Зат жалпысынан электрон, нейтрон жана протон элементардык бөлүкчөлөрүнөн турат. Белгилүү болгондой заттын төрт абалы болот: суюктук, газ, катуу нерсе жана плазма.
Аныктама: Көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн массасы бар, белгилүү бир көлөмдү ээлеген нерселер зат аталат.
Заттар "таза" жана "аралашма" зат болуп экиге бөлүнүп, таза заттар "элемент" жана "бирикме", ал эми аралашма заттар "гомогендик" жана "гетерогендик" болуп өз ара дагы экиге бөлүнөт.
Таза заттар башында айтып өткөндөй элементтерден жана бирикмелерден турат дагы туруктуу курамга ээ. Аларды ажырата түшүнө билүү зарыл. Элементтер "металлдар" жана "метал эместер", бирикмелер "органикалык" жана "органикалык эмес" болот.
Химиялык элементтердин мезгилдик системасына канча элемент болсо, ошонун бардыгы таза заттардын элементтерине таандык. Учурда мезгилдик системадагы элементтердин саны 118. Мисалы: Fe (феррум же темир), С (көмүртек), Cu (жез) жана башкалар. Кеңири маалыматты химиялык элементтер макаласынан окуңуз.
Аты айтып тургандай эле, эки же андан ашык элементтердин биригүүсүнөн пайда болгон заттарды айтабыз. Мисалы: суу, анын формуласы "H20", башкача айтканда эки суутектин (H) жана бир кычкылтек (О) элементинен турат. Дагы бир мисал, O2 - бул дагы бирикме, анткени ал 2 кычкылтек элементинен турат.
Аралашмалар дайыма бир нече элементтерден бирикмелеринен турат. Мисалы, сүт бир нече элементтен турган аралашма болсо, суу аралашма эмес бирикмелерден турган таза зат болот. Эгер зат суюктук элементтерден турса ал аралашма, катуу заттардан турса - эритме.
Мында аралашма деп айтылганына байланыштуу бир нече элементтердин аралашмасынан турган, бирок көрүп турган көзгө жалпы бир тектүү массаны туюндарган нерселер гомогендик аралашма аталат. Мисалы: кантты сууга салып аралаштырсак, кант сууга ээрип кетет дагы таттуу суюктук массасына айланат, көз менен караганда суудай эле сезилет, а чындыгында ал суунун курамында кант дагы бар. Деңиз суусу дагы ушундай, суудай көрүнгөнү менен анын курамында биринчилерден туз, экинчиден башка көптөгөн минералдык заттар бар.
Сууга майды куйсак, үстүнө чыгып, суу астында өзүнчө болуп бири-бири менен аралашпайт. Ушул эле мисал топурак менен сууга тиешелүү. Топурак чөкмө болуп суудан бөлүнүп калат. Жыгач дагы гетерогендик аралшмага кирет.