Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бийкеч жылдызы

Бийкечтер абдан эмгекти жакшы көрүүчү зодиак белгиси. Дайыма жаңы билимдин изденүүсүндө болуп, Бийкечтер тажрыйба чогултуп жана жасаганынын бардыгын тартипке келтирүүнү аракеттенет. Бийкечтердин акылы жана эптүүлүгү кырдаалды акылдуулук менен баамдап, негиздүү иш-аракет жасаганга мүмкүндүк берет. Бийкечтер "жок" деп айта албаган адамдардан эмес. Булар өзүнүн жана айланасындагылардын иш-аракетин баамдаганды жакшы көрөт, бирок, көңүлүн маанисиз нерселерге токтотконго ийимдүү. Бирок, Бийкечтердин уюшулгандыгы жана аракетчилдиги аларга эң башкы нерсеге, өз пайдасына тандоо берүүгө мүмкүндүк ачат.



Аша чапкан эмгекчилдик жана күнүмдүк тиричилик Бийкечтердин көз карашын чектеп, жумушка жана ага байланыштууларга болгон мамилесин курчутат. Кээде, эмгекти курмандыкка чалып, Бийкечтер көп учурда өзүн жана өзунун убактысын бүт бойдон жумушка арнап, материалдык прогресске умтулат. Өзүлөрүн, өз жумушунун кулдарына айландырып, булар сүйүүдөн, үй-бүлөөдөн жана бала-чакадан баш тартып, бут убактысын эмгекке тартуулашы мүмкүн.



Акчага болгон мамилеси болсо, аларды үнөмдөө Бийкечтерге оор. Дайыма кереги жок чыгымдарга кабылып, Бийкечтер акчаны бир нерсеге чогултууга күч-кубаты аз. Бирок Бийкечтер бирден-бир эң бай зодиак белгиси.



Бул скептиктер төрөлгөндөн баштап эле бардыгын критикалоого ийимдүү. Булар апыртууга ийимдүү эмес, тескерисинче көп учурда жөнөкөйлөтүүгө аракет кылат, ошондой эле көп учурда бардыгын өз эсебине алышат.



Айрыкча Бийкечтер спонтандуу болбойт, ошондуктан көбүнчө иш-аракеттери алдын ала белгилүү. Булар жетишээрлик өтө кызык эмес жана зээриктирме.



Айтып коюуу керек, Бийкечтер үчүн эң чоң түйшүк бул - алардын арамдыгы. Булардын мүнөзүнүн бул өзгөчөлүгү аз өлчөмдө же ашып-ташып терс мүнөздө болушу мүмкүн. Педанттуулук, майдачыл, ашыкча тыкаттыгы жана эгоисттүүлүгү - бул алардын мүнөзүндөгү маанай арсеналынын терс жагы.



Бул өзүн кармаган, кээде өтө эле түнт белги. Бийкечтер көп учурда айланасындагыларга жана жакын адамдарына сыртынан салкын көрүнөт. Булар этиатуу жана баамчыл инсан болуп, өзү менен өзү болуу позициясын каалайт.



Бийкечтер дайыма ак ниет болууга аракеттенип, өзүнүн акылдуулугу менен адамдарды алдап коюууну каалабайт. Бул адамдар мактоого бай. Өзүнүн өзгөчө сезимталдуулугу жана боорукерлиги менен айырмаланбаса да, булар дайыма так жана ишенимдүү ак ниет кеңештерин берип, маселелерди чечүүдө жардамын аябайт. Бийкечтер кээде оттой ысык болуп, кээде мууздай муздап, өз маанайларын мээлейдей алмаштырат.



Сүйүү фронтунда Бийкечтердин жүрөгү өзгөчө шыкалоодо болот. Сүйүүдөгү снобтор, Бийкечтер сүйүү театрында сейрек ойношот. Сүйүүдө жана кумарланууда чебердикке умтулуп, өзүн көрсөтүү мунун баары мактоолукка жана кол чабууларга ээ болуунун иштери. Булардын курч көздөрү баарын көрүп жана байкап, айланасындагыларга жана өзүнө калп айтпайт, а бул кээде жагымсыз себептерге алып келет.



Күтүлбөстүктөрдөн жана күтүүлөрдөн катып калуу сезиминде болуп, Бийкечтер көп учурда бирөөнү сүйүп калуудан коркушат. Эгер сүйүүнүн кайырмагына кокус илинип калса, андан арылып, бурчка барып баарын ойлонуу аракетин жасайт. Сүйүү сезимдерин кыйноочу оору катары кабыл алып, Бийкечтер андан айыгууга аракеттенип, жана канчалык тез болсо, ошончо жакшы деп ойлошот. Сүйүү сезимдерине рационалдык менен мамиле жасап, өз сезимдерин жеңип чыгууга умтулат. Өз ойлорун жана сезимдерин, эмоцияларын жана иш-аракеттерин анализдеп, Бийкечтер мамиледе ак ниеттик жана терең акылдуулукка, байланышка жана ишенимдүүлүккө акцент жасайт. Ооз көптүрүүчүлүк Бийкечтерге таандык эмес. Булар өз сезимдерин иш-аракеттер жана конкреттүү мамилелер менен далилдегенди жактырган адамдардын бири.



Бийкечтердин негизги принциптери:



1.Чыдамдуулук жана эмгек баарын жеңет.



2.Уят-сыйыттуулук кыздарга гана эмес, Бийкечтерге да таандык



3.Ар бири өзү үчүн жашап, башкаларга иш кылат.



4.Иреттүүлүк бүт жерде зарыл: акыл-ойдо да, ашканада да.



5.Бири-бирибизге жаралганыбызды темирдей бекем логика менен далилде.



6.Кыйшык илинген текче кыжырды кайнатат.



7.Чоң масштабтан баш айланат.



8.Бир чака чиени сөөгүнөн арылтуу мен үчүн абдан оор.



9.Ар бир Бийкечте укмуштай айым жашайт.



10.Чымын кыргыч сөзсүз көзгө илиниш керек, ал эми "ак козу карын" айтпаса деле жакшы.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 14032, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо