Металл буюмдары айлана-тегерегибизде абдан көп. Темир мык, жез табак, алюминий мискей, күмүш кашык - булардын баары металл. Заводдогу станок, электр зымы, темир жол рельси да металл. Азыркы кездеги учактын ар кыл тетиктери отуздан ашык ар кандай металлдардан жасалат. Металлдардын төмөндөгүдөй жалпы касиеттери бар: алар адатта катуу зат болот, жылтыр өңү бар, электр тогун өткөрөт. Бирок бул айтылгандарга туура келбеген металлдар да кездешет. Мисалы, суюк металлдар. Алардын бирин силер билесиңер: бул сымап (аны көрүү үчүн сөзсүз градусникти сындыруунун зарылдыгы жок). Суюк металлдардын дагы бири - галлий. Ал жер бетинде өтө сейрек учурайт. Коргошун зымды оңой эле эритүүгө болот.
Ал эми вольфрам, тантал сыяктуу металлдарды эритүү үчүн бир нече миң градуска жеткен абдан ысык температура зарыл. Металлдардын женили да, оору да болот. Литийдин кичине сыныгы сууга чөкпөй калкыйт, анткени жеңил. Ал эми коргошун оор металл болуп саналат. Кээ бир металлдар химиялык реакцияга оной кирет. Мисалы, натрий менен калий сууга кошулганда өтө катуу реакция жүрөт. Этият болбосо жарылуу болушу да мүмкүн. Ал эми алтын менен платина өтө туруктуу келип, химиялык аракеттешүүгө кирбейт.
Ошондуктан алардан химиялык тажрыйбаларды жасоо үчүн идиштерди жасашат. Жер кыртышында 70тей металл жолугат. Алардын эң кеңири таралганы - алюминий менен темир (өтө көп миллиарддаган тонна өлчөмдө). Ал эми бардык кору (запасы) граммдап ченелүүчү металлдар да бар. Мисалы, астат менен франций. Биздин күндөрдө металлдардын дээрлик баары таза же ар кыл кошулма түрүндө колдонулат.
Эң негизги эмгекчил металл - темир. Ага көмүртек жана ар кандай металлдар кошумчаланып болот алынат. Жез жана алюминий зымдары аркылуу электр тогу берилет. Реактивдүү учактардын канаттарын жеңил кылуу үчүн алюминийден жасалат. Космоско учууга алюминий жарабайт, анткени ал бир кыйла эригич келет.
Мында анын ордуна титан колдонулат. Электр лампаларынын жарык берүүчү оролмо зымдары вольфрамдан же анын кошулмаларынан жасалат. Германий деген металл транзистордук кабылдагычтардын тетиктерин жасоодо чоң мааниге ээ. Дүйнөдө атомдук электр станциялар жыл өткөн сайын улам көп курулууда. Аларга атом энергиясын уран элементи берет. Ал да металл.