Алюминий


1855-жылы Париждеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө күмүштөй ак металлдын 12 келкиси көпчүлүктүк көңүлүн өзүнө бурду. Ал жумшак, оңой эриген, күмүшкө окшош, бирок андан кыйла жеңил болучу. Барынан таң калтырганы - ал металлдын кадимки эле кыш куюлуучу ылай топурактын курамында бар экендиги болду. Ал тургай гранит менен базальтта да ушул металл ылай күмүшү деп аталчу. Табиятта таралуу жагынан ал кычкылтек менен кремнийден гана кийин турат. Бул - азыр баарыбызга белгилүү алюминий эле. Ошол кезде ал ушунчалык кымбат болгондуктан (алтындан саал эле арзан турган), зергердик буюмдарды жасоо үчүн гана колдонулган. Аны боксит кенинен тазартып бөлүп алуу үчүн өтө көп электр энергиясы керектелиши зарыл эле. Ал кезде электр станциялары жок болучу. Ошондуктан алюминий бекеринен 20-кылымдын металлы деп аталбайт. Ансыз азыркы кездеги техниканын өтө маанилүү жетишкендиктерин ишке ашыруу мүмкүн болмок эмес.

Алюминий жана анын куймалары самолёттун канаты, суу астындагы кеме, жердин жасалма спутниктерин жасоодо колдонулат. Ар бир радио кабылдагычтын же телекөрсөткүчтүн тетикчелеринин көбү алюминийден жасалат. Алюминийден электр өткөргүч зым, идиш-аяк, конфета ороочу күмүш кагаз - фольга жана дагы көптөгөн башка керектүү нерселер жасалат.

2016-05-22 792 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22