Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылдыздар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жылдыздар

Асмандагы "жылдыздар" жөнөкөй көзгө жымыңдап кичинекей оттун жарыгы сыяктуу көрүнөт. Чындыгында ар бир жылдыз - жарык чыгаруучу өтө ысык, зор шар. Ал негизинен газ абалындагы суутек менен гелийден турат. Күн - ошондой жылдыздардын бири, ал эми жылдыздар бизден өтө алыс турган күндөр. Жылдыздардын борборундагы газдар өтө катуу кысылган жана абдан ысык. Алардын температурасы миллиондогон градуска жетет. Мындай шартта суутек акырындык менен гелийге айланат. Бул кубулуш ядролук реакция деп аталат.

Жылдыз деген эмне? Жылдыз - бул ядронун өзгөчө жылуулук реакциясынын жыйынтыгында жарык жана жылуулук берүүчү гиганттык газ шарлары. Күн дагы жылдыз, классификация боюнча орточо сары жылдыз болуп эсептелинет. Көрүүсү жакшы киши ар бир жарым шар боюнча 3000 жылдызды, ал эми асмандан 6000 дей жылдызды көрө алат.

Проксима Центавра - Күнгө жакын жайгашкан жылдыз. Эгерде Жерден Күнгө чейин 150 млн километр болсо, анда Проксима Центаврага чейин 42 000 миллиард километр, демек аралык 280 000 эсеге узун.

Биздин галактикада акыркы эсептөөлөр көрсөткөндөй 200 миллиард жылдыз бар деп эсептелинет.

Эгерде болжолдуү түрдө салыштырсак, анда бир жылдызды 1 секундада эсептейбиз дейли, анда асмандагы жылдыздарды эсептөөгө 30 жыл керектелет экен.

Ядролук реакциянын учурунда жылдыз затынын белгилүү бир бөлүгү жарык нуруна айланат. Мисалы, күн жарык чыгарып, эрип азаят, башкача айтканда ал секунда сайын 4 миллион тонна салмагын жоготот. Ушул сандагы зат жарыкка же нурга айланат. Бул затты жүктөө үчүн ар бири 50 вагондон турган жүк ташуучу 4 миң поезд талап кылынар эле. Бирок мындан чочулоого болбойт, анткени күн затынын ушунчалык көп ысырап болушуна карабастан, анын кору (запасы) өтө көп. Ошондуктан күн да, башка жылдыздар да көптөгөн миллиард жылдар бою жарыктана берет. "Жылдыздар" көлөмү боюнча бири-биринен абдан айырмаланышат.

Алардын арасында көлөмү жагынан күндөн миллиард эсе чоңдору бар. Ал тургай жерден да кичине эргежээл жылдыздар да кездешет. Жылдыздардын көлөмү ар, түрдүү болгон менен алардын затынын саны болжол менен бирдей. Ошоңдуктан алп жылдыздардын заты өтө сейректелген, ал эми эргежээл жылдыздардын заты, тескерисинче, өтө тыгыз. Эң ысык жылдыздар ак же көгүлтүр түстө болушат. Алардын бетинин температурасы 10 миңден 100 миң градуска чейин жетет. Жылдыздардын кээ бирөөлөрү кызгылт түстө.

Бул "жылдыздар" тигилерге караганда муздагыраак. Алардын бетинин температурасы 2-3 миң градустан ашпайт. Биздин күн сары жылдыздардын тобуна кирет, булардын бетинин температурасы 6 миң градус. Караңгы түндө бүтүндөй асман бетинен куралсыз көз менен 6 миңдей жылдызды көрүүгө болот. Бирок кичинекей эле телескоп менен караганда миллиондогон жылдыз көрүнөт. Байыркы окумуштуулар асмандагы абдан жарык, көрүнүктүү жылдыздарды белгилүү бир топторго бириктиришкен. Алар эреже катарында, ар бир топ жылдызга жомоктогу, уламыштагы аттарды коюшкан. Чоң жетиген, Кассиопея, Волопас ж. б. топ жылдыздардын аттары ушундайча пайда болгон. Топ жылдыздар - асмандан көрүнүүчү абдан жарык жылдыздардын тобу экендигин эсиңерге түйүп койгула.

Бир топко кирген жылдыздар мейкиндикте кээде бири-биринен өтө алыс турушу мүмкүн. Бирок бири-бирине өтө жакын турган жылдыздар да бар. Жылдыздардын мындай жуптары кош жылдыздар деп аталат. Ошондой эле бир нече жылдыздан турган катар жылдыздардын бар экендиги белгилүү. Ааламда жүздөгөн жана миңдеген жылдыздарды бириктирип турган жылдыздар чогулмасы да бар. Жылдыздардын, кээ бирөөлөрү 1 жаркырактыгын мезгил-мезгили менен өзгөртүп турат. Мындай жылдыздар өзгөрмө жылдыздар деп аталат. Кээде айрым жылдыздардын жарк этип жанган учурлары да болот. Ошондо мурда көрүнбөй жүргөн бул жылдыздар бир нече сааттын ичинде көрүнө турган жылдызга (ал тургай кээде күндүз да көрүнөт) айланат. Мындай жылдыздар жаңы же эң жаңы жылдыздар деп аталат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 15898, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-11-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо