«Кыргыз тилим өнүксүн» сынагына катышыңыз! (2-сынак)

Марс


Марс планетасын байыркы римдиктер өздөрүнүн согуш кудайынын урматына ушундайча аташкан. Марс күндү айланып, андан күнгө чейинки аралык жерден күнгө чейинки аралыкка караганда бир жарым эсе чоң. Ал жердеги 687 сутка убакытта күндү айланып чыгат. Марстын диаметри жердикине караганда дээрлик эки эсе кичине. Анын өз огунда айлануу ылдамдыгы жердикине жакын, марстагы сутка жер суткасынан 37 минутага гана узак. Марстын Фобос жана Деймос деген эки жандоочусу бар. Марс - жерге чолпондон кийинки эң жакын планета. Ал окумуштуулардын көңүлүн дайыма буруп келген.

Анткени, андагы шарт жердикине бардыгынан жакын, окшош. Советтик жана америкалык планета аралык станциялар Марсты жакындан изилдеп, ал тургай ага барып конгон. Окумуштуулар Марс планетасын негизинен көмүр кычкыл газдан турган өтө сейрек атмосфера курчап тургандыгын билишти. Мында адамдын дем ала албасы айкын иш. Марс атмосферасында кээде ак булуттарды байкашат, алар кыязы муз кристаллдарынан турса керек. Бул планетада катуу шамал согуп, сары чаңды атмосферага көтөрөт, ошондуктан Марстын үстүнкү бетинен бир нерсени дааналап көрүү өтө кыйын.

Марстын уюлдарынын тегерегинен ак уюл такыяларын көрүүгө болот. Алар негизинен кадимки эле суу музунан турат. Марста негизги суу запасы планетанын үстүңкү бетинде түбөлүк тоң түрүндө жана уюл такыяларында жайгашкан. Жыл мезгили алмашканда, Марстын уюл такыяларынын чоңдугу да өзгөрөт. Жай мезгили өкүм сүрүп турган жарым шарда уюл такыясы кичирейип, ал эми кыш болуп турган жарым шарда эң чоң өлчөмүнө жетет.

Марстын бети кээ бир жагынан Айдыкына окшош. Анда шакек сымал тоолор - кратерлер менен капчыгайлар да бар. Марстын экваторунда чак түштө температура кээде 20 градуска чейин жогорулайт. Бирок түнкүсүн бардык жерде өтө суук, көп учурда -80 градуска чейин жеткен аяз болот. Бул планетада кандайдыр бир тиричиликтин, мисалы микроорганизмдердин бар-жогун автоматтык станциялар изилдөөдө.

2016-05-22 426 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22