Биз тереңдиги бир нече жүз чакырым жеткен аба океанынын түбүндө жашап турабыз. Анын жээги жок, ал бүтүндөй жер шарын курчап турат. Анын түбү - бүт жер бети, анын өрөөндөрү тоо, чөл, көлдөр. Жердин аба кабатын түзгөн бул океанды илимпоздор атмосфера деп аташат. Ал эч качан тынч турбайт. Күн нуру жылыткан аба жеңил болуп калат да жер бетинен көтөрүлүп, анын ордуна муздагыраак аба толот. Жер бетиндеги абанын кыймылы шамал (жел) деп аталат. Атмосферада туруктуу аба агымдары да бар. Мисалы, пассат шамалы ар дайым бир багытта - экваторду бойлой согот. Адам үчүн атмосферанын төмөнкү катмары - тропосфера өтө маанилүү, анын бийиктиги жерден 8-17 км. Мында булут менен добул, жамгыр менен кар пайда болот.
Аба ырайына байкоо жүргүзүүчү метеоролог илимпоздор суткасына бир нече жолу абанын нымдуулугун, температурасын, шамалдын күчүн жана багытын аныктайт. Аба океанынын андан кийинки катмары стратосфера. Ал 50-55 км бийиктикке чейин жетет. Мында аба өтө сейрек, ал эми асман - кочкул кызгылт көк, дээрлик күңүрт. Стратосферада үндөн тез ылдамдыктагы самолёттор учат. Стратосферанын үстүнө мезосфера жайгашкан.
Анын бийиктиги 80 чакырымга чейин жетет. Атмосферанын бул катмарында кээде жалтылдаган жука булут пайда болот. Илимпоздор аны күмүш булуттар деп атап, ал чаң бөлүкчөлөрүнөн турат деп божомолдошот. Андан да жогору, 1000 чакырымга чейинки аралыкта термосфера же ионосфера катмары жатат. Мында аба аябай сейрек. Ал жерде газдардын заряддалган жеке бөлүкчөлөрү - иондор көп. Ушул бийиктикте уюл жаркыроосу пайда болот. Атмосферанын эң жогорку катмары - экзосфера.
Мында аба жокко эсе. Илимпоздор бул катмардын ысыктыгы 2000 градустай деп болжолдошот. Атмосферасыз жер бетинде тиричилик болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан абаны таза сактоо эң маанилүү. Ошондой болсо да атмосферага бүткүл дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өнөр жай калдыктары: завод менен электр станцияларынын морлорунан чыккан түтүн, автомобилден иштелип чыккан газдар таралып, абаны булгоодо. Биздин өлкөдө абаны таза сактоо үчүн тазалагыч курулмаларды орнотуу - ар бир ишкананын маанилүү милдети.