Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ири мүйүздүү мал

Баш барак | Жаныбарлар | Ири мүйүздүү мал

Ири мүйүздүү малBos жана Bubalus түрүнө таандык болгон Букалар (Bovinae) түркүмчөсүнөн чыккан айыл-чарба жаныбарлары.

Негизги макала: Уй

Кошумча макала: Мал

Бул топтогу жаныбарларды колго үйрөтүү Азияда болжолдуу 8 миң жыл мурун болгон, Европада болсо — 5—6 миң жыл мурун. Букалар буйволдорго салыштырмалуу эртерээк колго үйрөтүлгөн. Ири мүйүздүү малдардын арасынан өзгөчөлөнгөн орунду ээлеген Зебу Египет жана Азияда болжолдуу биздин заманга чейин II—III миң жылдыкта колго үйрөтүлгөн.

Багытталышы

Ири мүйүздүү малдын негизги багыты эт жана сүт болуп саналат, кошумчасы — тери, кээде жүн, май, жумур ууз ферменттери, ичеги кыл, желатин, эт-сөөк уну ж. б. алуу багыты кездешет. Ошондой эле, жумушчу мал катары колдонулат мисалы: жүктөрдү сүйрөө, жүк артуу жана жылкы сыяктуу минүү. 2010-жылдын башына карата дүйнөдө 1,3—1,5 млрд айланасындагы ири мүйүздүү мал башы бар деп эсептелинген.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-11-13, Көрүүлөр: 149, Өзгөртүлгөн: 2024-11-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо