Дарыя менен майда суулар агып келет, кайнар булак менен булакчалар жер астынан оргуштап чыгат. Ушул суулар бир ойдуңга чогулганда көл жаралат. Көлдөр ар түрдүү болот! Жер шарындагы эң терең көл - Сибирдеги Байкал. Анын тереңдиги 700мден ашат. Орточо кеңдиги ондогон чакырымга жетет.
Көлдүн аркы өйүзүндөгү тоолор суу бетине төшөлүп булуттарга сайылып тургансыйт. Байкал көлүнүн узундугу жүздөгөн чакырымга созулуп жатат. Жергиликтүү эл Байкалды деңиз дешет. Көлдүн суусу таза жана тунук. Аба ырайы булутсуз, ачык кезде 30м тереңдиктеги суунун түбүн көрүүгө болот. Жүздөгөн өзөндөр менен майда суулар Байкалга куят. Андан улуу Сибирь дарыясы, Енисейдин ири куймаларынын бири жалгыз гана Ангара дарыясы агып чыгат.
Ээн жана кургак талаада туюк көлдөр көп. Алардан суу агып чыкпагандыктан, туюк көлдөр деп аталат. Көлгө куйган суу бууланып, тузу көл түбүнө чөгө берет. Айрым көлдүн суусунда туз ушунчалык көп болгондуктан, өсүмдүктөр менен жаныбарлар жашай алышпайт. Ошондуктан Жакынкы Чыгыштагы ошондой бир көлдү Жансыз көл деп аташкан. Виктория көлү экватордо, Африканын дээрлик борборунда жатат. Дүйнөдө аянты боюнча ушунчалык зор жана тайыз бир дагы көл жок. Анын орточо тереңдиги 40м. Виктория көлүнүн түндүк бөлүгү абдан тайыз, тереңдиги бир нече гана метр келет. Суусу түбүнө чейин жыл бою жылуу болуп турат. Жылуу сууда сансыз көп балырлар өсөт.
Көп балыктар ошол балырлар менен азыктанышат. Бийик тоодогу көлдөр борпоң тоо тектер менен жарлар урап, тоо суусу аккан кууш өрөөндү бөгөп калуунун натыйжасында пайда болот. Too көлүнүн суусу таза жана муздак келет. Ал суу көлгө бийик тоолуу мөңгүдөн агып түшөт. Мындай муздак сууда көкчаар (форель) балыгы жакшы жашайт. Алар сууда жашаган майда жандыктарга караганда, көлдүн үстүнө түшкөн чымын-чиркейлер менен көбүрөөк азыктанат.
Бийик-бийик тоолордун койнунда орун алганына карабай кышкысын суусу тоңбогон, дүйнөдөгү эң ири тоо көлдөрүнүн бири - Ысык-көл Кыргызстанда жайгашкан. Анын эң терең жери 668м, орточо тереңдиги 278,4м. Мындан тышкары Кыргызстанда ажайып кооздугу менен элди өзүнө тарткан Соңкөл, Чатыркөл, Сары-челек сыяктуу көлдөр да бар. Жер астында да көлдөр бар. Жер астындагы суу үңкүрлөргө толуп, көлдү пайда кылат. Адам колунан жаралган жасалма көлмөлөр да көлгө окшоп калат. Алар - сууларды плотина менен тоскондо пайда болгон чакан көлдөр, ошондой эле гидроэлектр станциялардын бийик плотиналары чоң дарыяларды тоскондо пайда болгон абдан зор суу сактагычтар. Ангара дарыясындагы Братск плотинасы - дүйнөдөгү эң чоң суу сактагыч. Мында Братск ГЭСи курулган. Кыргызстанда Ортотокой, Токтогул ж. б. суу сактагычтар бар. Суу сактагычтар - адамдардын колунан жаралган жасалма деңиздер. Булар шаар менен талаага суу берип, электр станциялардын иштөөсү үчүн зарыл болгон сууну топтойт.