Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тиричилик

Баш барак | Биология | Тиричилик

Тиричилик же жашоо (латынча vita) — биологиянын негизги түшүнүгү — материянын тиричилигинин активдүү формасы жана анда сөзсүз түрдө «тирүүлүк касиеттердин» бардыгы камтылат; зат алмашуу жана бөлүнүүнү ишке ашырууга мүмкүндүк берген организмде өтүп жаткан физикалык жана химиялык процесстердин жыйындысы.

Мазмуну
Тиричилик
Тиричилик мүнөздөмөлөрү
Тиричилик мүнөздөмөлөрү
ИзилденетЖашоо жөнүндөгү илимдер жана биология
Түздөн-түз себебиТукум улоо
Карама-каршысыӨлүм

Тирүү клетка айлана-чөйрөгө ыңлашуусу менен тирүү организмдердин бүткүл ар түрдүүлүгүн калыптандырат. Тирүү материянын негизги атрибуту — репликация үчүн колдонулуучу генетикалык маалымат.

«Тиричилик» же «жашоо» түнүшүгүн тигил же бул деңгээлде тагыраак аныктоо үчүн аны жашоо эместен айырмалаган сапаттарды атап чыгуу менен гана болот. Бүгүнкү күндө жашоо түшүнүгүнө салыштырмалуу бирдиктүү ой-пикир жок, бирок, окумуштуулар жалпысынан тиричиликтин же жашоонун белгилерин кийинкидей мүнөздөшөт: уюштурулушу (жогорку денгээлде иреттелген түзүм), метаболизми (энергияны айлана чөйрөдөн алуу жана аны өзүнүн ирээттүүлүгүн сактоо жана күчөтүү үчүн колдонуу), өсүүсү (өнүгүү мүмкүнчүлүгү), адаптациясы (өз чөйрөсүнө адаптацияланган), дүүлүгүүгө реакциясы (айланы-чөйрөгө активдүү реакция жасоо), көбөйүү (бардык тирүү жандар көбөйүшөт), ар бир тирүү организмге зарыл болгон маалымат организмде ажыратылып, хромосомалар жана гендерде сакталат, жана ар бир индивидуумдан урук-тукумуна берилет. Ошондой эле, тиричилик организмдин абалынын мүнөздөмөсү болот деп айтууга мүмкүн.

Андан тышкары, «тиричилик» сөзү өзүнчө организмдин жашоо мезгилин түшүнүшөт, жаралышынан баштап, өлүмүнө чейин.

Аныктамалар

«Тиричилик» түшүнүгүнүн жүздөн ашуун аныктамалары бар, жана алардын көпчүлүгү бири-бирине карама-каршы келет. Жашоо же тиричилик кийинкидей сөздөр менен аныкталышы мүмкүн: «система», «зат», «татаалдык (маалыматтын)», «(өзүнөн-өзү) көбөйүү», «эволюция» ж. б. 123 аныктамасы менен макулдашылган минималдуу аныктама: Тиричилик бул өзгөрүүлөр менен өзүнөн-өзү көбөйүү (англисче Life is self-reproduction with variations).

Фридрих Энгельс төмөнкүдөй аныктама берген: «Тиричилик белоктуу телолордун жашоо ыкмасы, мунун олуттуу учуру анын айланасындагы тышкы табият (жаратылыш) менен дайыма зат алмашуусу, жана бул зат алмашуунун токтоосу менен тиричилик дагы токтойт, а бул белоктун бузулушуна алып келет».

Тиричиликти же жашоону тыштан алынган энергияны чыгым менен коротуп, молекулярдык түзүмдү активдүү сактоосу жана өзүн-өзү көбөйтүүсү деп аныктоого болот.

Россиялык окумуштуу М. В. Волькенштейн жашоо түшүнүгүнө жаңы аныктама берген: «жерде жашаган тирүү телолор, биополимерлер — белок жана нуклеин кислоталарынан куралган, ачык, өзүн-өзү тууралаган жана өзүнөн-өзү көбөйгөн системаларды билдирет».

Танатологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири М. Бишанын көз карашы боюнча, жашоо — бул өлүмгө каршылык көрсөткөн көрүнүштөрдүн жыйындысы.

Термодинамиканын экинчи башатынын көз карашы боюнча, тиричилик — бул өнүгүү вектору дүйнөдөгү башка «тирүү эмес» объектилерге карама-каршы келип, жеке энтропиясынын азаюуусуна багытталган процесс же система.

В. Н. Пармон кийинкидей аныктама берген: «тиричилик — бул химиялык мутацияга жана табигый тандоонун эсебинен жетишээрлик узак эволюцияны башынан өткөргөн, функциядагы автокатализаторлордун фазалык-өзгөчөлөнгөн жашоо формасы».

Озангер жана Моровицтердин ою боюнча: «тиричилик, акыр аягы, күндүн энергиясы менен татаалдыктын көбөйүү жолундагы биоэлементтердин суу чөйрөсүндө байланыштуу циркуляцияга алып келген материянын касиети».

Ошондой эле, тиричиликтин кибернетикалык аныктамалары бар. А. А. Ляпуновдун аныктамасы боюнча «тиричилик — бул реакцияны сактаган маалыматтарды чыгарууда колдогон өзүнчө молекулалардын абалдары менен коддолгон заттын жогорку туруктуу абалы».

Тиричиликтин 1929-жылы А. Ф. Самойлов тарабынан берилген жана улуу окумуштуу тарабынан аягына чейин изилденбеген физиологиялык аныктамасы бар: «тиричилик — бул рефлектордук ишмердүүлүктүн туюк тегерек же айлана». Бул тегеректи каалаган жеринен үзүү («кома» абалы) жашоо параметрлерин чукул чектөө же ал гана эмес жашоонун жоктугун түшүндүрөт. Бүгүнкү күндө бул түшүнүктү кеңейтип, берилген «туюк айлана» эмнелерден көз каранды экенинин себептерин көрсөтүүгө болот. Алар: тышкы чөйрө абалынан, индивидуумдун «эркиндик бийлигинен», «эркиндик бийлигине» бийлиги жок организмдин ички вегетативдик башаттарынан.

NASAнын 1994-жылы чыгарылган жана Ааламда жашоону издөө тапшырмаларында колдонуучу официалдуу аныктамасына ылайык, тиричилик — «дарвин эволюциясына мүмкүндүгү бар, өзүн-өзү колдоп-сактап турган химиялык система».

Жашоо — маалыматты химиялык жол менен сактоо жана берүүнүн технологиясы.

Ааламдагы жашоо

Ааламдагы жашоо — бул термин алдында тиричиликти издөөгө багытталган көйгөйлөр жана тапшырмалар комлексин түшүнүү абзель. Эң жалпы учурда тиричилик болушунча кеңири түшүндүрүлөт — материянын активдүү жашоо формасы, анын физикалык жана химиялык жашоо формалары менен салыштырмалуу кандайдыр бир жогору мааниде. Демек, тапшырманын жалпы коюлушунда, жашоо жердегидей болушу керек деген талап жок, жана жашоо башка формаларга ээ болоорун тастыктаган бир катар теориялар бар. Бирок, астробиологияда жашоону издөө стратегиясын түзүүдө колдонулуучу негизги ыкма эки баскычтан турат:

  1. Жердеги жашоонун пайда болушун изилдөө. Негизги абалдарды иштеп чыгуу. Негиз катары кийинкилер чыгат:
    • Планетанын геологиялык жашоосу жөнүндөгү маалыматтар, негизинен вулканизм, тектоника жана магнит талаасы жөнүндөгү маалыматтар.
    • Климаттын тарыхы жөнүндө маалыматтар жана аны көзөмөлдөөчү механизмдер тууралуу биздин түшүнүк.
    • Тиричиликтин түзүлүшү жөнүндө негизги түшүнүктөр, кадыресе, ДНК, клеткалар жана тирүү организмдердин жашоо жөндөмүнүн чектери тууралуу.
    • Тирүү организмдердин келип чыгышы жана алардын эволюциясы тууралуу маалыматтар.
  2. Астрологиялык байкоолор жана теориялар менен негизги абалдарды макулдаштыруу жана максаттуу издөө. Кийинкилерди камтыйт:
    • Жашоого жарактуу экзопланеталарды издөө
    • Жашоо жарала турган татаал молекулалык калыптанууларды кароону (байкоону) камтыган калыптануу теорияларын түзүү.
    • Күн Системасын изилдөө жана алынган маалыматтарды экстра күн системалары менен мамилелештирүү

Мындан тышкары, өзүнчө изилдөө чөйрөсүнө жерден тышкаркы цивилизацияларды издөөгө киргизсе болот. Айтылган чөйрөдө негизги үч маселе бар:

Бул жерде стратегиялык изилдөөнү түзүүдө негизги болбосо да, өтө маанилүү роль Дрейктин (англисче Frank Donald Drake) теңдемесине, кошумча Кардашёвдун цивилизация түрлөрүнө таандык.

Тирүү системалардын ирээттүүлүгү жана татаалдыгы

Химиялык компоненттердин көп түрдүүлүгү жана татаалдыгы, ошондой эле тирүү кубулуштарда өтүүчү динамика жаатында тиричилик материянын башка жашоо формаларынан сапаттуу түрдө артыкчылык кылат. Тирүү системалар мейкиндик жана убакытта жогорку түзүмдүк жана функционалдык ирээт деңгээли менен мүнөздөлөт.

Тирүү системалар айлана-чөйрө менен энергиясы, заты жана маалыматы менен алмашып, ушунусу менен булар ачык система катары саналат. Ошону менен бирге, тирүү эмес системалардан айырмаланып, аларда энергетикалык айырмачылыктарлдын теңделиши жана түзүмдөрдүн ыктымалдуу формалар жагына кайра түзүлүүсү жүрбөйт, башкача айтканда, үзгүлтүксүз «тең салмактуулукка каршы» иш жүрүп турат. Ушунун негизинде, тирүү системалар термодинамиканын экинчи мыйзамына баш ийбейт өңдүү жаңылыштуу ырастамалар негизделген. Бирок, тирүү системалардагы энтропиянын төмөндөшү айлана-чөйрөдөгү энтропиянын жогорулашы менен гана ишке ашат (негэнтропия), ошондуктан, энтропиянын жогорулоо процесси уланууда, а бул термодинамиканын экинчи мыйзамы менен толук макулдашылат.

Жашоонун пайда болушу

Ар мезгилдерде Жердеги жашоонун пайда болуусу жөнүндө кийинкидей гипотезалар айтылган:

Өзүнөн өзү пайда болуу жана стационардык абалдары жөнүндөгү гипотезалар тарыхый же философиялык кызыкчылыктарды түшүндүрөт, анткени, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары аларды төгүндөп келет.

Панспермия гипотезасы жашоонун жаралышы жөнүндөгү принципиалдуу маселелерди чечпейт, бул аны Ааламдын алыскы мезгилдерине алыстатат, бирок, Жердеги жашоонун башталышы жөнүндөгү гипотеза катары четке кагылбайт.

Ошентип, учурдагы илим тарабынан жалгыз жалпы кабыл алынган гипотеза — бул биохимиялык эволюция гипотезасы.

Организм

Организм — тирүү эмес материядан айырмаланган касиеттер жыйындысына ээ болгон тирүү дене. Организм — бул тиричиликтин негизги бирдиги, анын касиеттерин алып жүргөн реалдуу алып жүрүүчү, анткени, организмдин клеткаларында тиричилик процесстери жүрөт. Организм өзүнчө жандык катары түркүм жана популяция курамына кирип, популяциондук-түркүмдүк тиричилик деңгээлинин түзүмдүк бирдиги.

Организмдер — биологиядагы изилденүүчү предметтердин негизгилеринин бири. Карап чыгууну жеңилдетүү үчүн бардык организмдер ар түрдүү топтор жана бөлүмдөргө бөлүштүрүлөт, а бул алардын классификациясынын биологиялык системасын түзөт. Алардын эң жалпы бөлүнүшү — өзөктүү (ядро) жана өзөктүү эместер. Организмди түзүүчү клеткалардын саны боюнча бир клеткалуу жана көп клеткалуу систематикалык эмес бөлүмдөргө бөлөт. Алардын ортосундагы өзгөчө орунду бир клеткалуу колониялар ээлешет.

Бүтүн көп клеткалуу организмди калыптандыруу — түзүмдөрдү (клеткалардын, ткандардын, органдардын) жана функцияларды дифференциялоо, жана аларды онтогенез менен филогенезде интеграциялоодон турган процесс. Көптөгөн организмдер ички түркүмдүк жамаатарга уюшулган (мисалы, үй-бүлө же адамдардын эмгек коллективи).

Тирүү жандыктардын ар түрдүүлүгү

Тирүү жандыктардын дүйнөсү бир нече миллион түрлөрдү камтыйт. Бул ар түрдүүлүктү биологиялык систематика изилдейт, негизи тапшырмасы — органикалык дүйнө системасын түзүү. Жандуу табият учурда негизинен сегиз падышалыкка бөлүнгөн: вирустар, протисттер (эң жөнөкөй жаныбарлар), архейлер, хромисттер, бактериялар, козу карындар, өсүмдүктөр жана жаныбарлар.

Жандуу табият биосфераны түзгөн экосистемага уюшулушат.

Жандуу (тирүү) система

Жандуу система — айлана-чөйрө менен активдүү иш-аракетте болгон, тирүү жандыктарга таандык спецификалык белгилерге ээ болгон, өзү уюшуучу, өзү көбөйүүчү элементтерден турган биримдик.

Илимде, социалдык же экономикалык сыяктуу адамдардан турган система, аны тирүү организмдей кылган бир нече сапаттарга ээ кылат деген ой бар. Бул, өзүнүн клеткалары, зат алмашуусу жана нерв системасы бар тирүү жаралыш. Мында, түрдүү коомдук институттар органдардын ролун аткарып, организмди колдоо үчүн мунун ар бири жеке өзүнүн өзгөчө функциясын аткарат. Мисалы, армия тыштан келгендерден организмди коргоп, иммундук системага аналогиялуу иш жүргүзөт, ал эми өкмөт, чечимдерди кабыл алып, башкарып, мээ сыяктуу иштейт. Мындай ой же салыштыруу алгач антика мезгилинде грек философу Аристотель тарабынан айтылган.

Илим, өзүнүн өнүгүүсүндө организмге механизмдик көз караштан четтеп кеткен. Тирүү системаларды изилдөөдө, окумуштууларды процесстердин көп түрдүүлүгү кызыктырат, мындай көп түрдүүлүктүн жардамы менен система дайыма өзгөрүп туруучу тышкы чөйрөгө ыңгайлашат. «Татаалдык теориясы» чөйрөсүндөгү көптөгөн идея жана ыкмалардын биригиши, организмди өзү уюшулуучу адаптивдүү система катары таанууга алып келген. Мындай системалардагы процесстер борборлоштурулган эмес, аныкталган эмес жана дайыма өзгөрүп турат. Мындай системалардын өзүн татаал адаптивдүү (ийкемдүү) алып жүрүүсү өзүнчө автономдуу компоненттер менен аракеттенүүсүндө пайда болот. Башкаруусу өзүнчө блокко баш ийген моделдер реалдуу системалар үчүн чындыкка жетишээрлик туура келбейт деп таанылган.

Зат алмашуу

Зат алмашуу (метаболизм) — бул тирүү организмде жашоону сактоо (кармап калуу) үчүн пайда болгон химиялык реакциялардын топтому. Бул процесстер организмдин өсүүсүнө жана көбөйүүсүнө, түзүмүн сактоого жана айлана-чөйрөнүн таасирине жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Метаболизмди негизинен эки баскычка бөлүшөт: катаболизм жана анаболизм. Катаболизмдин өтүүсүндө негизинен энергиянын бөлүнүүсү менен татаал органикалык заттар жөнөкөйлөргө чейин бузулат. Ал эми анаболизм процесстеринде — жөнөкөй заттардан татаалыраак заттар синтезделет, жана бул энергиянын сарпталышы менен коштолот.

Көбөйүү

Бардык тирүү организмдерге жашоонун үзгүлтүксүздүгүн жана тукумдуулукту камсыз кылуучу өзү өңдүүлөрдү чыгаруу касиети таандык. Көбөйүүнүн түрдүү ыкмалары негизги эки түргө бөлүнөт: жыныстуу жана жыныссыз. Клеткалык түзүмгө ээ болгон организмдер үчүн көбөйүүнүн бардык формаларынын негизинде клетканын бөлүнүүсү жатат.

Жүрүм-турум

Жүрүм-турум — жаныбарлардын тышкы жана ички факторлордун таасири алдында өзүнүн аракеттерин өзгөртүү жөндөмү, жаныбар уюшкандыгынына мүнөздүү белги. Жүрүм-турум жаныбарларга айлана-чөйрөнүн негативдүү факторлорунан алыс болууга мүмкүндүк жаратып, ыңгайлашуу жаатында чоң мааниге ээ. Көп клеткалуу организмдерде жүрүм-турум нерв системасынын көзөмөлүндө.

Өсүмдүктөр жана бактериялар дагы тышкы чөйрөнүн таасири алдында (таксисдин) активдүү, ал гана эмес ирээттүү орун которуу мүмкүндүгүнө ээ. Мисал катары көгүш-жашыл балырлардын фото жана хемотаксис бактерияларын айтууга болот. Жогорку өсүмдүктөр дагы кыймыл-аракет мүмкүндүгүнөн арылган эмес. Буга белгилүү болгон өсүмдүктөрдүн никтинастиясын — күн-түн алмашканда гүлдөрүнүн ачылып-жабылышы. Жалбырактар фототропизмдери, жаныбарларга аңчылык кылууда өсүмдүктөрдүн жылуусу, тамырлардын гидро жана хемотропизмдерин кошсок болот.

Ошого карабастан, өсүмдүктөрдүн жылуу механизми таза физиологиялык мүнөзгө ээ болуп, жүрүм-турум же психика жөнүндө айтууга болбойт. Психологияда өсүмдүктөрдүн кыймылын психикага чейинки чагылышуу деңгээлине киргизишет.

Психикадан айырмаланган жүрүм-турум түздөн-түз байкоо жүргүзүүгө жеткиликтүү жана кеңири спектрдагы илимдердин предмети, психология, этология, зоопсихология жана салыштырмалуу психологиядан баштап, жүрүм-турумдук экологияга чейин.

Биология

Негизиги макала — Биология

Биология — тиричилик (тирүү табият) жөнүндөгү табигый илимдердин бири, изилдөө предметтери тирүү жандыктар жана алардын айлана чөйрө менен болгон аракеттери. Биология тиричиликтин бардык аспектилерин изилдейт, өзгөчө, Жердеги тирүү организмдердин түзүмүн, функцияланышын, өсүүсүн, келип чыгышын, эволюциясын жана бөлүштүрүлүшүн (жайылышын). Тирүү жандыктарды, алардын түрлөрүнүн келип чыгышын, өз ара жана айлана-чөйрө менен болгон аракеттенүүсүн класификациялайт жана баяндайт.

Өзгөчө илим катары биология, табият таануу илимдеринен XIX кылымда белгиленип чыккан, анда, окумуштуулар тирүү организмдер бардыгына мүнөздүү болгон кээ бир жалпы мүнөздөмөлөргө ээ экенин табышкан. «Биология» термини бир нече авторлор тарабынан киргизилген: 1800-жылы Фридрих Бурдах, 1802-жылы Готфрид Рейнхольд Тревиранус жана Жан Батист Ламарк жактан.

Заманбап биологиянын негизинде беш фундаменталдуу принцип жатат: клеткалык теория, эволюция, генетика, гомеостаз жана энергия. Учурда биология — дүйнөнүн орто жана жогорку окуу жайларында стандарттык предмет. Жыл сайын биология, медицина жана биомедицина боюнча болжолдуу миллиондой макала жана китептер жарыяланат.

Биологияда кийинкидей уюшуу деңгээлдерин белгилешет:

Биологиялык илимдердин көбүнчөсү тар адистиктеги дисциплина болуп саналат. Салттуу түрдө алар изилденүүчү организмдердин түрлөрү боюнча топторго бөлүнөт: ботаника өсүмдүктөрдү изилдейт, зоология — жаныбарларды, микробиология — бир клеткалуу микроорганизмдерди. Биологиянын ичиндеги чөйрөлөр же изилдөө масштабы, же колдонулуучу ыкмалар боюнча бөлүнөт: биохимия жашоонун химиялык негиздерин изилдейт, молекулярдык биология — биологиялык молекулалар ортосундагы татаал аракеттерди, клеткалык биология жана цитология — көп клеткалуу организмдердин курулуш блоктору клеткаларды, гистология жана анатомия — өзүнчө органдардын жана ткандардын, организм жана ткань түзүмдөрүн, физиология — органдар жана ткандардын физикалык жана химиялык функцияларын, этология — тирүү жандыктардын жүрүм-турумун, экология — түрдүү организмдердин жана алардын чөйрөсүнүн өз ара көз карандылыктарын.

Тукум куучулук маалыматты берүүнү генетика изилдейт. Онтогенездеги организмдин өнүгүүсүн, өнүгүү биологиясы тарабынан изилденет. Тирүү табияттын жаралышы жана тарыхый өнүгүүсүн — палебиология жана эволюциялык биология карайт.

Туташ илимдердин чектеринде кийинкидер пайда болот: биомедицина, биофизика (тирүү объекттерди физикалык жолдор менен изилдөө), биометрия ж. б. Адамдын тажрыйбалык муктаждыктарына байланыштуу космостук биология, социобиология, эмгек физиологиясы, бионика сыяктуу багыттар жаралат.

Жасалма жашоо

Жасалма жашоо — бул адам тарабынан жасалган моделдер жана түзүлүштөрдүн жардамы менен жашоону, тирүү системаларды жана алардын эволюциясын изилдөө. Илимдин бул тармагы табиятына карабастан бардык тирүү системаларга таандык процесстердин механизмин изилдейт. Термин көбүнчө жашоо процесстеринин компьютердик моделдөөсүнө колдонгонуна карабастан, ал ошондой эле, жасалма белоктор жана башка молекулаларды изилдөөгө туура келет, айтылуу пробиркадагы жашоо (англисче wet alife) түшүнүгү.

Тиричилик белгилери

Тиричилик же жашоо белгилери — бул аймактагы же башка планеталардагы организмдерде жашоонун бар же жогун аныктоочу мүнөздөмөлөр.

Жерден тышкаркы жашоо

Жерден тышкаркы жашоо (инопланеттик жашоо) — Жерден тышкаркы аймакта пайда болгон жана жашап жаткан жашоонун гипотезалык формасы. Космотук биологиянын жана ксенобиологиянын изилдөө предмети, ошондой эле, илимий фантастиканын ойлоп чыгарылган объектилеринин бири.

Марстагы жашоо

Учурда Марста жашоонун бар экенине илим жооп бере албайт, бирок, анын жакындыгы, Жер менен окшоштугу мүмкүн болгон жашоо формаларын издөөгө өбөлгө түзөт. Марста учурда же мурда тиричиликтин болуусу жөнүндөгү маселе ачык бойдон калууда.

Өлүмдөн кийинки жашоо

Өлүмдөн кийинки жашоо же аркы дүйнө жашоосу — адамдын өлүмдөн кийинки акыл-эстүү жашоо тууралуу элеси. Көпчүлүк учурда мындай элестетүүлөр жандын өлбөстүгүнө ишенүү менен шартталган, мындай ойлор түрдүү диний көз караштарга мүнөздүү.

Аркы дүйнөдөгү жашоо жөнүндөгү элестетүүлөр диний жана философиялык окууларда кездешет. Негизгилеринин арасында:

Өлбөстүк

Өлбөстүк — бул физикалык же жан-дүйнө формасындагы белгисиз узак убакытка чейин бүтпөгөн жашоо.

Физикалык формадагы өлбөстүк жөнүндө айтуу менен бир клеткалуу организмдердин шарттуу биологиялык өлбөстүгүн (онтогенездин акыркы баскычындагы жеке өлүмдүн жоктугу) жана татаал уюшулган көп клеткалуу тирүү жандыктардын, анын ичинде адамдын дагы гипотезалык биологиялык өлбөстүгүн айырмалашат.

Жан-дүйнөлүк өлбөстүк формасы — диний, философиялык, мистикалык жана эзотерикалык маанилерде — индивидуумдун түбөлүк тиричилигин («мен», жан, монада), индивидуалдык эркти (Артур Шопегауэрдин философиялык системасындагы палингенезия), жеке инсанды түзүүчү комлпексти (буддизм феноменологиясындагы скандхи), универсалдуу жан-дүйнөлүк субстратты (Карл Густав Юнганын аналитикалык психологиясындагы трансперсоналдык аң-сезимдик [орусча бессознательное], Пьер Тейяр де Шардендин диний-философиялык концепциясындагы ноосфера ж. б. ) болжошот.

Диний-философиялык ой-толгоолордун өзүнчө предмети — өлбөстүк (түбөлүк маңыз) Кудайдын атрибуту сыяктуу.

Мына ушулардын баардыгы тиричиликке же жашоого байланыштуу.

Жайгаштыруу: 2021-09-06, Көрүүлөр: 9494, Өзгөртүлгөн: 2021-09-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу