Комуртек деген эмне


"Комуртек деген эмне" - көмүртек деген сөз жашыл жалбырак, темир, пластик, кристалл жана башкалар жөнүндөгү аңгемелерде көп эле кездешет. Көмүртек - көмүр жаратуучу - өтө таң калыштуу химиялык элементтердин бири. Анын тарыхы - жерде тиричиликтин пайда болушу, өнүгүш тарыхы, анткени ал бардык жандуу нерселердин курамына кирет. Көмүр өзү кандай зат? Бир нече тажрыйба жасайлы. Кантты абасы жок идишке салып ысытабыз. Ал адегенде эрип, күрөң түскө өтөт, андан соң карайып көмүргө айланат.

Суусу бөлүнүп чыгат. Эгерде бул көмүрдү кычкылтек катыштырып ысытса, анын эч нерсеси калбай күйүп, көмүр кычкыл газына айланат. Демек, кант көмүр менен суудан турат экен. Ал эми кант көмүрү - жумшак кара порошок - таза көмүртектин дал өзү. Анткени көмүр кычкыл газы көмүртек менен кычкылтек бириккенде пайда болот. Жумшак боз таш - графитти алалы. Силер аны жакшы билсеңер керек, андан карандаштын өзөгү жасалат. "Комуртек деген эмне" суроосу абдан жакшы берилген суроо.

Графитти кычкылтек катыштырып ысытканда ал көмүргө караганда жайыраак болсо да эч нерсеси калбай күйөт. Графит күйгөн идиште көмүр кычкыл газы калат. Демек, графит да таза көмүртек. Ошол эле идиште бардык минералдын эң катуусу, бекеми, жалтылдак, тунук асыл таш - алмазды ысытса, ал да күйүп, көмүр кычкыл газга айланат. Эгерде алмазды кычкылтек катыштырбай ысытсак, графитке айланат. Ал эми графитти жогорку басым астында өтө жогорку температурада ысытуу менен алмаз алууга болот. Демек, алмаз менен графит да бир элемент - көмүртектен турат. Ал эми курамында көмүртек бар заттардын өтө ар түрдүүлүгүнө таң калбай коё албайсың!

"Комуртек деген эмне" - негизин көмүртек түзгөн кошулмалардын азыр үч миллионго жакын түрү белгилүү! Мындай көп түрдүүлүктүн себеби бул: көмүртектин атомдору өз ара бири-бири менен жана башка атомдор менен бекем чиркелишип, чынжыр, шакек жана башка түрдөгү татаал молекулаларды түзө алгандыгы. Көмүртектин атомдорунан молекулалардын чексиз түрүн түзүүгө болот, ошондуктан анын мүмкүн болгон кошулмаларынын түрү да чексиз. Мындай кошулма жарыктанма газ - метан сыяктуу жөнөкөй зат түрүндө да болушу мүмкүн. Анын молекуласында суутектин төрт атому көмүртектин бир атому менен байланышкан. Ал эми айрым кошулмалар ушунчалык татаал дейсиң, алардын молекулаларынын түзүлүшү ушул күнгө чейин толук аныктала элек. Мисалы, жердеги тиричиликтин негизги болгон белоктор - мына ушундай татаал заттар.

Көмүртек оксиди жөнүндө билгиңиз келсе бул "жерге өтүңүз"

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6375, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27

Диёрахон
Менин ой_пикрим жакшы бул окуу мага жагат, ошол окууда окууну уйронуну каалайм