Күн жана анын тегерегинде айланып жүргөн бардык асман телолору күн системасын түзөт. Ири тогуз планетанын бири жер да ошол системага кирет. Планеталар көлөмү боюнча ар түрдүү. Алар эки топко бөлүнөт. Биринчи топко гигант планеталар: Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун кирет. Гигант планеталар негизинен суу менен газдардан турат.
Экинчи топко жер тибиндеги планеталар: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс кирет. Плутондун түзүлүшү азырынча белгисиз. Меркурий, Чолпон, Жер жана Марс Күнгө башкаларга караганда жакын жайгашкан. Ал планеталар кыйындык менен эрүүчү таштуу заттардан, металлдардан жана алардын кычкылтек менен кошулмаларынан турат. Булардын курамында жеңил газдар менен суу өтө аз. Күндүн айланасында чоң планеталардан башка да миңдеген майда планеталар айланып жүрөт. Аларды астероиддер деп аташат. Эң чоң астероид - Цереранын диаметри 770 чакырым.
Күндүн табигый жандоочуларына кометалар да таандык. Кометанын газдуу жана чаңдуу куйругу жарк этип түнкү асманды сызып өтөт. Бул көрүнүш тим эле көздүн жоосун алат. Астероиддер менен кометалар талкаланат да чачырап кетет. Алардын ушул талкаланган бөлүктөрү - метеорлор атмосферага киргенде күйүп жок болот. Айрым метеордук бөлүктөр толук талкаланбай таш менен темирдин сыныктары метеориттер түрүндө жерге түшөт. Бардык планета аралык мейкиндик өтө майда космос чаңдары жана газ бөлүкчөлөрүнө толгон.
Ааламдагы жана күн системасындагы бардык телолордун кыймылын бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамы башкарат. Бүткүл күн системасы: күн өзү, планеталар, кометалар 7 чоң жылдыз системасына - Галактиканын курамына кирет. Биздин күн система секундасына 250 чакырымга жакын ылдамдык менен өз орбитасы боюнча Галактиканын борборуна айланат. Ошондо ал Галактика борборун болжол менен 200 миллион жыл да бир айланып чыгат. Бул канчалык көп убакыт экендигин көз алдыга келтирүү үчүн биздин планета бар болгону 4,5 миллиард жыл гана жашагандыгын айтсак жетиштүү болот. Күн системасы - бул чексиз ааламдагы биздин үйүбүз.