Жараткан "ааламды" жети кабат кылып жаратыптыр да дүйнөдө бар болууга тийиштүү бардык заттарды ошого жайгаштырыптыр. Бирок жети кабат ааламды от теңири өзү жеке ээлөөнү көздөп, улам алоолонуп жети кабат ааламды жалынга жалмата баштаптыр.
Аны көргөн аалам теңири: «Нээтиңден кайт!» - деп от теңирине буюруптур. Бирок от теңири ага болбой, ого бетер кербезденип, аалам теңирине «колуңдан келгенин кыл!» - деп суздайыптыр. Ошондо аалам теңири каарданып, 40 миң кулач мүйүздүү көк букага өзгөрүп, от теңирин чөлүй баштаптыр, ал чөлүгөн мүйүзү жерге да тийип чөлүнгөн издер тоо кыркалары өндүр, капчыгай, колот болуп жаралыптыр. От теңири "аалам" көк букасынын чөлүгөнүнө чыдай албай, көк теңиринен орун берүүгө жалыныптыр. Ошондон зор алоо өрт көккө көтөрүлүп чыгып, көктөн орун алыптыр да, ошондо токтоп калыптыр. Аны кийинкилер «Күн» деп аташып кетиптир.
От теңири көктө туруп деле жерди куйкалап жиберүү ниетинен кайтпай, алоолоно берген экен, аалам теңири суук теңирин көккө жиберип, жерди суутушка буюруптур. Ал суук теңири кийин «Ай» деп аталып кала бериптир. Аалам теңири жерди от теңиринен сактоо үчүн, мүйүзүнө көтөрүп алып, өзү аябагандай зор балыкка минип алып, «Кем-Кем» аттуу деңизде калкып жүрөт экен. Бул мифтик баянда, "аалам" анын ичиндеги Күн, Ай, Жер, жердеги тоолордун пайда болушу жөнүндө наристе элестетүү аркылуу ааламды баамдоого умтулганын көрөбүз.