Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Технология

Баш барак | Технология | Технология

Технология (байыркы грек тилинен τέχνη «искусство, чеберчилик, жөндөмдүүлүк» + λόγος «сөз; ой, маани, түшүнүк») — көздөгөн натыйжага жетүү ыкмаларынын жана каражаттарынын (аспаптарынын) жыйындысы; кеңири мааниде — практикалык маселелерди чечүү үчүн илимий билимди колдонуу. Технология өзүнө иштин (жумуштун) ыкмаларын, анын режимин, иш-аракеттердин ырааттуулугун камтыйт.

Мазмуну

Технология салыштырмалуу жаңы, көп кырдуу термин саналат, так аныктамасы бул түшүнүктүн маанисинин токтоосуз өнүгүүсүнөн улам, дайыма өзүнө болгон мааниде, ошондой эле, буга окшошгон кеңири түшүнүктөргө (маданият, коом, саясат, дин, табият) карата өзгөрүп (колдон чыгып) кетүүдө (2022). XX кылымдын башында «технология» термини аспаптар жана машиналарга кошумча каражаттар, процесстер жана идеялар жыйындысын камтыган. XX кылымдын орто ченинде бул түшүнүк «адам өзүнүн жашоо чөйрөсүн өзгөртүп, аны башкарган каражаттар же ишмердүүлүк» деген сыяктуу фразалар менен аныкталган.

Технология түшүнүгүнүн кээ бир аныктамалары

И. Т. Фроловдун редакциясындагы Философиялык сөздүккө ылайык, «технология татаал өнүгүп жаткан артефактар системасын, өндүрүштүк операцияларды жана процесстерди, ресурстук булактарды, маалыматтын социалдык кесепеттеринин системачаларын, башкарууну, каржылоо жана башка технологиялар менен аракеттенүүнү билдирет».

«Collins» чоң түшүндүрмө социологиялык сөздүгү бул түшүнүктү төмөнкүчө айтып берген: «Технология — билимдин тажрыйбалык колдонулушу жана өндүрүштүк ишмердүүлүктө ыкмаларды пайдалануу».

1940-жылкы Ушаковдун түшүндүрмө сөздүгү боюнча технология — «тигил же бул чийки затты фабрикатка, даяр буюмга айлантуудагы илимдердин, маалыматтардын жыйындысы; мындай иштетүүнүн процесстеринин жыйындысы».

Ожеговдун сөздүгүндө технологияны кийинкидей аныкташкан: «өндүрүштүн белгилүү бир тармагындагы өндүрүштүк ыкмалардын жана процесстердин жыйындысы, ошондой эле, өндүрүү ыкмаларынын илимий баяндалышы».

Аныктамалардан көрүнүп тургандай, технология тар мааниде көзөмөлдөнүүчү натыйжа менен конкреттүү маселени чечүү ыкмасын билдирет. Ар бир буюм уникалдуу болуп, ал эми натыйжасы адам факторунан катуу көз каранды болгон эптеп-септеп (кустардык) жасалган өндүрүшкө караганда, технологиялык өнөр-жайлык өндүрүш иш-аракеттердин жана колдонулуучу ыкмалардын кайталанмалуулугун жоромолдойт.

Тарыхы

1772-жылы «технология» терминин илимий колдонууга Иоганн Бекман киргизген. Ал аны Гёттингенск университетинде окуган илимий дисциплинаны атаган.

1822-жылы Императордук илимдер академиясынын академиги В. М. Севергин технологиянын 10 бөлүмүн белгилеген:

Жогорку технологиялар

Биздин замандын эң жаңы жана прогрессивдүү технологияларын жогорку технологияларга таандык кылып келишет (англисче high technology, high-tech). Жогорку технологияларды жана ага ылайык техникаларды колдонууга өтүү заманбап баскычта илимий-техникалык революциянын маанилүү тогоосу (звеносу). Жогорку технологияларга негизинен өнөр-жайдын эң илимий-сыйымдуу тармактары таандык: микроэлектроника, эсептөө техникасы, робототехника, атомдук энергетика, учак куруу, космостук техника, микробиологиялык өнөр жай.

Өндүрүштүк технологиялар

Технологиялар белгилүү бир өндүрүш тармагына байланыштуу же конкреттүү материалдар жана аларды алуу, иштетүү ыкмаларынына байланыштуу классификацияланышы мүмкүн. Тармактык технологияларга, мисалы, тоо иштеринин технологиясы, машина куруу, курулуш технологиялары таандык, ал эми материалдарга металлдар технологиясы, булалуу заттар, кездемелер технологиясы байланыштуу.

Химиялык технологиялардын негизинде химиялык реакцияларда жүргөн процесстер жатат, мунун натыйжасында өзгөртүлүүчү материалдардын курамы, түзүмү жана касиети өзгөрөт.

Металлдар технологиясы

Металлдар технологиясы металлдардын химиялык курамын, химиялык жана физикалык касиетин өзгөртүү, анын ичинде металлургиясы болуп, металлды чийки заттан алууну камтып, ошондой эле, иштетилүүчү дайындама жана тетиктердин формасын, түзүмүн жана физикалык касиеттерин өзгөртүүлөр кирет, анын ичинде, куюуу өндүрүшү, ширетүү жана кандоо, механикалык иштетүү (металлды мехникалык кесүү, кайроо, курчутуу, тешүү, жешүү ж. б.), металлды электр физикалык жана электр химиялык иштетүү ыкмалары, металлга коргоочу каптамдарды түшүрүү ж. б.

Металлургия — металлды жана башка материалдарды кенден алуу процесстерин камтыган илим жана техниканын тармагы, ошондой эле, металл куймаларынын химиялык курамын, түзүмүн жана касиетин өзгөртүү менен байланышкан процесстер. Алгачкы тар мааниде — кендерден металлдарды алуу искуствосу. Өзүнө, чийки затты даярдоо (байытуу ж. б.) жана чийки заттардан металлды алууну, алардан куймаларды өндүрүү, термикалык иштетүүнү, химия-термикалык иштетүү, металлдарды термомеханикалык иштетүү, металлдарды басым менен иштетүү, анын ичинде сомдоо, меерлөө, айлантуу (прокатка), чоюуу ж. б. камтыйт.

Химиялык технология

Химиялык технология — «чийки затты жана ортодогу өндүрүмдөрдү массалык химиялык жактан иштетүү каражаттары, ыкмалары жана процесстери жөнүндөгү илим».

Химиялык технологиянын пайда болушу XVII кылымдын аягына таандык, ал кезде өзүнчө химиялык өндүрүштөрдүн баяндалышы, алардын негизги жабдуулары, материалдык жана энергетикалык тең салмактуулуктары менен алек болушкан. XX кылымдын 30-жылдарында химиялык өнөр жай өнүгүүнүн ушунчалык деңгээлине жетип, жалпы химиялык-технологиялык процесстердин мыйзам ченемдүүлүктөрүн, аларды иштетүү жана тажрыйбалык түрдө оптималдуу варианттарын ишке ашыруу зарылдыктары жаралган. Химиялык технология түрдүү химиялык, физико-химиялык жана механикалык процестерди бирдиктүү комплекстүү процесске бириктирет жана ишке ашырат, алар:

Машина куруу технологиялары

Машина куруу технологиясы өзүнө түрдүү машиналарды жана аспаптарды (приборлорду) конструкциялоо жана өндүрүүнү камтыган технологиялык процесстерди изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенет. Буга техникалык эсептөөлөр, материалдарды жана аны иштетүү ыкмаларын тандоо, сапатты көзөмөлдөө, тетиктерди даярдоо жана аларды туташтыруу ыкмалары, машина куруучу заводдорду проектилөө жана алардагы өндүрүштү уюштуруу кирет.

Курулуш технологиясы

Курулуш — өндүрүмү эксплуатацияга даяр имараттар жана курулмалар болгон материалдык өндүрүш тармагы, ошентип, булар имараттарды куруу жана оңдоп-түзөө, ошондой эле, аларды бузуу жана жылдыруу иштерин жасашат.

Курулушта технологиялык процесстер эки негизги топко бөлүнөт — аянттан тышкаркы жана аянт ичиндеги технологиялык процесстер. Курулуш процесси — бул түздөн-түз курулуш аянтында ишке ашырылуучу өндүрүштүк процесс. Курулуш аянты — кошумча аянты бар курулуш объектиси жайгашкан жер. Курулуш процессинин жүрүшүндө анын катышуучулары эмгек куралдарынын (аспаптар, механизмдер жана шаймандар) жардамы аркылуу акырындык менен эмгек предметтерин (материалдар, буюмдар жана конструкциялар) курулуш өндүрүмүнө (курулуш объектисине) айландырат.

Процесс көптөгөн бөлүктөрдөн турат, алардын эң жөнөкөйлөрү уюштуруу бөлүнгүс жана технологиялык бир тектүү жумуш операциясы. Жалпы курулуш процесси өзүнчө жумуштардын түрлөрүнөн турат, алар ошол жумуш түрү менен жасалуучу конструктивдик элементтер боюнча (чатыр, изоляциялык иштер ж. б.) же жумуш жасалуучу материалдар (топурак, таш же бетон иштери ж. б.) боюнча аталган. Курулуш учурундагы бардык жумуштардын коплекси нөлдүк, жер үстүндө, жасалгалоо же атайын циклге таандык. Нөлдүк циклге төмөнкү кабаттын төшөлмөсүнөн төмөн деңгээлдеги аткарылуучу негизги жумуштар кирет, жер үстүндөгүгө — өйдөңкү жумуштар, жасалгалоо циклине негизинен тышкы көрүнүшүнө гана таасир этүүчү жумуштар таандык, атайын цикл — ички тармактарды жайгаштыруу жана шаймандарды орнотуу иштерине байланыштуу.

Электр менен байланыштуу технологиялар

Электр заряддарынын болгондугу, аракеттениши жана кыймылы менен шартталган көрүнүштөрдүн жыйындысы.

Электроника технологиялары

Электрондордун электр магниттик талаалар менен аракеттенүүсү жана негизинен маалыматты алуу, берүү, иштетүү жана сактоо үчүн электр магниттик энергияны өзгөртүү максатында электрондук аспаптарды жана түзүлүштөрдү жасоо ыкмалары жөнүндөгү илим.

Нанотехнология

Тажрыйбалык изилдөө ыкмалары, анализ жана синтез, ошондой эле, өзүнчө атомдор жана молекулаларды көзөмөлдөнүүчү башкаруу жолу менен берилген атомдук түзүм аркылуу өндүрүү ыкмалары жана өндүрүмдөрдү колдонуп, теориялык негиздемелердин жыйындысы менен иш алып барган фундаменталдык жана прикладдык илим жана техниканын дисциплина аралык тармагы.

Биотехнология

Тирүү организмдерди, алардын системаларын же жашоо-тиричилигинин өндүрүмдөрүн технологиялык тапшырмаларын чечүү үчүн пайдалануу мүмкүндүктөрүн, ошондой эле, гендик инженерия ыкмасы менен керектүү касиеттере ээ болгон тирүү организмдерди түзүү мүмкүндүктөрүн изилдеген дисциплина. Биотехнология генетикада, молекулярдык биологияда, биохимияда, эмбриология жана клеткалык биологияда негизделген, ошондой эле, прикладдык дисциплина болгон химиялык жана маалыматтык технологияларда жана робототехникада дагы.

Космостук технологиялар

Космостук технологиялар (техникалар) объектилерди же тирүү жандыктарды космоско учуруу, Жерге түшүрүү же түздөн-түз космосто иштөө менен байланышкан. Бардык космос аппараттары, анын ичинде жандоочтор, космотук телескоптор, планета аралык автоматтык станциялар, орбиталдык станциялар, ошондой эле, аларда жайгашкан жабдуулар космостук техника деп аталат. Түздөн-түз космосто иштебеген, бирок космоско байланышы бар алып жүрүүчү ракеталар, шаттлдар, түшүрүлүүчү аппараттар жана башка техникалар дагы космостук технологияларга кирет.

Аскердик технологиялар

Аскер иш-аракеттерин жүргүзүү жана камсыздоо, жоокерлерди (күчтөрдү) машыктыруу жана техниканы, курал-жарактарды багыты менен колдонуу үчүн аларды керектүү деңгээлде кармап турууну камсыз кылууга арналган технологиялар.

Транспорттук технологиялар

Транспорттук каражаттардын жыйындысында адамды жана материалдык жыргалчылыктардын бир орундан экинчи орунга жылдыруу боюнча тажрыйбалык маселелерди, ага ылайык ыкмалардын жана илимий билимдин максатка ылайыктуулугун, коопсуздугун, иш-аракеттин ыкмасын, режимин жана ырааттуулугун изилдөөчү жана аны чечүүчү транспорттук процесс жөнүндөгү илим.

Маалыматтык технологиялар

Маалыматтык технологиялар (МТ, ошондой эле, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар) — маалыматты чогултуу, топтоо, иштетүү, сактоо, берүү жана жайылтууну камсыз кылган ыкмалар, программдык-техникалык жана технологиялык каражаттардын жыйындысы; маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү, берүү жана колдонуу функцияларын аткаруудагы эсептөөчү техниканы пайдалануунун ыгы, ыкмалары жана усулдары (ГОСТ 34.003-90); маалыматты чогултуу, иштетүү, сактоо жана жайылтуудагы зарыл болгон ресурстар (ISO/IEC 38500:2008).

XX кылымдын аягында жана XXI кылымдын башында маалыматтык технологиялар адам ишмердүүлүгүнүн түрдүү тармактарында кеңири колдонууну тапкан, анын ичинде:

Маалыматтык технологиялар өзүнө техникалык, программалык каражаттарды, уюштуруучулук-методикалык камсыздоону жана стандартташтырууну камтыйт.

Техникалык каражаттар

Компьютердик техника менен коммуникациялык техниканын каражаттарын айырмалашат.

Компьютердик техниканын каражаттары маалыматтарды киргизүү, иштетүү, чыгаруу жана сактоо үчүн кызмат кылат. Маалыматты киргизүү үчүн клавиатура, санарип камералар, үндү жана видеону киргизүүчү түзүлүштөр, компьютердик чычкандар, сенсордук экрандарды колдонот. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын ыңгайлаштырылган түзүлүштөр бар.

Процессорлор маалыматтарды иштетип, натыйжаларды колдонууга жарактуу формага айландырат. Алар тексттик, сүрөт, аудио жана видео маалыматтар болушу мүмкүн. Маалыматты чыгаруу үчүн көбүнчө дисплейлер, принтерлер, динамиктер жана кулакка салма динамиктер, факс машиналар, ар кандай көп функциялуу түзүлүштөр пайдаланылат.

Маалыматты сактоо үчүн магниттик дисктер, ленталар, флеш эс тутумдар ж. б. колдонулат.

Байланыш (коммуникация) техникасы маалыматты аралыкка берүүнү ишке ашырат. Коммуникациялык каражаттар өз алдынча же компьютердик техника каражаттарынын комплексинде иштөөгө багытталышы мүмкүн.

Социалдык технологиялар

Социалдык технологиялар, социалдык пландоо жана социалдык долбоорлоо процессинде иштелип чыгып жана колдонулган, тажрыйбалык билим системасын жана адамдардын социалдык алып жүрүүсүн башкаруу боюнча маселелерди чечүү ыкмаларын билдирет. Социалдык технологиялар социалдык түзүмдөрдү түзүү жана өзгөртүү менен алектенет. Социалдык технологиялар коомдук системалардын иштөө тажрыйбасын колдонуп, кээ бир социалдык илимдердин теориялык иштеп чыгууларын негиз кылат, мисалы, социология, социалдык уюштуруу жана башкаруу, психология ж. б. Баяндоочу жана түшүндүрүүчү, анализдөөчү жана жоромолдоочу билимди колдонуп, социалдык технология социалдык маселелерди чечүү үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугун иштеп чыгып, аларды тажрыйбада ишке ашырат. Социалдык технологиялар жеке социалдык маселер менен иш алып барып, глобалдык коомдук кайра түзүүлөр менен иш алып барбайт. «Социалдык технология» түшүнүгү тар мааниде колдонулуп, кийинки тармактарга таандык болушу мүмкүн:

Кеңири мааниде социалдык технология бул атайын технологиялардын жыйындысын билдирет.

Телекоммуникациялык технологиялар

Байланыштын түрү, электромагниттик белгилердин (сигналдардын) жардамы менен маалыматты берүү ыкмасы, мисалы, зым, була-оптикалык зым же радио аркылуу.

Жайгаштыруу: 2022-03-08, Көрүүлөр: 4378, Өзгөртүлгөн: 2022-03-08, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо