт эмүүчү малды бооз мал дейбиз.
Кайсы бир аймакка же өлкөгө гана тиешелүү малды — жергиликтүү мал дейбиз. Алар жергиликтүү климатка жана чарбалык шарттарга жакшы көнүккөн жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө (кеч жетилет, кичине болот, тоютту көп талап кылбайт, ылаңга чыдамкай келет жана башка) ээ. Мисалы, якут ую катаал климатка, Четки Түн-түн жергиликтүү тоютуна көнүккөн, сүтү абдан майлуу (5-6%); кыргыз ую бийик тоолуу шартка көнүгүп, жыл бою жайытта багылган жана эт-сүт азыктуулугу аз болгон; Орто Азиядагы зебу түрүндөгү уй ысык, кургакчыл климатка жана кан соргуч мите пайда кылуучу ылаңга чыдамдуу келет. Адатта жергиликтүү малдын кунардуулугу төмөн болот. Жергиликтүү малдын негизинде уйлардын өтө кунардуу породалары — холмогор, ярославль, казак ала баш ую жана башкалар чыгарылган. Кой, жылкы жана башка малдын жергиликтүү породалары да жергиликтүү мал деп аталат.
Малга бериле турган тоюттар сапаттуу, малдын саламаттыгы үчүн зыяндуу кошундулары жок (топурак, кум, минералдык, семирткичтер, жыгачтын кесиндилери жана башкалары), көгөргөн, чириген, ачып кеткен, тоңуп калган жери жок болууга тийиш. Тоюттардын арасында кырк муун сары чырмоок, ак мыянын даны жана башкалар сыяктуу уу жана зыяндуу чөптөр болбошу керек. Дан тоюттарынын арасында кара көсө, спорния, кеберденген датты пайда кылуучу грибок жана башкалар болбоого тийиш. Малга берүүнүн алдында тоюттарды карап чыгып жарамсыздары менен шектүүлөрүн малга бербестен бөлүп коюшат. Тоют кызылчасын чийки бойдон берүү керек, аны бышырып берер учурда бышары менен суусун төгүп, ошол замат муздары менен малга берүүгө зарыл. Бышырылган кызылча 4-6 саатан кийин малды уландырышы мүмкүн. Картошканы өзгөчө өнгөн же чирий баштаган картошканы бышырган учурда да тартип менен малга берүү керек. Өнгөн, чириген, тоңуп калган жана карарып кеткен картошкада малга зыяндуу солонин уу заты болот. Малга кызылчанын жомун берер учурда, малды чычкактата турган ашыкча кычкылдыкты жоготуу үчүн рационго тоют борун же талкаланган акиташы милдеттүү түрдө кошуу керек. Кыргызстандын бир катар райондорундагы тоюттарда кээ бир минералдык заттар жетишпейт. Ошондуктан туздан тышкары малга фосфорду, кобальтты жана йодду, берүү зарыл. Кышкы айларда, тоюттарда витаминдер жетишпеген учурда малга, биринчи иретте койлорго жана жаш малга витаминдүү тоюттарды кошумчалап берүү керек. Бул максат үчүн көбүнчө майда эрий турган витаминдердин препараттарын пайдаланышат. Балыктын витаминдештирилген майын да малга берүүгө болот. Концентраттар туура тандалып алынган ар түрдүү тоюттар менен алмаштырууга мүмкүн. Атап айтканда кышкы мезгилде витаминдердин булагы болгон сапаттуу витаминдүү кесек чөп чанактуу өсүмдүктөрдүн чөптөрүнүн күбүлүп түшкөн жалбырактары, кызыл сабиз саналат. Малды витаминдүү тоюттар менен камсыз кылуу онтойлуу боло тургандыгын, ал эми витаминдердин концентраттарын айрым учуларда гана пайдаланууга керек экендигин эсептөө керек.
Тоолуктар мал чарбачылыгына байланыштуу төө, жылкы, уй, топоз да минишкен. Балдарга торпок, тай, айрым учурларда мамалак ылайыкташкан. Торпок, тай минишип айыл ичинде жүрүшү — кыргыздардын өз учурундагы көрүнүшү болгон. Малды кыргыздар жаш чактарынан эле үйрөтүп, минүүгө куштарланышкан.
Улуу-кичүү болуп, торпок, тайга толо учкашып, өздөрүнчө ойношкон. Негизи, илгери өгүз, аттарды токуп, минүү салты да болуучу. Өгүз, аргын топозду кедейлер минчү, алардга отун-суу артышчу. Кеч жүктөөгө, эгин-тегин артууга үйрөтүшкөн. Төөгө, уй-топозго, жылкыга жүк артууда үйрөтүүчү жекече жагдайлары бар. Жүктөп адыр-адыр көчүүнүн, суу чайпалтып көчүүнүн да элдик ыкмалары бар.
Мындан тышкары, жеке эле төртүлүк малды үйрөтрөстөн, ит-кушту да аңчылык максаттарында үйтүшүп, куш үйрөтүүчү мүнүшкөрлүк салты бүгүнкү күнгө чейин калбай келет.Жалпысынан эле мал деген түшүнүктү үйрөтүү менен кошо түшүнүүгө болот.
Малдын импотенциясы — (латынча impotens — начардык, алсыздык) — эркек малдын тукум берүүгө жараксыздыгы. Ургаачы малдын кысыр калуу себептеринин бири.
Малдардын импотенциясынын 2 формасы:
Малдын импотенциясынын кыйла көп учуроочу себептери — рациондо белок, витамин, макро- жана микроэлементтердин жетишсиздиги, моциондун (сейилдөөнүн) жок болушу, борбордук нерв системасынын жана жыныс органдарынын оорушу, малдын карылыгы. Импотенция кээде тубаса да болушу мүмкүн.