Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жер семирткич

Баш барак | Органикалык химия | Жер семирткич

Жер семирткич - топурак күрдүүлүгүн жогорулатып, өсүмдүктөрдүн азыктанышын жакшыртуу үчүн колдонулуучу органикалык жана минералдык заттар.

Жер семирткичти пайдалануунун негизинде топуракта өсүмдүккө керектүү азык зат топтолуп, өсүмдүктүн түшүмү арбыйт жана сапаты жогорулайт. Жер семирткичти колдонуунун деңгээли — өсүмдүк өстүрүүчүлүктү ургаалдаштыруунун башкы көрсөткүчтөрүнүн бири.

Жер семирткичтин натыйжалуулугу анын касиетине, өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнө, топурактагы азык заттарды керектешине жана алардын сиңимдүүлүгүнө жараша болот. Өсүмдүктүн азыктануу режимине түздөн түз таасирин тийгизген (азот, фосфор, калий, микроэлементтер) жана топурактын күрдүүлүгүн арттырып, азык заттардын өсүмдүккө сиңимдүү түргө тез айланышына көмөкчү болуп, кыйыр таасир тийгизген (гипс, аки таш) жер семирткичке бөлүнөт. Курамына жараша — органикалык, минералдык, органика-минералдык жана бактериялык болуп бөлүнөт; даярдалышына жараша — жергиликтүү, өнөр жайлык жана өнөр жай калдыктарына бөлүнөт.

Органикалык жер семирткич (кык, чыла, компост, чым көң, куш кыгы, көк чөп, булганыч суулардын тунмасы, булгаары жана тамак-аш өнөр жай калдыктары) Кыргызстанда кеңири колдонулуп, талааларга тонналап чачылат.

Минералдык жер семирткич катуу (күкүм жана бүртүкчө түрүндө) жана суюк жер семирткичке бөлүнөт. Катуу минералдык жер семирткичке азоттуу (азот жер семирткичи) (аммиак селитрасы, аммоний сульфаты, мочевина, натрий селитрасы жана башка), фосфорлуу (жөнөкөй жана кош суперфосфат, преципитат, сөөк уну, фосфорит уну жана башка), комплекстүү (калий селитрасы, аммофос, аммофосфат жана башка) жана микро-жер семирткичтер (бор жер семирткич, молибден, жез жана башка) кирет.

1985-жылы Кыргызстанда 280,5 миң тонна минералдык жер семирткич даярдалган (100% азык затка эсептегенде). Суюк жер семирткич (аммиак суусу, суюк аммиак жана башка), курамында органикалык жана минералдык заттары бар жер семирткич же гумин жер семирткичтери да чыгарылууда. Бактерия жер семирткичи кеңири керектелүүдө, жер семирткичтер күкүм, бүртүк, эритинди түрүндө топурак, өсүмдүк, үрөнгө чачылат. Жер семирткичтерди колдонуу системасы же чарбада жер семирткичтерди колдонуунун көп жылдык планы, агрохимиялык анализ жана көп жылдык тажрыйбанын негизинде түзүлөт.

Аныктоо

Жер семирткичти аныктоо — анын түрүн жана курамын, касиетин көрсөткөн жөнөкөй реакциялар менен аныктоону айтабыз. Жер семирткичтин этикеткасы же башка документи жоголуп кетип, анын сырткы көрүнүшү боюнча аныктоо мүмкүн болбогон учурда жер семирткич аныктоо жүргүзүлөт. Аныктоодо дистирленген суу, хлордуу барийдин 2-5% эритмеси, азот кычкыл күмүштүн 1-2% эритмеси, жегичтин (КОН же 1аОН) 8-10% эритмеси, туз же уксус кычкылынын 1% эритмеси, ошондой эле пробиркалар, штатив жана башка реактивдер менен идиштер пайдаланылат.

Колдонуу системасы

Жер семирткич колдонуу системасы — жер семирткич түрүн, айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонуу өлчөмүн, мезгилин, ыкмасын эске алуу менен жер семирткичтерди илимий негизде пайдалануу пландаштырылган чарбалык-уюштуруу, агрохимиялык, агротехникалык иш-чаралар комплекси. Ал өсүмдүктөрдүн биологиялык өзгөчөлүгүн, пландаштырылган түшүмдүн өлчөмүн, топурак жана аба ырайынын шартын, жер семирткичтердин түрүн жана талаанын өзгөчөлүктөрүн, которуштуруп айдоо мезгилиндеги азык заттардын балансын, жер семирткичтин түшүмдүн сапатына тийгизген таасирин жана топурак күрдүүлүгүн жогорулатуусун эске алуу менен түзүлөт.

Жер семирткич колдонуу системасынын бирден-бир шарты — анын экономикалык натыйжалуулугу. Милдеттери: айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардан мыкты сапаттагы өндүрүм алуу; ар башка талаанын топурагынын күрдүүлүгүн жогорулатуу, аларды акырындык менен бири-бирине теңөө. Чарбалардын адистешүүсүнө жараша жер семирткич колдонуу системасынын үч түрү болушу мүмкүн: кык-минералдык, кык жана жөн гана минералдык. Которуштуруп айдоодогу жер семирткич колдонуу системасы жалпы дыйканчылык системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.

Пайдалануу

Жер семирткич — эгилме өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу каражаты. Жер семирткичти туура пайдалануу — айыл чарба өндүрүшүн ургаалдаштыруунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Биздин өлкөнүн топурак-климат шартына жараша жер семирткич пайдалануунун натыйжалуулугу ар түрдүү. Минерал жер семирткич чымдуу күл топуракта, токой боз топурагында жана шакарсыз кара топуракта көбүрөөк натыйжа берет. Кара топуракта фосфор, жеңил топуракта калий жер семирткичтеринин таасири күчөйт.

Кадимки, коңур жана түштүк кара топуракта ным жетишсиздигинен жер семирткич пайдалануунун натыйжалуулугу төмөндөйт. Мындай топуракта калий жер семирткичине караганда фосфор жер семирткичи жакшы натыйжа берет. Жер семирткич пайдалануунун натыйжалуулугуна айдоо аянтынын түзүмү да таасирин тийгизет. Дан эгиндери көп эгилген жерге фосфор жер семирткичин, картошка, кант кызылчасы көп эгилген аянтка калий жер семирткичтерин көп чачуу керек. Минералдык жер семирткичти кык жана башка органикалык жер семирткич менен туура айкалыштырып пайдалануу зарыл.

Кычкыл топуракта жер семирткичти натыйжалуу пайдалануунун негизги шарты — аны акилөө.

Жер семирткич пайдалануунун талаптары:

Жайгаштыруу: 2023-11-19, Көрүүлөр: 391, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-26, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу