Айнекти жылмалап, андан көз айнек жасоочу даниялык устаттар чоңойтуп көрсөтүүчү түтүктү ойлоп табышкандан кийин телескоптор пайда болгон. Бул окуя 17-кылымдын башында болгон эле. Укмуштуу түтүк жөнүндөгү кабар Италиянын Падуя шаарына да жеткен. Мында ошол учурда эле белгилүү университет бар болчу. Университетте атактуу илимпоз-физик, математик жана астроном Галилео Галилей иштеген. Ал астрономдорго мындай түтүк өтө керектигин дароо түшүнгөн. Акыры ал аны жасаган. Бул 1609-жылы болгон.
Түзүлүш анча деле татаал эмес. Диаметри чоң, эки бети томпок жука айнек (линза) - объектив - металлдан же жыгачтан жасалган түтүктүн байкалуучу буюмду кароого багытталган четки учуна орнотулат. Кичинекей калың линза - окуляр - түтүктүн шыкаалай турган тешигине бекитилет. Линзалар бири-бирине шайкеш келип, аспап бардык эле көзгө туура келиш үчүн түтүк жылдырылмалуу кылып жасалган. Байкоочу адам окуяларды объективден алыстатып же жакындатып, эки айнектин аралыгын буюм чоң жана даана көрүнгөндөй жылдырып коё алат. Галилейдин биринчи телескобу үч эсеге гана чоңойткон.
Ошентсе да окумуштуунун көзү ачылгандай болду! Ал ошол кезге чейин бир да адам көрө албаган ушунчалык жаркырак, көптөгөн жаңы жылдыздарды көрөт. Акыры Галилей 32 эсе чоңойтуп көрсөтө турган телескоп жасайт. Окумуштуу анын жардамы менен ай, күн жана планеталардагы укмуштай ачылыштарды жасайт. Көп өлкөлөрдүн Кеплер, Ньютон, Ломоносов, Кулибин сыяктуу даңктуу окумуштууларды андан кийин да телескопту өркүндөтүү үчүн көп иштерди жасашкан. Көп узабай линзалуу телескоптун - рефлектордун атаандашы жана шериги - объективдин линзасынын ордуна чуңкур күзгү орнотулган телескоп - телескоп-рефлектор пайда болот.
Аны англиялык окумуштуу Ньютон ойлоп тапкан. Телескоптордун өлчөмү чоңойду. Адамдын көзү ааламдын чексиз мейкиндигин улам тереңдете көрүүгө мүмкүндүк алды. Акыры оптикалык телескопторду андан ары чоңойтуу мүмкүн эмес экендиги айкын болду - линза менен күзгүнүн салмагын, формасын өзгөртүп, түркүктөргө бекитилип байланган өтө узун түтүктөр башкарууга оңтойсуз болуп калды. Азыркы учурда дүйнөдөгү эң чоң телескоп-рефлектор Америкада: анын түтүгүнүн узундугу 21 м жана объективинин диаметри 102 м. Ал 330 миң эсе чоңойтуп көрсөтөт. Эң чоң телескоп-рефлектордун күзгүсүнүн туурасы 6 м. Бул Кавказ тоолоруна 2100 м бийиктикке орнотулган мурдагы советтик телескоп. Өткөн кылымдын ортосунан жылдыздар менен планеталарды сүрөткө тартуу, алардын түсүн, жарыктыгын, жылышуусун жана химиялык составын аныктоо үчүн телескопторду түрдүү кошумча приборлор менен жабдый башташкан. Окумуштуулар алыстагы жылдыздардын температурасын, чоңдугун жана массасын эсептеп, алардын жерден алыстыгын аныктоону үйрөнүшкөн. Бул иштердин бардыгы астрономиялык обсерваторияларда жүргүзүлөт.
Мунаранын кумпасы тегеренип турат. Эгер кумпага орнотулган телескопту силер байкоо жүргүзүүгө тандап алган жылдызга багыттап бекитип, андагы байкоо системасынын саат механизмин иштетсе, телескоп жылдыз жылган жакка ээрчип тегеренип, өзү эле ага байкоо жүргүзүп турат. Ал эми анын приборлору жылдызда болгон өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө фотоплёнкага түшүрөт. Астрономиялык обсерваториялардын аймагына зор торчо антенна кура башташты. Бул - радиотелескоптор.
Алар күнү-түнү космос мейкиндигинен бизге келип жетүүчү ар түрдүү электр магниттик толкундарга байкоо жүргүзөт. Алардын жардамы менен окумуштуулар айрым жылдыздардын гана эмес, бүтүндөй жылдыздар дүйнөсүнүн түзүлүшүн жана өнүгүшүн изилдейт.