Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уюл жаркыроосу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Уюл жаркыроосу

Асмандын бүткүл түндүк тарабын - кызыл жана жашыл түстүү эки догоо жарык кылып турат, догоолор бирде жоголуп, бирде кайрадан пайда болуп, түрдүү түстөнүп кулпурат. Аңгыча караңгы асманда жаандын жебеси сымалданган жаркыраган нурлар тепчип өтүп, кээде абада кызыл чачылуу жашыл пардалар тартылып калат. Бул табияттын эң бир шаңдуу жана кооз кубулуштарынын бири - уюл жаркыроосу. Көз жоосун алган жаркыроо асманда бир нече саат бою кулпурат. Уюл жаркыроосунун пайда болушу кунгө байланыштуу. Албетте силер күн - зор өлчөмдөгү өтө ысык шар экенин жакшы билесиңер.

Бул гигант меш дүйнө мейкиндигине эң зор өлчөмдөгү жылуулук таратып, электр энергиясы менен заряддалган майда бөлүкчөлөрдү болуп чыгарат. Бул бөлүкчөлөр жердей 80ден 1000 чакырымга чейинки бийиктикте атмосферанын үстүңкү катмарындагы абанын атомдору жана молекулалары менен кагылышканда алар сары, жашыл, кызыл, кызгылт сары нурларды чыгарып жаркырайт. Уюл жаркыроосу ушундайча пайда болот. Эмне үчүн бул кооз көрүнүш жердин Түндүк жана Түштүк уюлдарына жакын жерлердин асманында гана пайда болот? Анткени бүт жер шары өзүнчө эң зор магнит болуп эсептелет. Бардык магниттердей эле анын эки уюлу бар. Күн бөлүп чыгарган электр заряддуу бөлүкчөлөрдүн агымы биздин планетага жакындаганда жердин магниттик күчтөрүнүн таасири астында Түштүк жана Түндүк уюлга жакын аймактарда уюл жаркыроосу пайда болот. Күн бетинде күн тактары көбөйгөндө уюл жаркыроосу күчтүү жана тез-тез болуп тураарын окумуштуулар байкашкан. Жерде уюл жаркыроосун пайда кылуучу майда бөлүкчөлөрдүн өзгөчө күчтүү агымы дүйнө мейкиндигинде дал ошол күн тактарынын аймагынан таралат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 496, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо