Теория (грекче θεωρία «кароо, изилдөө») — бул предмет (буюм, нерсе, зат, көрүнүш, кубулуш) жөнүндөгү билимдер жалпылаштырылган жана системалаштырылган билимдин деңгээли, мында, категория, ой-толгоо, ой-кортунду сыяктуу түшүнүктөр калыптанат.
Теорияны гипотеза менен алмаштырбоо зарыл. Теория, изилденүүчү объекттин терең жана системалык билиминин зарыл жактарынын байланышын, анын маңызын жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн билдирет. Теорияда изилденүүчү мыйзам ченемдүүлүктөр жөнүндөгү билимдер логикалык карама-каршылыксыз жана кандайдыр бир жалпы, башында белгилүү бир теориялык же эмпирикалык негиздерди бириктирүүчү болот.
Теория, чегинде гипотезалар жана мыйзамдар мурдагы автономдуулугун жоготуп, бүтүн системанын элементине айланган синтетикалык билимдин маалыматтык модель ролунда болот. Теорияда бир ой-толгоолор башка ой-толгоолордон тажрыйбалык тастыктоолордун жана/же логикалык эрежелердин бүтүмдөрүнөн чыгарылат. Теориялар илимий ыкмага ылайык калыптанат, иштелип чыгат жана текшерилет. Теориянын алдында (теориядан мурун) кайталануучу ырастоону алган гипотеза турат. Теория же өз ара бири-бири менен айкалышкан теориялар окууга (илимий окуу деген мааниде) айланат.
Теориянын маанилүү касиети — теориянын текшерилүүсү (верификациясы) жүргүзүлүп жаткан (божомол мүмкүндүгүнүн негизинде) божомолдоо мүмкүндүгү. Кээ бирлер «белгилүү теория» же «белгилүү эмес теория» сыяктуу фразаларды колдонушат, ал эми анын бегилүүлүгүн жана белгилүү эместигин ким жана кандай ыкма менен аныкталаары белгисиз.
Жөнөкөй сөз менен айтканда: каалаган теория — бул, биз курчаган айлана-чөйрөнү сөздөрдүн жана ар кандай формулалардын жардамы менен баяндалышы. Ошондой эле, каалаган теориялар, өзүнүн кемчиликтерине ээ, жана бардыгын жүз пайызга түшүндүрүп бере албайт. Теория — кайсы бир адамдын же адамдар тобунун ой-кортундусу.
Каалаган теория бир катар функцияларга ээ. Теориянын маанилүү функциялары:
Шартка ылайык, көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, теорияны текшерүүнүн стандарттык ыкмасы — түздөн-түз эксперименттик текшерүү саналат («эксперимент — чындык чен өлчөмү же критерийи»). Ошентсе да, көп учурда теориянын түздөн-түз эксперименттер менен текшерүү мүмкүн эмес (мисалы, Жердеги жашоонун пайда болуу теориясы) же мындай текшерүү өтө татаал жана/же чыгымдуу (макроэкономикалык жана социалдык теориялар), ошондуктан, теориялар көбүнчө түз эксперименттер менен эмес, алдын-ала айтуучу кубатынын болгондугу менен текшерилет — башкача айтканда, теориядан мурда белгисиз/байкалбай калган окуялар чыкса, жана бул окуяларды жакшылап байкоодо алар болсо, анда алдын-ала айтуучу кубат бар деп саналат.
Чындыгында, «теория — эксперимент» мамилелери татаал келет. Теория, буга чейин эксперимент аркылуу текшерилген объективдүү кубулуштарды чагылдыргандыктан, мындай тыянак чыгарууга болбойт. Ошол эле убакта, теория логика мыйзамдарынын негизинде куралгандыктан, эрте эксперименттер менен орнотулбаган жана тажрыйба менен текшерилүүчү кубулаштар жөнүндө тыянактар болушу мүмкүн. Бирок, мындай тыянактарды гипотеза деп атоо зарыл болуп калат, мунун объективдүүлүгү, башкача айтканда, бул гипотезаны теория рангына которуу, жана бул, эксперимент аркылуу тастыкталат. Мындай учурда эксперимент теорияны текшербей, ал теориянын абалдарын тактайт же кеңейтет.
Жалпылап айтканда, илимдин прикладдык максаты — келечекти байкоо (анализ) маанисинде алдын-ала айтуу — биз таасир эте албаган окуялардын жүрүшүн баяндоо, синтетикалык жактан — технология аркылуу көздөгөн келечекти түзүү. Образдуу айтканда, теориянын маңызы «кыйыр далилдерди» бир түйүнгө байланыштыруу, өткөн окуяларга өкүм чыгаруу жана белгилүү бир шарттарды карманууда келечекте эмне болоорун көрсөтүү.
Жалпыраак, тагыраак теориянын пайда болуусунда, эски теория пайда болгон жалпы теориянын бөлүгү же элементи болуп калат (шайкештик негизи). Мисалы, Ньютондун классикалык механикасы жалпыраак теориялардын чектүү жакындатылганы: кванттык жана релявисттик механиканын, ал эми Евклиддин геометриясы Лобачевскийдин гиперболалык геометриясы жана Римандын эллиптикалык геометриясы менен Риман геометриясынын жалпыраак жеке учурларына таандык.
Математикалык логикада теориянын так аныктамасы бар (Дедуктивдик теория, Молният теориясы).
Теориялар билимдин белгилүү бир тармагына колдонулуучу жалпы философиялык жана жеке мүнөзгө ээ болушу мүмкүн. Акыркыларга кийинкилер мисал боло алат: