Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Толкун

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Толкун

Эгер силер селкинчек тепсеңер, денеңер селкинчек менен бирге термелет. Термелүү кадам сайын кезигет: дубалдагы сааттын маятниги термелет, шамал болгондо дарактын бутактары термелет, автомобиль кыймылдаткычындагы цилиндрдин поршендери өйдө-төмөн жылат, адамдын жүрөгү согот... Жипти эшик туткасына байлап, анын экинчи учунан кармагыла. Анан колуңарды өйдө-ылдый кыймылдаткыла. Колуңар менен кошо жиптин силер кармаган учу да термелет. Бирок эмне үчүн жиптин башка бөлүктөрү да термелип, ийрелеңдей баштайт. Көрсө, термелүү жиптин бири-бири менен байланышкан бөлүктөрү аркылуу берилип жылат экен.

Термелүүнүн бир жерден экинчи жерге берилип таралуусу толкун деп аталат. Сууга ыргытылган таш суунун майда бөлүкчөлөрүн термелтет, термелүү бул бөлүкчөлөрдөн коңшу бөлүкчөлөргө берилет, андан ары башкаларына, ошентип натыйжада ошол айланадагы суунун үстүндө толкундар пайда болот. Дениз толкундарын шамал болбой турганда деле байкоого болот, Демек, ачык деңиздин алыскы бир жеринде шамал болуп сууну термелтип жатат, андан пайда болуп таралган толкундар жүздөгөн чакырымдан келип, жээкке шарпылдап урунат. Ал эми шарпылдаган добуш, дегеле үн деген эмне? Булар да толкундар, бирок алар абада таралат. Кандайдыр бир нерсенин, мисалы, гитаранын кылдары, адамдын үн түйүндөрү, же радио кабылдагычтагы динамиктин рупору катуу термелет да, ар бир термелүүсүндө айланасындагы абанын молекулаларын түртөт. Түртүлгөн молекула экинчисин түртүп, ал үчүнчүсүн...

ошентип абада толкун пайда болот, акыр аягында ал толкун биздин кулагыбыздын барабан жаргакчаларына жетип, аны термелүүгө аргасыз кылат - ошентип биз үндү угабыз. Космосто аба жок, анда термелүүчү эч нерсе жок ошондуктан ал жакта үн толкундары да тарабайт. Ачык космоско чыккан космонавттар бири-бири менен радио аркылуу гана сүйлөшө алышат. Толкундар катуу нерселер аркылуу да таралат. Темир жол рельсине кулагыбызды такап тыңшасак, алыста келе жаткан поезддин үнүн уга алабыз. Жер титироолор жер кыртышын термелтет, ал термелүү жердин үстүңкү бети аркылуу таралат.

Эми баарынан кызыгы - жарык да толкун болуп эсептелет. Жарык атомдордогу электрондордун термелүүсүнөн жаралат. Радиотолкундары да жарыкка окшош, алар да радиобергичтердин антенналарындагы электр заряддарынын термелүүсүнөн пайда болот. Ар түрдүү толкундар бири биринен кантип айырмаланат? Баарынан мурун ылдамдыгы боюнча.

Деңиз толкундары салыштырмалуу абдан жай жүрөт, кээде аларды жээкке карай ыкшоолук менен келет деп да айтышат. Абада үн толкундары секундасына 330 метр ылдамдык менен таралат, кыска аралыкка чуркаган дүйнөнүн рекордсменинен 30 эсе тез тарайт. Андан да ылдамы - жарык жана радиотолкундары: алардын ылдамдыгы секундасына 300 миң чакырымга барабар. Толкундар бири биринин термелүү жыштыгы менен да айырмаланат. Үн толкундары таралганда аба бөлүкчөлөрү канчалык жыш термелсе, үн ошончолук ичке чыгат. Уй мөөрөгөндө аба бөлүкчөлөрү секундасына 20-30 жолу термелет. Ал эми чиркейдин зыңылдаганы аба бөлүкчөлөрүн секундасына 10 миң жолу термелүүгө аргасыз кылат. Толкундар узундугу боюнча да айырмаланат.

Силер радиокабылдагычтарда узун, орто жана кыска толкундарды билдирүүчү шкалалар бар экенин билесиңер! Бирок жарык жана радиотолкундарынын абдан маанилүү касиети - алар боштукта да тарала алышат. Ошол себептүү гана биз алыскы планетага учкан космос кемелери менен радиобайланыштарды түзөбүз жана жылдыздарды көрө алабыз.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3769, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо