Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пияз

Баш барак | Жомок уламыштар | Пияз

Бар экен, жок экен, илгери-илгери бир учурда Нияз деген адам болгон экен. Нияз, Нияз болуп, Нияз атка конуп, эс тарткандан бери эл менен болот. Жакшыны көрүп, жаманды байкайт. Калк каадасына жарасам деп, ак эткенден так этет. Жакынындын ким экенин билгиң келсе, колуна бийлик берип сынап көр демекчи, Нияздын колуна бийлик тийгенде, ким болорун жана ал кандайча кылып эл башкарарын эч ким билбейт. Ошол айылда бир кемпир небереси менен эптеп эл катары күн кечирчү экен.

Кемпирдин багына небереси тың чыгып, тай энесинин оорун колдон, жеңилин жерден алып, кол арага жарап калат. Буга таянеси жетине албай ыраазы болуп, күнүнө он маал өмүрүн тилейт. Уулу ансайын аракет кылып, кемпирди сүйүнтөт. Баланын мындай тирикарактыгы элге да жагып, тез эле эл оозуна алынат. Күндөрдүн бир күнүндө калк чогулуп, жаңыдан кан шайлайлы деп ойлойт. Калк ичинде кан болууну каалагандар көп болот. Шылуундар шыпырылып жүгүрөт, элди экчеп, калкты чайкашат. Калк кагылышып, ары сур, бери сур болуп жүрүп, акыйкаттык таят.

Ортодон оңдой берди болуп, ойчулдар элди экчебейли деп, ооматты Ниязга оодарышат. Ошентип, Нияз кандыкка шайланат. Эмдиги учур аны ак кийизге салып, ак боз бээ эмес адам союп, канын ак кийизге чачыратып, кан көтөрүү калат. Шылуундар шыпырылат. Калайык калктан: - Канга мен курман болом - деген эр жүрөк адам табылбайт. Ошондо айтар - коёру жок, баягы ач-жылаңач кемпирдин небересине барышат. Ары дешет, бери дешет, акыры кемпирдин көз жашын көл кылып, баланы чогулган элдин алдына алып келет. Калк кадырмандары кеп-сөз кылышат. Ары ойлонушат, бери ойлонушат, адаттан айрылып, салттан чыга алышпайт.

Акыр аягында шылуундар алып келген кемпирдин небересин Ниязга курмандык кылууга токтолушат. Кемпир боздойт: Жалгызым, өлгөндөн калган белегим, каралдым - деп какшайт. Какшаган менен кемпирдин созун эч ким укпайт. Куран окулуп, салабат айтылат. Шылуундар баланы Нияз олтурган ак кийиздин четине алып келип жыгат. Ниязга курмандык чалынып, бей күнөө баланын башы кесилет. Наристенин кызыл нуру заматта өчүп, кызыл кан ак кийизге сапырылып, Ниязды кан кылат.

Кан кийиз бетин гүлдөйт. Гул астында сыр бүтөт. Сыр астында калайык калкка муң бүтөт. Муну эл билбейт же аны Нияз түшүнбөйт. Калайык калк кыжырданат.

Адам союп, кан көтөргөн кадимки салтка наалат кылат. Ак кийиз көтөрүлөт, баланын башы алынып, денеси жерде калат. Кошоматчылар баланын денесин тебелеп өтүп, Ниязга куттук болсун айтышат. Күндөр өтөт. Ниязга мүнөз пайда болот.

Баягы эл багам деген Нияздан кыял качат. Ачуусу артат, мерездиги күчөйт. Аз өтөт, көп өтөт, өзүн-өзү Теңирдин тегимин деп сезет. Айтса сөз укпайт, калайык калкка каалаганын жасайт. Бир нерсе десе канмын деп бакырып, шыбанкорлордун шыбыры менен шыктанат.

Чындык чыңырат, жалган семирип нык болот, Нияз семирип бук болот. Калайык-калк тунжурайт. Нияздан элди кутултууга бир жан чыкпайт. Аз өтөт, көп өтөт, көпкөн Нияз аң уулоого чыгат. Шылуундар ой кийигин тоого, тоо кийигин ойго айдашат, өздөрү атпай кан атсын кылышат, Нияздын көөнүн жайлашат.

Нияз ит агытып, куш салат, жаа тартып, жебе ызгытат. Аткан огу абага толот, бейкүнөө кайберендерди кырып жоет. Кайберендин каары Теңирге жетет. Теңир Ниязды ок кайыды кылып, өзүнүн огунан өзүн өлтүрөт. Нияз өлгөн жерге коюлат. Мазары дөң болот. Нияздын мазарынын үстүнө Теңирдин буйругу менен белгисиз бир чөп өсүп чыгат. Белгисиз чөп бул чөлкөмдөгү чөптөргө окшобойт, же гүлдөбөйт.

Акыры чөптүн учуна гүл бүтөт, түбүнө түп байлайт. Күз келет, эл белгисиз чөптүн эмне болуп бүтөрүн күтөт. Эл молдо чакырышат. Ниязга куран окутушуп, жанагы белгисиз чөптүн сабагынан кармап, мазардан жулушат. Уругун алышат, түбүн кармап көрүп, катуулугун сезишип, тоголоктугун байкашат, кесип көрүшөт. Ачуулугун билишет, көздөрүнөн жаш агат. Бул Нияз экен деп коркушат. Уругун үйлөрүнө алып барбай, тоо-ташка чачып качышат. Нияздан кутулууга шашышат.

Белгисиз чөптүн уругу уланат, бул чөп Нияз, Нияз болуп жүрүп, кийин ал пияз атыгат. Теңирдин буйругу турмушка ашат. Тирүүсүндө каардуу, залим жүргөн Нияз өлгөндөн кийин оболку мүдөөсү аткарылып, кеч болсо да керегим элге тийсин деп Теңирден тилегендиктен пияз болуп калган экен.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2577, Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу