Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Tоок

Баш барак | Жаныбарлар | Tоок

Тоок, же үй тоок — (латынча түркүм Gallus gallus, түркүмчө Gallus gallus domesticus, кээде — Gallus domesticus, эркеги — короз же корооз, балдары — жөжө, ургаачысы — мекиан) — эң көп жана кеңири жайылган үй канаттуу, XXI кылымда — Жердеги канаттуулардын эң көп сандагысы.

Тоок (корооз жана мекиан)
Тоок (корооз жана мекиан)

Жалпы маалымат

Тоок, банкивдик джунгли тоогунун (Gallus gallus) колго үйрөтүлгөн формасы. Учуусу начар, алыска уча албайт, ошону менен бирге тез жана жакшы чуркайт. Адам тарабынан колго үйрөтүү тарыхында көп сандагы ар түрдүү тоок породалары чыгарылган. Булар өзүнүн өндүрүмдүүлүгү жана пайдалуулугу боюнча үй канаттууларынын атактууларынын бири. Тоокторду эт (канаттууларды бордоп семиртүү) жана жумуртка багытында өстүрүшөт, мындан тышкары алардан тал жүн жана тыбыт алынат.

Кеңири жайылган тооктун акылсыздыгы жөнүндөгү ойлорго карабастан, тоок акылсыз эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй алар санаганды билет, өзүнүн сүйлөшүү тилине ээ болуп, өз ара жакшы сүйлөшүшөт. Мындан тышкары тооктордун жашоосу жөнүндөгү көптөгөн маалыматтар дагы деле изилдене элек.

Айылдагы жөнөкөй эле тооктун тектеш түрлөрү абдан көп. Алар: суук түндүктө жашаган ак чил, кара көк сылан-короз, каракур жана түнт тайгада жашаган сак кереңкур. Андан башка сымбаттуу кыргоол, кооз-көркөмдүү тоос жана кичинекей бөдөнө. Австралияда, Филиппинде жана Тынч океандын башка аралдарында бырындычыл тооктор жашайт. Алар жумурткасын басып балапан чыгарышпайт, кадимки эле инкубаторду жасашат: түрдүү акыр-чикирди бир жерге чогултуп, ага жумурткаларын тууйт же аларды жылуу кумга көмөт. Мындай инкубатордо абдан чыйрак балапандар пайда болуп, алар жумурткадан чыгары менен эле уча баштайт.

Америкада даракчыл тооктор жашайт. Башка тооктордон айырмаланып, алар уясын даракка салат. Биздеги тооктун, же башкача айтканда тоок тукумундагы бакма канаттуулардын арасында канча түрү бар? Алар — күрптөр, цесаркалар жана башка бакма канаттуулардын түрлөрү. Бакма тооктордон даамдуу жана жергиликтүү продуктулар — эт жана жумуртка алынат, алардан ар түрдүү тамак жасоого болот. Андан башка алардын тал канаты менен мамык жүнү да пайдаланылат.

Кадимки мекиян тоок жылына 200-220, ал эми эң мыкты породасы 300дөй жумуртка тууйт. Канаттуулардын жумуртка менен этин көбөйтүү максатында өлкөбүздө бир нече канаттуулар фабрикасы курулган.

Тооккана

Негизги макала: Тоокканаларды салууну долбоорлоо

Тоокканалар тоокторду табияттын түрдүү таасирлеринен коргойт, мисалы, жаан-чачындар, жырткыч жаныбарлар, температура ж. б. Тооккананын ичи кенен (1м2 — 2-3 тоок), жылуу жана жарык (жылуулук жана жарыктык берүүчү лампалар) болушу шарт. Ыңгайлуулук үчүн тооктордун кыгына оңой тазалоого мүмкүн болгондой курулат.

Сөзсүз түрдө ачып/жаап коюуучу абаны алмаштыруучу (вентиялация) жана табигый жарык кирүүчү (терезече) көзөнөктөр болушу керек. Мындан тышкары жырткыч жаныбарлар жана канаттуулардан коргоо үчүн ар тарабы тор менен тосулат. Торчонун көзөнөгү келемиш өтпөгөндөй өлчөмдө.

Сейилдөөчү аймагы (эгер камалып багылса) дагы тор менен тосулуп, бирок тооктордун топуракка мүмкүндүгү болушу зарыл. Түрдүү авторматтык азыктандыргычтар жана сугаргычтар колдонуу түрдүү ылаңдардан коргойт.

Тоокананы тез-тез кыктардан тазалап, түрдүү дезинфекциялык иштерди жүргүзүп туруу шарт (Мал сарайларды жана тоокканаларды дезинфекциялоо).

Ылаңдар

Тооктор, башка үй канаттуулары сыяктуу эле түрдүү ылаңдарга кабылып келет. Мындай оорулар бактериялар, вирустар, грибоктор, мителер (мителердин канаттууларга тийгизген таасири) козгойт, жана көбүнчө булар канатууларды кармоонун начар шарттарынан чыгат.

Ылаңдарды алдын алуу үчүн өз убагында вакцинациялоодон өтүп (эгер жеткиликтүү болс), тоокканалардагы тазалыкты сактоо, туура жана таза азыктандыруу, тооккананын ичин тез-тез абасын алмаштырып туруу зарыл. Ооруга шектенүү жаралса, башка тооктордон бөлүп, ветеринарга кайрылуу зарыл. Үй канаттууларын элдик ыкма менен дарылоо дагы бар, бирок, булар эпизоотия абалынын курчуп кетишин алып келиши мүмкүн.

Көп кездешкен ылаңдар: аскаридиоз, пастереллез (холера), Ньюкасла (жалган чума, жалган кыргын, азия кыргыны же Филарет), тоок чумасы, ринит жана синусит, пуллороз, орнитоз (хламидиоз), куш тумоосу, куштардын чечеги, кнемидокотоз, канаттуулардын сальмонеллезу (паратиф), кокцидиоз, жөжөлөрдүн колибактериозу ж. б.

Эгер жөжөлөр жай чоңоюп жатса, бул алардын алмаштырылгыч май кислоталарынын жетишсиздигинен пайда болгон өзгөрүүлөрү болушу мүмкүн.

Багуу

Негизги макала: Канаттууларды багып өстүрүү

Тооктор ар кандай максаттарда багылат (эт, жумуртка, жүн), жана бул максаттарына жараша багуу ыкмалары колдонулат. Жалпысынан багууда тоокторду жакшы жана таза шарттарда кармап, түрдүү витаминдерди (канаттуулар авитаминозу) өз убагында берип туруу шарт. Эркин коё берилген тооктордун ылаңдарга чалдыгуу мүмкүндүгү жогору, бирок начар шартта камалып багылганга караганда булар тың болушат. Ошол себептен, коё берилген тооктор көп оорубагандай сезилиши мүмкүн.

Инкубациядагы жумурткалардын чыгышынын көйгөйлөрүн кантип аныктоо дагы тоокторду багууда жакшы натыйжа берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 848, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-30, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу