Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Энергия

Баш барак | Энергетика | Энергия

Энергия (байыркы грекче ἐνέργεια – аракет, ишмердүүлүк, күч, кубат) — кыймылдын жана материянын аракеттенүүсүнүн түрдүү формаларынын жалпы чени, материя кыймылынын бир формадан экинчисине өтүү чени болгон скалярдык физикалык чоңдук.

Энергия
E, W
ӨлчөмдүүлүкL2MT-2
Өлчөө бирдиктери
СИ эл аралык бирдиктер системасындаДжоуль
СГС (сантиметр-грамм-секунда)эрг

Физикалык система туюк болсо, энергия бул системада убакыт аралыгында система туюк болгончо сактала алат, ушунусу менен энергия түшүнүгүн киргизүү ыңгайлуу. Бул ырастоо энергиянын сакталуу мыйзамы аталышында белгилүү.

Фундаменталдык көз карашта энергия, Нётердин теоремасына ылайык убакыттын бир тектүүлүгү менен байланышкан, башкача айтканда, убакыттан кыймыл мыйзамдарынын көз карандысыздыгын баяндаган үч кыймылдын аддитивдүүлүк интегралдарынын бири (импульс жана импульс учуру менен теңдеш).

«Энергия» сөзү Аристотель тарабынан «Физика» аттуу трактатында киргизилген, бирок ал, адам ишмердүүлүгүн түшүндүргөн.

Күн
Күн, Жердеги тиричиликтин көпчүлүгү үчүн энергиянын булагы. Ал өзүнүн энергиясын протондор гелийге бириккенде, массаны энергияга айландыруу менен негизинен өзөгүндөгү өзөктүк синтезден алат. Бул энергия Күндүн бетине чыгып, андан соң космоско тарайт, негизинен нур (жарык) энергия формасында.

Колдонулуучу белгилер

Негизинен, энергия Е символу менен белгиленет — латынча energīa (иш-аракет, ишмердүүлүк, кубат).

Жылуулуктун көлөмүн (жылуулук алмашуу менен берилген энергия чоңдуктары) белгилөө үчүн Q белгиси колдонулат — англисче quantity of heat (жылуулук саны).

Берилген энергиянын саны катары жумушту белгилөө үчүн A символу колдонулат — немецче arbeit (жумуш, эмгек) же W символу — англисче work (жумуш, эмгек).

Убакыт бирдигиндеги энергиянын өзгөрүү саны катары кубаттуулукту белгилөө үчүн W символу пайдаланылат.

Телонун ички энергиясын белгилөөдө U символу колдонулат.

Жылуулук энергиясы
Жылуулук энергиясы — бул материяны түзүүчүлөрдүн микроскопиялык энергиясы, өзүнө кинетикалык жана потенциалдык энергияны да камтышы мүмкүн. Сүрөттө жылуулук энергиясы жарык энергиясына өзгөрүүсү көрүнүп турат.

Терминдин тарыхы

«Энергия» термини гректин ἐνέργεια сөзүнөн келип чыккан, бул сөз биринчилерден болуп Аристотелдин эмгектеринде пайда болуп, иш-аракет же чындык (башкача айтканда иш-аракеттин чындыгында ишке ашырылышы, анын мүмкүндүгүнө карама-каршысы) дегенди билдирген. Бул сөз, өз кезегинде, гректин ἔργον («эргон» же кыргызча которулушу «жумуш») сөзүнөн чыккан. Протоиндоевропалык werg тамыры жумуш же ишмердүүлүктү билдирген (орто англисче work, немецче Werk) жана οργ/ουργ түрүндө гректердин оргия же теургиясында кездешет.

Лейбниц өзүнүн 1686 жана 1695-жылдардагы трактаттарында «тирүү күч-кубат» (vis viva) түшүнүгүн киргизген, аны ал объект массасынын жана анын ылдамдыгынын өндүрүмү деп атаган (заманбап терминологияда — эки эсенленген гана кинетикалык энергия). Мындан тышкары, Лейбниц жалпы «тирүү күч-кубаттын» сакталышына ишенген. Сүрүлүүдөн улам телонун ылдамдыгынын азаюуусун түшүндүрүү үчүн, ал «тирүү күчү-кубаттын» жоготулган бөлүгү атомдорго өтүп кетет деп жоромолдогон.

Маркиза Эмили дю Шатле «Физика окуу китеби» (французча Institutions de Physique, 1740) аталган китебинде Лейбниц идеясын Виллем Грейвсандын тажрыйбалык байкоолору менен бириктирген.

1807-жылы Томас Юнг биринчи болуп «тирүү күч» түшүнүгүнүн ордуна «энергия» терминин сөздүн азыркы маанисинде колдонгон. Гаспар-Гюстав Кориолис 1829-жылы жумуш менен кинетикалык энергиянын байланышы бар экенин ачкан. Уильям Томсон (келечектеги Лорд Келвин) биринчи жолу 1851-жылдан кеч эмес «кинетикалык энергия» терминин колдонгон, ал эми 1853-жылы Уильям Ранкин биринчи жолу «потенциалдык энергия» түшүнүгүн киргизген.

Томас Юнг
Томас Юнг (Янг) биринчилерден болуп «энергия» түшүнүгүн заманбап маанисинде колдонгон. Сүрөт булагы.

Энергия субстанциябы (теплород) же физикалык чоңдукбу деген талаш-тартыштар бир нече жылдар болгон.

Буу кыймылдаткычтарынын өнүгүшү инженерлерден өзүнүн системаларынын механикалык жана термикалык пайдалуу иш коэффициентин (ПИК, орусчасы КПД) баяндоого түшүнүктөрдү жана формулаларды иштеп чыгууну талап кылган. Физиктер (Сади Карно, Джеймс Джоуль, Эмиль Клапейрон жана Герман Гельмгольц), математиктер — жумуш аталган белгилүү бир иш-аракетти ишке ашыруу мүмкүндүгү кандайдыр бир деңгээлде энергия системасы менен байланышта болгон идеяны өнүктүрүшкөн. 1850-жылдары Глазголук табигый философиянын профессору Уильям Томсон жана инженер Уильям Ренкин «кинетикалык жана фактылык (actual) энергия» аталган түшүнүктөр менен эскерген механика тилин алмаштыруу ишин башташкан. Уильям Томсон энергия жөнүндөгү билимди термодинамика мыйзамдары менен бириктирген, а бул химиянын ыкчам өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн. Рудольф Клаузиус, Джозайя Гиббс жана Вальтер Нернст термодинамиканын мыйзамдарын колдонуп көптөгөн химиялык процесстерди түшүндүрө алган. Термодинамиканын өнүгүшү Клаузиус жана Джозеф Стефан тарабынан улантылган, Клаузиус энтропия түшүнүгүн математикалык жактан калыптандырып, киргизген, ал эми Стефан болсо — абсолюттук кара телонун нурлануу мыйзамын. 1853-жылы Уильям Ренкин «потенциалдык энергия» түшүнүгүн киргизген. 1881-жылы Уильям Томсон угуучуларына мындай деген:

Энергия сөзү заманбап маанисинде биринчилерден болуп ушул кылымдын башында доктор Томас Юнг тарабынан колдонулса дагы, энергияга тажрыйбалык аныктама берген теориядан кийин гана, азыр колдонууга кирүүдө, ... жөн гана математикалык динамика формуласынан бүткүл табиятты жана илим тармагындагы багыттоочу изилдөөчүгө сиңген негизге чейин өнүктү.

Кийинки отуз жылдын өтүшүндө бул жаңы илим бир нече аталышка ээ болгон, мисалы, «жылуулуктун динамикалык теориясы» (англисче dynamical theory of heat) жана «энергетика» (англисче energetics). 1920-жылдары «термодинамика» аталышы жалпы кабыл алынган болгон — энергияны кайра өзгөртүү жөнүндөгү илим.

Жылуулукту жана жумушту кайра өзгөртүү термодинамиканын биринчи эки мыйзамында көрсөтүлгөн. Энергия жөнүндөгү илим көптөгөн түрдүү тармактарга бөлүнүп кеткен, мисалы, биологиялык термодинамика жана термоэкономика (англисче thermoeconomics). Удаалаш, буга байланыштуу түшүнүктөр өнүккөн, мисалы, энтропия, пайдалуу энергияны жоготуу чен өлчөмү, кубаттуулук, убакыт бирдигиндеги энергиянын агымы ж. б. Акыркы эки кылымда (XX жана XIX) энергия сөзүнүн илимий эмес мааниде колдонуулушу адабиятта жайылып кеткен.

1918-жылы энергиянын сакталуу мыйзамы убакыттын трансляциялык симметриясынын, энергиянын байланыштуу чоңдугун математикалык кесепети экени аныкталган. Башкача айтканда, физиканын мыйзамдары убакыттын өтүшү менен өзгөрбөгөндүктөн энергия сакталат (Нётер теоремасы, мейкиндик изотропиясы).

1961-жылы белгилүү физика окутуучусу жана нобел сыйлыгынын лауреаты Ричард Фейнман энергия концепциясы жөнүндө мындай деп айткан:

Азыркыга чейин белгилүү болгон бардык табият көрүнүштөрүн башкарган факт, кааласанар, мыйзам бар. Бул мыйзамдан четке чыккан эч нерсе жок; биздин билишибизче, ал абсолюттук түрдө так. Анын аты — энергиянын сакталышы. Ал [энергиянын сакталышы], табияттагы өзгөрүүлөрдө дагы өзгөрбөй турган, энергия аталган белгилүү бир чоңдук бар экенин ырастап келет. Бул ырастоонун өзү өтө абстракттуу же конкреттүү эмес. Бул, негизинен кандайдыр бир сандык чоңдук бар экенин жана ал эч бир шарттарда өзгөрбөсүн ырастоочу математикалык негиз сыяктуу. Бул тап-такыр механизмдин же конкреттүү бир нерсенин баяндамасы эмес, жөн гана кандай сан деп, анан табият өзүнүн амалдарын көрсөтүүсүн, андан соң ал санды кайрадан эсептөөгө мүмкүн болгон жана эсептөөдө ал сан мурдагыдай болуп калаарын байкоого мүмкүндүк болгон кызыктай абал.

Энергиянын түрлөрү

Механика, потенциалдык (же жалпыраак учурда, телолордун өз ара бөлүктөрүнүн же тышкы таалалар менен болгон телолордун аракеттенүү энергиясы) жана кинетикалык энергияны (кыймыл энергиясы) айырмалайт. Булардын суммасы — толук механикалык энергия аталат.

Талаалардын бардык түрлөрү энергияга ээ. Бул белги боюнча кийинкидей айырмалашат: электромагниттик (кээде электрдик жана магниттик энергия болуп бөлүнөт), гравитациялык (тартылуу) жана атомдук (өзөктүк) энергиялар (ошондой эле, алсыз жана күчтүү аракеттенүү энергиясына бөлүнүшү мүмкүн).

Термодинамика ички энергияны жана башка термодинамикалык потенциалдарды карайт.

Химияда, байланыш энергиясы, энергиянын өлчөмдүүлүгүнө ээ болгон, заттын санына таандык химиялык туугандык сыяктуу чоңдуктар каралат.

Жарылуу энергиясы кээде тротил эквивалентинде өлчөнөт.

Кинетикалык

Кинетикалык энергия — чекиттеринин ылдамдыгынан көз каранды болгон механикалык системанын энергиясы. Көбүнчө илгерилеген (орусча поступательный) жана айлануучу кыймылдын кинетикалык энергиясын белгилешет. Эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ системасы) өлчөө бирдиги — джоуль. Орой айтканда, кинетикалык энергия бул системанын толук энергиясы менен анын тынч абалдагы энергиясынын ортосундагы айырмачылыгы; ошентип, кинетикалык энергия — кыймыл менен шартталган толук энергиянын бөлүгү.

Потенциалдык

Потенциалдык энергия Потенциалдык энергия U(r→) — скалярдык физикалык чоңдук, талаанын күчүнүн жумушу менен кинетикалык энергияны алууга (өзгөртүүгө) бара жаткан телонун энергиясынын потенциалдык күч талаасындагы кандайдыр бир телонун энергия корун мүнөздөйт. Башка аныктама: потенциалдык энергия — системадагы лагранжианындагы кошулуучу болуп, системанын элементтеринин аракеттерин баяндаган координаттар функциясы.

«Потенциалдык энергия» терминин XIX кылымда шотландиялык инженер жана физик Уильям Ренкин киргизген. Эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) өлчөө бирдиги — джоуль. Потенциалдуу энергия мейкиндиктеги кээ бир телолорду тууралоо (конфигурация) үчүн нөлгө барабар кабыл алынат, мындай тандоо андан кийинки эсептөөлөрдүн ыңгайлуулугу менен аныкталат. Конфигурацияны тандоо процесси, потенциалдуу энергияны нормировкалоо аталат.

Электромагниттик

Электромагниттик талаанын энергиясы — электромагниттик талаада камалган энергия. Буга, ошондой эле, таза электр жана таза магнит талааларынын жеке учурлары таандык.

Чагылган энергиясы
Кадимки чагылганда 500 мегаджоуль потенциалдуу электр энергиясы, ушундай эле сандагы башка формадагы энергияга өзгөрөт, негизинен, жарыктык, үндүк жана жылуулук энергиясына.

Гравитациялык

Гравитациялык энергия — телолор (бөлүкчөлөр) системасынын өз ара тартылуусу менен шартталган потенциалдык энергия. Гравитациялык-байланышкан система — бул гравитациялык энергиянын бардык энергия түрлөрүнүн суммасынан чоң болгон система (тынч абалдагы энергиядан тышкары). Жалпы кабыл алынган көрсөткүчкө ылайык акыркы аралыкта турган каалаган телолор системасы үчүн гравитациялык энергия терс, ал эми, чексиз алыстыктар үчүн, башкача айтканда, гравитациялык жактан аракеттенбеген телолор үчүн гравитациялык энергия нөлгө барабар. Гравитациялык жана кинетикалык энергиянын суммасына барабар болгон системанын толук энергиясы туруктуу, обочолонгон система үчүн гравитациялык энергия байланыш энергиясы болот. Оң (терстин антоними деген мааниде) толук энергия системалары стационардуу боло албайт.

Өзөктүк

Өзөктүк (же ядролук) энергия (башкача атомдук энергия) — бул, атом өзөктөрүндө камтылган энергия, ал өзөктүк реакцияларды бөлүп чыгат.

Байланыш энергиясы — өзөктү өзүнчө нуклондорго бөлүү үчүн талап кылынган энергия. Бир нуклонго туура келген байланыш энергиясы ар түрдүү химиялык элементтер үчүн бирдей эмес, ал гана эмес, бир химиялык элементтин изоптору үчүн дагы.

Ички

Телонун (дененин) ички энергиясы (E же U деп белгиленет) — молекулалык аракеттердин жана молекулалардын жылуулук кыймылдарынын энергияларынын суммасы. Телонун ички энергиясын түздөн-түз өлчөөгө болбойт. Ички энергия система абалынын бир маанилүү функциясы болуп саналат. Система мындай абалда болгон учурда анын ички энергиясы системанын мурдагы тарыхына карабастан ошол абалга тиешелүү мааниге ээ болот дегенди билдирет. Демек, бир абалдан экинчисине өтүүдөгү ички энергиянын өзгөрүүсү, ишке ашырылган өтүүдөн көз карандысыз дайыма анын башындагы жана аягындагы маанисинин ортосундагы айырмага барабар болот.

Химиялык потенциал

μ химиялык потенциалы (дарамети) — системанын термодинамикалык көрсөткүчтөрүнүн бири, тагыраак айтканда, жумуш жасалбастан энергиянын бир бөлүкчөсүнүн системага кошулуусу.

Жарылуу энергиясы

Жарылуу — айлана-чөйрөгө сокку, титирөө (вибрация) жана жылуулук менен тассир этүүчү, ошондой эле, газдардын өтө жогорку ылдамдыкта кеңейүүсүнө алып келүүчү кыска убакыт аралыгында анча чоң эмес көлөмдөгү, бирок, кыйла энергиянын бөлүнүп чыгуучу тез өтүүчү физикалык же/жана химиялык процесси.

Химиялык жарылууда газдардан тышкары катуу жогорку дисперсиондук бөлүкчөлөр калыптанышы мүмкүн, мындай бөлүкчөлөрдүн тобун жарылуунун өндүрүмдөрү аташат. Жарылуу энергиясын кээде тротил эквивалентинде өлчөшөт — жарылганда бирдей сандагы энергия бөлүнүп чыгуучу тринитротолуол (ТНТ) санында белгиленген жогорку энергетикалык энергия бөлүнүп чыгуу окуялары.

Вакуум энергиясы

Вакуум энергиясы — вакуумда бирдей бөлүштүрүлгөн энергия, жана божолдуу Ааламдагы каалаган материалдык объекттерде түз пропорционалдуу түрдө алардын массасына жана ортосундагы аралыгына жараша бири-биринен түртүлүүнү жаратат. Өтө төмөн тыгыздыкка ээ.

Осмостук энергия

Осмостук энергия — эритмедеги молекулалардын же иондордун топтолуусун жогорулатуу үчүн жасалуучу жумуш.

Энергия жана жумуш

Энергия — физикалык системанын жумуш жасай алуу мүмкүндүгүнүн өлчөмү. Мисалы, телонун толук механикалык энергиясынын өзгөрүүсү сандык жактан телонун үстүндө жасалган механикалык жумуштун чоңдугуна барабар. Ошондуктан, энергия саны жана жумуш бир бирдиктерде туюнтулат.

Атайын салыштырмалуулук теориясында

Энергия жана масса

Атайын салыштырмалуулук теориясына ылайык масса жана энергиянын ортосунда байланыш болуп, Эйнштейндин атактуу формуласында көрсөтүлөт:

E = mc2,
мында E — системанын энергиясы;
m — анын массасы;
c — жарыктын вакуумдагы ылдамдыгы.

Бул айтууну энергия жана масса түшүнүгүнүн толук эквиваленттүүлүгү катары трактовка кылуу боюнча тарыхый жактан аракеттер жасалганына карабастан, негизинен релявисттик масса сыяктуу түшүнүктүн пайда болуусуна алып келген, заманбап физикада бул теңдеменин маанисин тарытуу менен, масса дегенде телонун массасын (айтылуу тынч абалдагы масса), ал эми энергия дегенде — системага камалган ички энергияны түшүнүү кабыл алынган.

Классикалык механиканын мыйзамдарына ылайык телонун энергиясы эсептеп бөлүү (орусча отсчёт) системасынан көз каранды, башкача айтканда ар башка байкоочулар үчүн — ар түрдүү. Эгер тело кайсы бир байкоочуга салыштырмалуу v ылдамдыгында жүрүп баратса, башка байкоочу үчүн ошол эле ылдамдыкта жүрүү кыймылсыздай сезилет (орой мисал, капталынан жана маңдайынан караган байкоочулар үчүн). Демек, биринчи байкоочу үчүн дененин кинетикалык энергиясы mv2⁄2ге барабар болот, мында m — дененин массасы, ал эми башка байкоочу үчүн нөл болот.

Бул энергиянын эсептеп бөлүү системасынан көз карандылыгы салыштырмалуулук теориясында дагы сакталат. Энергиянын бир инерциялык системадан экинчисине өтүүдөгү кайра калыптанууларын аныктоодо татаал математикалык конструкция — энергия-импульсунун тензору колдонулат.

Телонун энергиясынын ылдамдыктан көз карандылыгы Ньютон физикасындай эмес, өйдөдө айтылган Эйнштейн формуласына ылайык каралат:

Энергия Эйнштейн формуласы боюнча

мында m — инварианттык масса. Тело менен байланышкан бөлүп эсептөө системасында анын ылдамдыгы нөлгө барабар, ал эми тынч абалдагы энергия аталган энергия, кийинкидей формула менен туюнтулат:

E0 = mc2.

Бул, массасы бар тело ээ боло турган минималдуу энергия. Буга чейин энергия каалагандай туруктуулук тактыгына чейин аныкталып, эйнштейндин формуласы болсо бул туруктуулуктун абсолюттук маанисин көрсөтөт, негизи айырмасы (мааниси) ушунда.

Энергия жана импульс

Атайын салыштырмалуулук теориясы энергияны 4-импульстун компоненти катары карайт (энергия-импульсунун 4 вектору), бул энергия менен теңдеш импульстун үч мейкиндиктик компонентине кирет. Ошентип, энергия жана импульс байланышта болуп, бөлүп эсептөө системасынын биринен экинчисине өтүүдө бири-бирине өз ара таасир этет.

Кванттык механикада

Кванттык механикада E эркин бөлүкчөлөр энергиясы, де Бройлдин толкунуна ылайык E = ℏω катыштыгында (мында ℏ — туруктуу Планка), ω (омега) айланма жыштык менен байланышкан. Бул теңдеме энергия учуру үчүн толкундардын жана бөлүкчөлөрдүн корпускулярдык-толкундук дуализм негизинин математикалык туюнтулушу саналат. Кванттык механикада энергия убакытка эки жүздүү. Негизинен, фундаменталдык себептерден улам өтүү убактысы чектелген кайсы бир процесстеги системанын энергиясын абсолюттук түрдө так өлчөө мүмкүн эмес. Бир эле процессти бир нече жолу өлчөөдө өлчөнгөн энергиянын маанилери флуктауцияланып (флуктуация — кайсы бир чоңдукту өлчөөдөгү каалаган кокус четтөөлөр) турат, бирок орточо мааниси дайыма энергиянын сакталуу мыйзамы менен аныкталат. Кээде бул кванттык механикада орточо энергия сакталышына алып келет деп окумуштуулар айтышат.

Жалпы салыштырмалуулук теориясында

Жалпы салыштырмалуулук теориясында убакыт бир тектүү эмес саналат, ошондуктан, энергия түшүнүгүн киргизүү аракетинде белгилүү бир маселелер жаралат. Негизинен, координаталардын жалпы кайра калыптандырууларына салыштырмалуу, тензор катары гравитациялык талаанын энергиясын аныктоо мүмкүн эмес болуп чыгат.

Энергия жана энтропия

Ички энергия (же молекулалардын хаостук кыймылынын энергиясы), энергиянын эң «деградацияланган» түрү болот — ал жоготууларсыз башка энергия түрлөрүнө айлана албайт.

Физикалык өлчөмдүүлүк жана өлчөө бирдиктеринин ортосундагы катыштыгы

LMT физикалык чоңдуктар системасында энергия кийинкидей өлчөмдүүлүккө ээ: ML2T−2.

Энергия бирдиктеринин ортосундагы катыштыктар.
Бирдик Эквивалент
Джоуль менен Эрг менен Эл аралык каллория менен эВ (Электронвольт) менен
1 Дж 1 107 0,238846 0,624146⋅1019
1 эрг 10−7 1 2,38846⋅10−8 0,624146⋅1012
1 эл аралык дж 1,00020 1,00020⋅107 0,238891 0,624332⋅1019
1 кгк (килограмм-күч, орусча кгс)•м 9,80665 9,80665⋅107 2,34227 6,12078⋅1019
1 кВт•саат 3,60000⋅106 3,60000⋅1013 8,5985⋅105 2,24693⋅1025
1 л•атмосфера 101,3278 1,013278⋅109 24,2017 63,24333⋅1019
1 эл аралык калл (calIT) 4,1868 4,1868⋅107 1 2,58287⋅1019
1 термохимиялык каллория (калТХ) 4,18400 4,18400⋅107 0,99933 2,58143⋅1019
1 электронвольт (эВ) 1,60219⋅10−19 1,60219⋅10−12 3,92677⋅10−20 1

Энергия булактары

Шарттуу түрдө энергия булактарын эки түргө бөлүүгө болот: кайра жаралбаган жана туруктуу. Биринчисине газ, нефть, көмүр, уран ж. б. таандык. Бул булактардан энергияны алуу жана өзгөртүү жакшы өздөштүрүлгөн, бирок, шартка ылайык экологиялуу эмес, жана булардын көбү түгөнүүдө. Туруктуу энергиянын булактарына күн энергиясы, ГЭСтерден, шамалдан алынуучу энергия ж. б. киргизсе болот.

Адам энергиясынын жана тиричилигинин базалык көрүнүшү
Адам энергиясынын жана тиричилигинин базалык көрүнүшү.
Кайра жаралбаган энергия ресурстары жана алардын көлөмү
Ресурс түрү Топтомдор, Дж менен
Термоөзөктүк (термоядролук) энергия 3,6•1026
Өзөктүк (ядролук) энергия 2•1024
Нефть менен газдын химиялык энергиясы 2•1023
Жердин ички жылуулугу 5•1020
Кайра жаралуучу энергия ресурстары жана алардын жылдык көлөмү
Ресурс түрү Топтомдор, Дж менен
Күн энергиясы 2•1024
Деңиз сууларынын куюлуу (көтөрүлүү) энергиясы 2,5•1023
Шамал энергиясы 6•1021
Дарыялар энергиясы 6,5•1019

Энергияны керектөө

Энергия формаларынын көп түрү бар, алардын көпчүлүгү тигил же бул деңгээлде энергетикада жана заманбап технологияларда колдонулат.

Энергияны керектөө ылдамдыгы бүткүл дүйнөдө өсүүдө, ошондуктан, цивилизациянын заманбап өнүгүү баскычында энергоэффективдүүлүк жана энергияны үнөмдөө көйгөйү актуалдуу.

Жайгаштыруу: 2022-05-05, Көрүүлөр: 2475, Өзгөртүлгөн: 2024-03-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу