Суутек


Англиялык окумуштуу Кавендиш бир жолу сыртынан караганда таң каларлыктай бир иш жасайт: ал самын көбүкчөлөрүн учура баштайт. Бирок бул анын жөн гана эриккенден көңүл ачуусу эмес эле. Мындай ишти жасардан мурун Кавендиш темир таарындысына күкүрт кислотасын жаба куйса, кандайдыр бир газдын көбүктөрү пайда болгонун байкайт. Бул кандай газ? Окумуштуу аны түтүкчөдөн өткөрөт. Газ көзгө көрүнбөйт. Жыты барбы? Жок. Ошондо Кавендиш ал газ менен самын көбүкчөлөрүн учурат.

Көбүкчөлөр өйдө карай көтөрүлөт. Демек, газ абадан женил. Эгер газды күйгүзсөчү? Ал көгүш жалын чыгарып күйөт. Бирок анын таң калыштуусу: газ күйгөндө суу пайда болгон! Кавендиш бул жаңы газды күйүүчү аба деп атайт. Себеби анын кадимки аба сыяктуу түсү да, жыты да жок эле. Бул 18-кылымдын экинчи жарымында болгон эле. Кийин француз химиги Лавуазье анын тескерисинче: суудан күйүүчү газ алат. Ал жаңы газга суутек деген ат коёт.

Кийин окумуштуулар суутек адамдарга белгилүү бардык заттардын ичинен эң женил экендигин, анын атомдору баарынан жөнөкөй түзүлгөндүгүн аныкташкан. Суутек эң көп таралган, ал бардык жерде: космос мейкиндигинде, тумандуулукта, жылдыздарда, күндө бар. Өтө зор басым жана ондогон миллион градуска жеткен температуранын таасиринен суутектин өзгөрүп кетүүсүнүн натыйжасында күн жылуулук жана жарык бөлүп чыгарат. Азыр окумуштуулар мындай кубулуштун сырын билүүгө аракеттенип жатышат, бул аракет ишке ашса, адамдарга канча энергия керек болсо, ошончо энергияны алууга мүмкүн болор эле. Анткени суутек жерде да өтө көп эмеспи. Ал бардык тирүү организмдерде, өсүмдүктөрдө, тоо тектеринде жана албетте, сууда да бар. Суутек менен көмүртек кошулуп ар түрдүү бирикмелерди: нефть, күйүүчү газ, кара асфальт, бензинди пайда кылат. Мындай бирикмелер углеводород деп аталат. Көмүртек менен суутектин бирикмесине кычкылтекти кошсок, жаңы бирикме - углеводдор, мисалы, крахмал жана кант сыяктуу бири бирине окшобогон заттар пайда болот. Эгерде суутекти азот менен кошсо да газ - аммиак келип чыгат. Аммиак жер семирткичтерди алуунун зарыл материалы.

2016-05-22 694 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22