Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Галилео Галилей (1564-1642)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Галилео Галилей (1564-1642)

Чоңойткуч оптикалык түтүк - телескоп менен биринчи жолу асманды көргөн адам италиялык белгилүү илимпоз Галилео Галилей болгон. 1608-жылы Галилей Голландияда жакындатып көрсөтүүчү дүрбү ойлоп чыгарылганын угат. Ошондо ага ушундай дүрбү менен түнкү асманды кароо жөнүндө чечкиндүү ой келет. Ошентип, Галилей илимдин тарыхында биринчи болуп эки телескоп жасайт. Алар али өтө начар эле: кичирээги 3 эсеге гана, ал эми чоңу 32 эсе чоңойтуп көргөзгөн. Бирок ошол жонокой телескоптор менен да Галилей улуу ачылыштарды жасаган. 1609-жылы күзүндө ал телескопту биринчи жолу Айга карата багыттап, анын бетинин тегиз эместигин Ай тоолордон жана өрөөндөрдөн турарын ачык көргөн. Айды ал кезде жылмакай хрусталдай шар деп түшүнүшкөн. Галилей болсо анын жерге окшош дүйнө экенин далилдеди. Чолпон планетасы да айга окшоп өзүнүн формасын, башкача айтканда фазасын өзгөртүп турары телескоптон байкалган.

Бул болсо Николай Коперник далилдегендей, чолпон жерди эмес күндү айлангандыгы менен түшүндүрүлөт. Галилей күндүн өзүндөгү кара тактарды байкаган, алардын орун которуусунан улам окумуштуу күн да өз огунда айланаарын далилдеген. Демек байыркы философтор менен Галилейдин заманындагы динчилер айткандай күн таптаза, жеткилен тело эмес экен. Баарынан кызыктуусу - зор планета - Юпитердин көрүнүшү болду. Коперниктин окуусуна ылайык, жер жана планеталар күндү айлангандай эле Юпитерди да төрт жандоочу айланып жүрөт экен. Акырында, Саманчынын жолун телескоп менен караганда ал куралсыз көзгө көрүнбөгөн көп жылдыздардан турары көрүнгөн.

Галилейге жылдыздардын чексиз дүйнөсү ачылган. Ар бир жылдыз биздин күнгө окшош, бирок бизден алыс аралыкта жайгашкан. Жордано Брунону алыскы жылдыздарды айланып жүрүүчү көптөгөн планеталардын бардыгы жөнүндөгү болжолу чындыкка айланды. Галилейдин ачкандары Коперниктин окуусунун тажрыйба жүзүндөгү далили болду. Бул жаңылыктар Аристотель менен Птоломейдин ааламдын кыймылсыз борбору жер жөнүндөгү чиркөө кабыл алган окуусун жокко чыгарды.

Коперниктин окуусун динчилер динге жат деп табышкан, анын окуусун таратып, колдогон кишилерди аёосуз жазалоо каралган. Бирок Галилей Коперниктин окуусу туура экендигин далилдөөсүн уланта берген. 1633-жылы динчилер карыган окумуштууну соттоп коркутуп, өз окуусунан баш тарттырышкан. Бирок ал ооз үчүнан гана баш тарткан. Чынында Галилей Коперниктин окуусун акыр-аягына чейин жактаган. Улуу окумуштууну өмүр бою үйүнөн эч жакка чыкпоого аргасыз кылып, астрономия боюнча китеп чыгаруусуна тыюу салса да, механика тармагы боюнча улам жаңы ачуулары менен илимдин өнүгүшүнө көмөкчү болгон. Динчилердин куугунтуктоосуна карабастан Галилей илимий көз караш үчүн күрөшүүчүлөрдүн эң көрүнүктүүлөрүнөн болуп кала берген.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1832, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо