Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Январь

Баш барак | Күндөр | Январь

Январь (латынча januarius mensis «Янус айы») — Юлиан жана григориан календарларындагы жылдын биринчи айы, Цезардын март айынан башталган реформасына чейин башталган эски римдик жылдын он биринчи айы. Узактыгы 31 күн болгон жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарынын көпчүлүк бөлүгүндөгү жылдын орточо эң муздак айы, жана Түштүк жарым шарынын көпчүлүк аймагындагы жылдын эң жылуу айы.

Мазмуну

Заманбап доордо григориан календары боюнча 20-январга чейин Күн Жаачы топ жылдызында болот, 20-январдан кийин — Текечер топ жылдызында (кээ бир маалыматтар боюнча — 19-январь).

Баяндалышы

Январь айында кайчы тумшук чымчыктар (латынча loxia, орусча клёст) ийне жалбырактуу дарактарда уяларын жасап башташат. Багыш менен бугу мүйүздөрүн ташташат.

Кыргыз элдик жылнаама (календарь) боюнча январь айынын кыргызча аталышы — үчтүн айы, бөлүкчөсү — тогуз тогоол (Караңыз: кыргызча мезгил, ай бөлүкчөлөрү). Түндүк жарым шарда кыш мезгилинин жана түштүк жарым шарда жай мезгилинин экинчи айы.

Тарыхы жана этимология

Январь айы өзүнүн аталышын римдик эки жүздүү убакыт, эшиктер жана дарбазалар кудайы Янустун (januarius) ысымынан алган (караңыз: жаңы жыл).

Бул айдын аталышы символдук түрдө «жылга эшик» же «жыл эшиги» (латынча ianua — «эшик») дегенди билдирет. Салттуу оригиналдуу римдик жылнаама 10 айдан туруп, кышсыз 304 күнгө ээ болчу, кыш мезгилин «айсыз» убакыт деп санашчу. Болжолдуу биздин заманга чейинки 713-жылы Ромулдун жарым мифтик жолун жолдоочусу, падыша Нума Помпилий уламышка ылайык жылнаама стандарттык күн жылына (365 күн) тең болуусу үчүн январь жана февраль айларын кошуп, январь жылдын биринчи айы болуусун каалаган имиш, мурда эски римдик жылнаамада март айы жылдын биринчи айы болгон. Биздин заманга чейин 153-жылдын 1-майында жана 15-мартында кызматка киришкен эки консулдун ысымдары белгилүү, булардан кийин кызматка киришүү 1-январда жүрүп турган, демек, мындан улам ошол кезде эле январь айы болгон экен.

Орто кылымдык Европада жылдын башталышын эсептөө үчүн ар кандай даталар колдонулган, анын ичинде, 25-март, 25-декабрь, 1-март (Рустарда, 1492-жылга чейин), 1-сентябрь (Византияда). Ошого карабастан, орто кылымдык календарларда дагы деле январдан декабрга чейин он эки мамычадан турган айларга бөлүүнүн римдик ыкмасы колдонулган. XVI жүз жылдыктан баштап европалык өлкөлөр официалдуу түрдө 1-январды Жаңы жылдын башталышы катары кабыл ала баштайт, бул даталоону кээде «сүннөт стили» деп дагы аташат, анткени, 1-январга Христостун сүннөт күнү туура келген, муну 25-декабрдагы Рождество датасынан эсептелинген 8-күн болгон.

Январдын тарыхый аталыштары Wulf-monath («карышкыр айы») аталган саксондук белгилениши жана Карл улуу тарабынан берилген Wintarmanoth (кышкы/муздак ай) аталыштарын камтыйт.

Башка тилдерде

Европанын көпчүлүк тилдеринде жылдын биринчи айынын аталышы латын салтына туура келет. Бирок, бир нече өзгөчөлүктөр бар.

Фин тилинде tammikuu аталат, башкача айтканда «эмен айы», бирок, аталыштын алгачкы мааниси «кыштын өзөк айы» делген, анткени, tammi сөзү мурда «өзөк» дегенди билдирген. Чех тилинде leden аталат, башкача айтканда «муздуу, муздак». Украинче — сiчень, хорватча — siječanj, «кыйуу, кесүү» деген мааниде, дарактарды отунга кыйуу же мурда бул убакта аймактарды жазында жер айдоо максатында дүмүрлөрдөн тазалоо жүргүзүлгөн, балким ошол мааниде айтылгандыр. Белорусс тилинде январь — студзень, студзіць сөзүнөн — суук деген мааниде. Саам тилинде ođđajagimánnu, «жаңы жылдык ай» дегенди билдирет. Түркчө — ocak — «меш». Литва тилинде sausu сөзүнөн (кургак) sausis аталат, анткени, бул мезгилде Литвада «кургак» аталган терең, эрибеген карлар көптүк кылат.

Заманбап кытай жана япон тилдеринде григориан календарынын айлары сандар менен гана белгиленет, мисалы, январь — «биринчи ай», февраль — «экинчи ай» ж. б.

Январь айынын символдору

Майрамдар

Январдын же февралдын ар кандай күндөрүнө туура келүүчү күндөр:

Жайгаштыруу: 2024-01-30, Көрүүлөр: 463, Өзгөртүлгөн: 2024-01-30, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо