Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күз мезгили

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Күз мезгили

Күз, же күз мезгили (байыркы пруссча assanis — «күз», готчо — «оруу», этимологиялык жактан — «оруу мезгили») — жай менен кыштын ортосудагы жылдын төрт мезгилинин бири. Күз — өтмө мезгил, мында күн кыскарып, айланы-чөйрөнүн температурасы акырындык менен төмөндөйт.

Күз мезгили
Күз мезгили
Абалыжыл мезгили
Түндүк жарым шардасентябрь, октябрь, ноябрь
Түштүк жарым шардамарт, апрель, май

Жалпы маалымат

Күн жай мезгилиндегидей жылуулугун жана коротулбай калган энергиясын тартуулаганга аракеттенип, көк асманда булуттар анда-санда гана көрүнөт. Бир гана шамал муздак тартып, чукул болуп, сентябрь айы кирип келгенин эскерткенсийт.

Жашыл өсүмдүктөрдүн арасында күздүн биринчи белгилери: сары жана саргыч-кызыл жалбырактар көрүнөт. Канаттуулар чогулуп узак учууга даярданып жаткансыйт. Борошон жана узакка созулган жаан-чачындар баштала эле бирок асманды кээде кара булут каптап, жаан жаайт. Жолго чогулган чалчыктар күндүн көрүнөөрү менен тез эле кургап жок болот. Эртең менен суук болгонсуйт, бирок асман чайыттай ачык, таза жана терең.

Абада өзгөчө күзгү жыпар сезилет: жаңы чабылган чөптүп жана кыпкызыл болуп бышкан алмалардын жыты. Табият ачык күзгү түстөргө боёлуп, ак-кара түстөгү кыштын алдында мактанып жаткансыйт. Мындай көрүнүш күздүн бардык көркөмдүгүн көрсөтүүгө аракеттенип жаткан коштошуу карнавалына окшош.

Ал гана эмес жадатма жана карматпаган чымын-чиркейлердин кыймыл аракеттери жай жана уйкусу келгендей. Ал эми дыйкандар оруп-жыйуу иштери менен алек болуп, айыл аймактарында трактор, комбайндардын дүркүрөгөн үндөрү угулат.

Эртен менен окуучулар рюкзактарын көтөрүп алып мектепке жөнөп бараткандарын көрүүгө болот. Бул күз мезгили.

Күз жай жана кыш мезгилдеринин ортосундагы жыл мезгилдеринин бири, байыркы элдердин түшүндүрмөсү боюнча оруп жыйуу убагы, күүгүмдүн келиши дегенди түшүндүрөт.

Күз өтмө мезгил десек дагы болот. Күндүн тийүүсү кыскарып, айлана чөйрөнүн температурасы төмөндөй баштайт.

Календарлык жана астрономиялык күз

Календарлык күз үч айдан турат: түндүк жарым шарда - сентябрь, октябрь жана ноябрь, түштүк жарым шарда болсо - март, апрель жана май.

Астрономиялык күз болсо календарлык күздөн кечирээк келет: түндүк жарым шарда календарлык күз 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин созулса, астрономиялык күз 22-23-сентябрга күзгү күн теңелүү - кышкы күндүн турушу (күндүн же түндүн эң кыска болгон убагы) 21-22-декабрь болуп баяндалат. Ал эми түштүк жарым шарда календарлык күз 2-марттан (толук жылы б. а. 29-февралда 1-марттан баштап) 31-майга чейин созулса, астрономиялык күз 20-21-март күзгү күн теңелүү - кышкы күндүн турушу (күндүн же түндүн эң кыска болгон убагы) 20-21-июнь болуп баяндалат.

Жер планетасына күн энергиясынын кирүүсүнүн теңелүүсү ага туура келүүчү мезгилдин ортосу болот. Бирок температуранын өзгөрүүсүнүн кечигүүсү (жердин жана суунун физикалык касиетининин аркасында) климаттык мезгилдерди астрономиялык мезгилге салыштырмалуу кечиктирип коет. Температуралык кечигүү конкреттүү аймакка жараша өзгөрүп турат, ошондуктан кээ бир маданияттарда күзгү күн теңелүү күз ортосу болуп саналат, ал эми кээ бирлеринде күздүн башталышы болуп эсептелинет.

Климаттык күз

Климаттык күздү бир нече мезгилчелерге бөлсөк болот, алар:

  1. Күздүн башталышы - августтун аягынан башталып, сентябрь айынын экинчи жарымына чейин созулат. Бак-дарактардын биринчи сары жалбырактарынын пайда болушу менен коштолот. Көлдөрдөгү, көлмөлөрдөгү жана дарыялардагы суулардын температурасы акырындык менен төмөндөй баштайт. Анда-санда жаан жайт.
  2. Алтын күз мезгилчеси деп атап койсок да болот. Сентябрдын аягынан баштап октябрдын ортосуна кээде аягына чейин созулат. Бул мезгилчеде бак-дарактардагы жалбырактар интенсивдүү сары боёкко боёло берет, хлорофилл (жалбырактарды жашыл боёкко боёгон пигмент) өз ишин токтотот десек да болот. Түндүктө жашаган келгин канаттуулар түштүктү көздөй учуп кете баштайт. Бардык муздак кандуу жандыктар температуранын төмөндүгүнөн анабиоз абалына өтөт. Жаан-чачындын жаашы көбөйөт.
  3. Терең күз мезгилчеси. Октябрь айынын экинчи жарымынан башталып ноябрь аянын башталышына чейин. Бул мезгилчеге биринчиден келгин канаттуулардын учуп кетүүсү мүнөздүү. Канаттуулар сутканын орточо температурасынын төмөндөөсүнө жараша акырындык менен кете башташат. Абанын жана суунун температуралары кескин төмөндөп, жан-жаныбарлардын активдүүлүгү төмөндөйт. Жырткыч жаныбарлардын активүүлүгү тескерисинче аз-аздан жогорулай баштайт, бирок көбүн эсе бул мезгилчеде анча билинбейт. Мекемелерде жана көп кабаттуу үйлөрдө жылытуу системалары ишке кирише баштайт. Жаан карга айланып, биринчи кар жаашы мүмкүн.
  4. Кышка карай мезгилче. Ноябрдын биринчи жарымынан тарта. Бул күзгү мезгилчелердин соңкуларынын бири. Мезгилчеге мүнөздүү өзгөчөлүк - жалбырактардын активдүү түшүүсү. Түнкү үшүктүн жүрүшү туруктуу боло баштайт. Биринчи кар жаап, бирок кар толук түшпөйт.
  5. Биринчи кыш мезгилчеси. Ноябрь айынын экинчи жарымынан декабрь айынын башталышы. Кез-кез кар жаап, убактылуу жер бетин кар каптап калуусу жана биринчи күндүзгү температуранын нөлдөн төмөн болуучу мезгилчеси. Орточо температура нөл мамычасынан төмөндөп, биринчи бороондордун караандары байкала баштайт. Биринчи кыш мезгилчеси толук кыш мезгилине өтүү менен, климаттык кыштын келүүсү менен аяктайт.
Күз түшүмдүн мезгили

Ассоциациялар

Түшүм

Жылуу аба ырайынан муздагына өтүү ассоциациясы жана ага байланыштуу биринчи түшүм адабияттарда, белгилүү сүрөттөрдө доминанттык кылып келген. Негизги оруп-жыйуу, түшүм алуу иштери жүрөт. Ушундай сүрөттөлүштөр күзгө арналган көптөгөн адабий чыгармаларда чагылдырылат. Батыш маданияттарда күздү көбүнчө ушул мезгилде бышкан мөмө-жемиштер, жашылчалар жана дан эгиндери менен кооздолгон сулуу, курсагы ток аялдар чагылдырат. Күзгү түшүм майрамдарын көптөгөн башка маданияттар да белгилешет, бул, алардын жылнаамалардын көбүнчө эң маанилүүлөрүнө кирет. Майрамдардын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган жаңырыктарын АКШ жана Канаданын күзгү Ыраазычылык майрамында табууга болот, ошондой эле еврейлердин «кущей» толгон айындагы (түшүм жыйноо маалында тышта коюлган алачыктарда жашоо) түшүм майрамы катары өз тамырына ээ болгон Суккот майрамы жөнүндө айтса болот. Ошондой эле, жапайы табиятта бышкан азыктарды чогултуу менен байланышкан Американын түпкү жашоочулары тарабынан белгиленүүчү көптөгөн фестивалдар бар, кытайлардын күз орто же ай фестивалы ж. б. Мындай күзгү майрамдардын көбүнчөсүндө түшүм кубанычтары, меланхолия жана сөзсүз түрдө ызгаар аба ырайынын келүү маанайлары менен коштолот.

Бул көз караш англис акыны Джон Китстин «Күзүндө» аттуу ырында берилген, анда ал жыл мезгилин март түшүмдүүлүк катары баяндайт.

Ал эми Кыргызстандан түшүм менен байланышкан майрамдардын бири «Чечкор» майрамы, мында күз токчулуктун, молчулуктун белгиси катары өтөт. Токтосун Нурматовдун «Күз келди» аталган ырында түшүм жыйноо тууралуу, элдин кышка даярданып талаада гана жүрүп, оруп-жыйноо иштерин эрте бүтүрүп алууга аракетин көрсөткөн. Жакыпбек Абдылдаевдин «Жалбырак» ырында болсо тескерисинче табият жөнүндө болуп, дарактардын жалбырактарын кайсы мезгилде кандай болоорун жазган.

Меланхолия

Көп учурда күз мезгили меланхолия менен ассоциацияланат эмеспи, өзгөчө поэзияда. Жайдын мүмкүнчүлүктөрү, деги мүмкүнчүлүктөр кетип, кыш күндөн-күнгө жакындайт. Асман бозомук тартып, күндүн узактыгы тез кыскарат, көптөгөн адамдар ички дүйнөсүнө кирип кеткендей. Бул убакты жакшы эмес учурларга таандык кылышат.

Мындай мисалдарды биздин акын-жазуучуларыбыздын эмгектеринен табууга болот. Ал эми батыш жана орус акындарынын чыгармачылыгына кайрылсак, буларда дагы мындай чыгармалар аз эмес. Француз акыны Поль Верлендин «Күзгү мүмкүндүк» («Күзгү ыр») чыгармасы да күчтүү, кайгылуу сезимдер менен мүнөздөлөт. Китстин 1819-жылдын сентябрь айында жазылган «Күз» чыгармасында меланхолиялык рефлексия сезимдери менен бирге мезгилдин молчулугу белгиленет. «Les Feuilles mortes» аттуу француз ырында негизделген «Күзгү жалбырактар» ыры мезгилдин меланхолиялык атмосферасын, жайдын аякташын жакшы көргөн адам менен ажырашуу маанайына метафора өңдүү колдонот. Ал эми орустартын акындарын айтпасак деле бизге көпчүлүгү белгилүү болсо керек. Ошол эле Пушкин, Лермонтов эмне деген чыгармалары бар, деги эле Пушкин өзү, күздүн адамындай сезилет.

«Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы» деп Алыкул Осмонов өзүнүн «Коштошуу» ырында жазгандай, биздин акындарыбыз да албетте орустардын жана батыш акындарынан артта калышпай терең мазмундуу, күзгө байланыштуу меланхолиялык чыгармалары көп.

Чындыгында күз мезгили поэзияда зээригүү, кандайдыр бир көңүл чөгүүлөр менен ассоциацияланат. Жайкы жылуулук кетип, күндөн-күнгө кышкы суук жакындайт. Асман бозомтук тартып, адамдар өз ойлоруна чөмүлөт. Зинакан Пасаңованын «Күзгү маанай» аттуу ырында күздү төмөндөгүдөй баяндаган:

Саратандуу маанай күтүп жүрсөк биз,
Сары убайым санаа болуп келди күз.
Суз ойлорду дуу учуруп үркүтүп.
Сүйгүм келди мен бирөөнү күтүүсүз.

Хеллоуин

Англичандарда күз мезгили Хеллоуин менен ассоциацияланат (кельттик күзгү фестиваль Саймандын таасири алдында). Кельттер дагы бул мезгилди түшүм жыйноо майрамы катары колдонушкан. Ошол эле убакта бул өлүм майрамы болгон. Түшүм жыйналган, согум союлган, кыш жакындап келе жаткан дегендей. Эми мунун баары башка өлкө башка маданиятка таандык.

Башка ассоциациялар

Түндүк жарым шардын бөлүктөрүндө (анын ичинде биздин өлкөдө дагы) күз жайкы каникулдардын аякташы жана жаңы окуу жылынын башталышы менен тыгыз байланышта, өзгөчө баштапкы жана орто мектептерде.

Кыргыз тил жана комуз күнү, белгилүү даталардын көпчүлүгү дагы ушул мезгилге туура келет.

Улуттук майрам деп саналган ыраазычылык майрамы АКШ, Канадада Кариб деңизинин кээ бир аралдарында жана Либерияда майрамдалат. Ушундай аталыштагы фестивалдык майрамдар Германия жана Японияда дагы болот.

Астрологияда күз мегилине туура келүүчү белгилер: бийкеч, тараза, чаян.

Күз мезгилиндеги майрамдар: 1-сентябрь... Күз мезгилине тиешелүү кошумча маалыматтар же ырлар болсо төмөндөгү билдирүү формасына жазгыла.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 222296, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу