Галактика


Жылдыздар жымыңдаган булутсуз караңгы түндө бүткүл асманды курчап тургансыган тилкеңи көрүүгө болот. Аны кыргыздар илгертен эле Саманчынын жолу деп атаган. Азыркы телескоп менен караганда Саманчынын жолу күңүрт жарык чыгарган көп сандаган жылдызчалардан туруп, куралсыз көзгө алар туташ жарыктай көрүнөт. Саманчынын жолу жылдыздардын зор системасы - Галактикага кирген жылдыздардын негизги тобу. Жерден көрүнүүчү башка жылдыздар, биздин жылдызыбыз - күн да галактикага кирет. Галактикада жылдыздардын саны абдан көп - 100 миллиардга жакын.

Ал жылдыздар жалпайта басылган жасмык формасында топтошуп жайгашкан. Галактиканын туурасынын эң жазы жеринен жарык шооласы 100 миң жылда гана өтөт. Күн - Галактиканын жылдыздарынын бири. Ал жылдыздар системасынын четирээк жагында жайгашкан. Галактиканын борборунда болсо галактика ядросун түзүүчү бири-бирине тыгыз жайгашкан дээрлик шар түрүндөгү топ жылдыздар бар. Бардык жылдыздар Галактиканын ядросунун тегерегинде айланат, күн да өз планеталары менен бирге галактика ядросун 180 млн жылда толук айланып чыгат. Бул эң зор убакыт аралыгы галактикалык жыл деп аталат.

Галактиканын курамында жылдыздардан башка майда космостук чаң менен газдан турган эбегейсиз зор суюк булуттар да бар. Алар чаң жана газ тумандуулугу деп аталат. Галактиканын көп эле жылдыздарын планеталар айланып жүрүшү ыктымал, бирок азыркы телескоптор менен да аларды көрүүгө мүмкүн эмес. Галактиканын кээ бир планеталарында космоско радиосигнал жибере ала турган акыл-эстүү жандар болушу мүмкүн. Азыр окумуштуулар кубаттуу радиотелескоптор менен башка планетада жашоочулардын сигналын кармоого аракет кылып жатышат. Бирок азырынча мындан эч натыйжа чыга элек. Ааламда биз-дин Галактикадан башка да толуп жаткан галактикалар бар. Алардын бизге жакыныраактары Жерден Караганда кичинекей тумандуу так болуп гана көрүнөт. Бул галактикалар-дан жарык шооласы бизге миллион-догон жылдарда, ал эми эң алыскы галактикалардан - миллиарддаган жылдарда араң жетет.

2016-05-22 1882 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22