Реакция


Реакция (латынча re… «каршы» + actio «иш-аракет») — кайсы бир таасир этүүгө жооп катары пайда болуучу иш-аракет.

Мазмуну

Химия жана физикада

  • Химиялык реакция — химиялык курамы жана (же) түзүмү боюнча айырмаланган бир затты экинчи затка айландыруу. Ядролук (өзөктүк) реакциядан айырмаланып, реакциялоочу системада атомдордун жалпы санын жана химиялык элементтердин изоптоптук курамын өзгөртпөйт.
  • Ядролук реакция — атом ядролордун (өзөктөрүн) элементардык бөлүкчөлөр, гамма-кванттар жана бири-бири менен болгон аракеттенүүсүндөгү айлануусу.
    • Термоядролук реакция
  • Чынжыр реакция — химиялык же ядролук реакция, мында активдүү бөлүкчөнүн пайда болушу алгачкы заттын арты-артынан күчөгөн көп сандаган (чынжыр) айланууларын чакырат.
    • Чынжыр реакциясы (химия)
    • Чынжыр ядролук реакция
  • Нурлануу реакциясы — радиациялык сүрүлүү сыяктуу эле же ошону бир түрү.
  • Теориялык механикадагы байланыштар реакциясы — механикалык системанын чекиттеринде жаткан механикалык байланыштар ошол чекитке телолор, ишке ашыруучу байланыштар менен таасир этүүчү күчтөр. Жалпы физиканын чегинде мааниси жагынан жакын болгон «таяныч реакциясы» термини колдонулат.

Биология жана медицинада

  • Биологиядагы реакция — организмдин тышкы же ички дүүлүктүргүчтөргө болгон жообу:
    • иммунологиялык реакция
    • физиологиялык реакция
    • психологиялык реакция
  • Медицинадагы реакция — өзүн-өзү сезүүсүнүн чукул өзгөрүүсү, карама-каршы абалга өтүүсү (мисалы, эмоционалдык чыңалуудан кийинки күч-кубаттын азайышы).
  • Нурлук реакция — радиоактивдүү нурлануунун таасири алдында организмдин абалынын өзгөрүүсү.

Психологияда

  • Эмоционалдуулук, кайсы бир кубулушка эе окуяга эмоционалдуу жооп кайтаруу
  • Реактивдүүлүк (өзүн-өзү алып жүрүүдө), кайсы бир кубулушка же окуяга тез реакция жасоо
  • Проактивдүүлүк, реактивдүү өзүн-өзү алып жүрүүнүн карама-каршысы
  • Байланышкандыктын реактивдүү бузулуусу

Электротехникада

  • Чегерменин (якордун) реакциясы — электр машинасынын чегермесине, анын башкы уюлдарына электр тогунан жаралган магниттик талаанын таасири.

Коомдук илимдерде

  • Саясый реакция — тартипти сактоо үчүн кыймыл, революциялык күчтөрдү басаңдатуу.

Жөнөкөй мисалдар

  • Футболдо мына азыр гол кирет деп отурганда, галкипер топту тосуп калат, мында галкипердин тез реакциясы топтун дарбазага киришинен сактап калды.
  • Бензиндин жанынан ширеңке чагуу анын от алып кетишине 100% кепилдик берет. Мында чынжыр реакциясы жүрөт. Бул өтө кооптуу.
  • Кайсы бир адамга жинине тийген сөз айтканда ал адам эмоционалдык түрдө реакцияга кабылып, кыйкырып, чабып же жинденип кетиши мүмкүн. Бул психологиялык, медициналык же биологиялык реакция.
  • Сууга кант салсаңыз андагы кант сууга эрип, суу таттуу болуп калат. Бул химиялык реакция.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-03-28, Көрүүлөр: 230, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-22