Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Август

Баш барак | Күндөр | Август

Август — юлиан жана григориан календарларындагы жылдын сегизинчи айы. Юлий Цезардын март айынан башталган ремормасына чейин башталган эски римдик жылдын алтынчы айы. Узактыгы 31 күнгө созулган жети айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында (анын ичинде Кыргызстанда дагы) жайдын акыркы үчүнчү айы, Түштүк жарым шарда — кыштын акыркы үчүнчү айы. Июль менен сентябрь айларынын ортосунда жайгашкан.

Кыргызча аталышы — Баш оона (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык). Ошондой эле, сүмбүл, машак аталыштары дагы белгилүү. Баш оона деп аталышы күн кыскара баштагандыктан ушундай аталат. Баш — башталыш, оона — башка жакка ооп баштаганы деген мааниде.

Заманбап доордо 10-августка чейин григориан календары боюнча күн Бөйөн топ жылдызында турат, 10-августтан тарта — Арстан топ жылдызында (башка маалыматтар боюнча — 11-августтан). Латынча augustus — «Октавиан Август айы», түз мааниде — «укмуштуу», «улуу».

Мазмуну

Баяндалышы

Кыргызстанда август айы үчүн жайкы жылуулук, ал гана эмес ысык учурлардын күздүн биринчи белгилери менен айкалышуусу мүнөздүү мисалы, күндүн кыскаруу белгиси. Ошондой эле, түн ичиндеги температура салкын тартып, дарыя-көлдөрдөгү суулар муздап баштайт. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы орточо айлык температура көп жылдык байкоолорго ылайык +24,2°С түзөт. Эң төмөнкү температура 1972-жылдын 26-августунда болгон, мында термометр мамычасы +5,1°С түшкөн. Август айында бийик тоолуу аймактарды эске албаганда үшүк жүрүүлөр байкалбайт. Жаан-чачындардын орточо саны — 15-20мм. 1900-жылы август айы эң нымдуу ай болгон, мында Бишкек шаарында 59 мм жаан-чачын түшкөн. Эң кургагы — 1939-жыл, жаан-чачын болгон эмес.

Август айында күздүк кара буудай жана арпа чабылат, күздүк кара буудай себилет. Карагат, бөрү карагат, дан куурай терилет, пыяз жана сарымсак казылат, тез жетилүүчү жашылчалар себилиши мүмкүн. Алманын, кара бүлдүркөндүн жайкы сорттору, токой жаңгактар бышып жетилет. Плаун уруктары калыптанат. Картофелдин сабак-жалбырактары куурайт.

Айрым канаттуулардын бирин-серин жылуу жактарга учуп кетүүсү байкалат. Канаттуулардын көпчүлүгү түлөйт. Сары жылан жумурткасын таштайт.

Окуучулар жана алардын ата-энелери 1-сентябрь билим күнүнө даярдык көрө башташат.

Тарыхы

Башында бул ай «секстилий» аталып (латынча Sextilis — алтынчы), өзүнө 29 күндү камтыган. Юлий Цезарь рим календарын реформалоо менен биздин заманга чейин 45-жылы август айына дагы эки күндү кошуп, заманбап 31 күндүк көрүнүшүнө алып келген.

Учурда август айы өзүнүн аталышын римдик император Октавиан Августтун ысымынан алган, биздин заманга чейин 8-жылы римдик сенат императордун жашоосундагы өзгөчө бактылуу айды императордун ысымынан атаган. Макробий цитаталаган Сенаттык декрет (Senatus consultum) боюнча Октавианга бул айда бир нече улуу жеңиштер (анын ичинде Египетти жеңип алуусу) туура келгендиктен ал аны тандап алган. Мындай сый-урмат сенат тарабынан Юлий Цезарга дагы жасалып, анын ысымынан «квинтилий» аталган бешинчи ай (латынча Quintilis — бешинчи), «июль» айына өзгөртүлгөн (латынча Iulius).

Окумуштуу Иоанн Сакробоско тарабынан XIII кылымда тиричиликке киргизилген көп жайылган легендага ылайык алгач «секстилий» 30 күндү камтыган, бирок, Юлий Цезардын ысымынан аталган айдан кем болбош үчүн Октавиан Август аны 31 күнгө чейин узарткан имиш, ал эми февраль айынан бир күндү алып салган, ошондуктан ал кадимки жылдары 28 күнгө барабар делет. Бирок, бул теорияны четке каккан көптөгөн тастыктамалар бар экени белгилүү. Негизинен, ал Октавиандын болжолдуу реформасына чейинки Варрон тарабынан биздин заманга чейин 37-жылы жазган мезгилдердин узактыгына ылайык келбейт, 31 күндүк секстилий биздин заманга чейинки 24-жылдан тарта колдонулуучу египеттик папируста жазылган, ал эми 28 күндүк февраль Fasti Caeretani календарында көрсөтүлүп, ал биздин заманга чейинки 12-жыл менен даталанат.

Августтун тарыхый европалык аталыштары анын байыркы германдык Erntemonat («түшүм айы») аталган белгиленишин камтыйт. Орустардын байыркы календарында (христианчылык бекитиле электе) ай зарев аталчу. Айдын «Август» аталышы Московиага Византиядан өткөн.

Ирландиялыктар XX кылымдын башында эле, биринчи августта кельттердин Брон Трограйн (Ирландияда — Лугнасад) майрамынан тараган «жайды узатуу» аземин өткөрүшчү, ал эми август айын биринчи күз мезгили деп санашчу.

Башка тилдерде

Дүйнө тилдеринин көпчүлүгүндө августтун аталышы латын салтына туура келет. Бирок, бир нече өзгөчөлүктөр бар.

Түрк тилдеринде ай Тамыз (Tamyz) (от тамызуу мезгили) же арабча — Сүмбіле/Sumbile (Сириус жылдызынын атынан). Перс тилинде ай Мордад аталат (түбөлүк жашоо, өлүмсүздүк). Фин тилинде ай elokuu («нан айы») аталат, elo сөзүнөн келип, ал — «жашоо, нан, дан» дегенди билдирет, бул айда талаадан түшүм чогултуу аяктачу. Украинче — серпень, поляктарда — sierpień, чехтерде — srpen, орок деген сөздөн. Беларусь тилинде — жнівень, «оруу» деген сөздөн. Хорват тилинде август kolovoz («Дөңгөлөктүн издүү жол» деп которулуучу болгариялык колово сөзүнө жакын) аталат, анткени, бул айда талаалардан орулган түшүмдү массалык түрдө жыйнап, ташышкан. Литва тилинде rugpjūtis («кара буудайды оруу»), rugis — «кара буудай», pjūtis — «оруу» сөздөрүнөн. Ирландиялык An Lúnasa аталышы Луг кудайынын аталышынан келип чыккан.

Заманбап кытай, корей, вьетнам жана япон тилдеринде август «сегизинчи ай» деп белгиленген. Байыркы япониялык ай календарында августка жакын ай Хадзуки (叶月) («жалбырактар айы») аталчу, кийин бул айга август айы ассоциацияланган.

Тай тилинде Синг-ха-Ком (สิงหาคม), арстан дегенди билдирген сингха сөзүнөн.

Майрамдар

Жайгаштыруу: 2024-11-09, Көрүүлөр: 170, Өзгөртүлгөн: 2024-11-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо