Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

31 август эгемендуулук куну

Баш барак | Күндөр | 31 август эгемендуулук куну
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү (Официалдуу — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү) — Кыргызстандын улуттук майрамы.
31-август — Эгемендүүлүк күнү (иллюстрация)
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү
ОфициалдууКыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү
Датасы31-август
Кабыл алынган жылы1991
Майрамдооаскер парады, концерттер, майрамдык салют, майрамдык иш-чаралар
Мааниси1991-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши тарабынан Көз карандысыздык декларациясын кабыл алуу күнү
Өткөрүү жыштыгыжыл сайын
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Улуттук Банк тарабынан чыгарылган алтын жана күмүш коллекциялык тыйындар
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Улуттук Банк тарабынан чыгарылган алтын (100 сом номиналында) жана күмүш (10 сом номиналында) коллекциялык тыйындар (2021-жыл, 16-август).

Макалага тиркемелер: слайд-шоу (pptx форматында). Макаланын төмөн жагында.

Эгемендуулук куну жыл сайын 31 август күнү Кыргыз элинде майрамдалат. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин кезексиз жыйналышында Кыргызстан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларациясын» токтомун кабыл алган. Ушул тарыхый актыга байланыштуу Кыргыз Республикасы көз каранды эмес, суверендүү, демократиялык өлкө болуп жарыяланган.

Тарыхы

1990-жылдын 14-декабрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 12-чакырылышында, айтылуу «легендарлуу» парламент «Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигин органдар системасын кайра уюштуруу, Кыргыз ССРинин башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү жана Конституцияга (Негизги мыйзам) толуктоолорду киргизүү» (мыйзам аталышы жеке которулду, так аталышы айырмаланышы мүмкүн) мыйзамын кабыл алат. Мыйзамда Кыргыз ССРинин көз карандысыз бийлиги орнотулат. 15-августта Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларациясын» кабыл алат.

1991-жылдын 19—21-август күндөрүндө Советтер Союзда августтук путч аталган окуялар өтөт. 19-августта ошол кездеги президент Аскар Акаев телевидение аркылуу элге кайрылып, анда СССРдеги өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик комитетин (кыргызча ӨКМК, орусча ГКЧП же Государственный комитет по чрезвычайному положению в СССР) айыптайт. 20-августта «легендарлуу» парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов дагы ӨКМКны айыптайт. ӨКМКнын урашынан кийин, 1991-жылдын 23-августунда Бишкектеги Ленин аянтында (учурдагы Ала-Тоо аянты) «жеңүүчүлөр митинги» аталган Кыргыз Республикасынын демократиялык күчтөрүнүн биринчи митинги өтөт. Ошол кездеги журналист жана Кыргызстандын Демократиялык кыймылынын жооптуу катчысы Сабыр Муканбетовдун сөзү боюнча митингде үч миңден ашык адам катышкан. Митингде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессия чакырылышында Кыргызстан БК Коммунисттик партиясынын мүчөлөрүн ӨКМКны колдогону үчүн жоопкерчиликке тартуу жана Ленин аянтын Ала-Тоо аянты деп атын алмаштыруу резолюциясын кабыл алынат. 1991-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 31-августта кезексиз сессия чакырылышынын токтомун кабыл алат. Токтом, 29-августта «Кыргыз Туусу» гезитине жарыяланат. 31-августта, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларациясына» ылайык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык декларациясы жөнүндө» токтом кабыл алат. Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 11-декарындагы № 645-XII «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык декларациясы жөнүндө мыйзамына конституциялык Мыйзам абалын берүү жөнүндө» мыйзамы менен Декларацияга конституциялык мыйзам абалы берилген.

Ошентип, 1991-жылдын 31-августу эгемендүүлүк күнү болуп калган.

Кийинки кадамдар

«Көз каранды эмес декларацияны» кабыл алуу менен Кыргызстан жаңы тарыхтын баскычын баштаган. Кыргызстандын көз каранды эместиги мыйзам жагынан бекитилип, өлкөнүн мындан кийинки кадамдары жаңы укуктук аймакка өткөн. Кыргыз өлкөсү башка элдер менен эл аралык укуктардын жалпы таанылган негиздерин сактоого, достукка жана кызматташууга жарыя салып, мурда кабыл алынган өзүнүн милдеттерин сактоосун билдирген. Декларацияда болсо, союздук республикалардын парламентине жана дүйнө өлкөлөрүнүн коомчулугуна Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн таануу чакырыгы жазылган.

Жогорку Кенеш Президентке жана Жогорку Кенештин Президиумуна Кыргызстандын экономикалык жана саясый көз каранды эместигин камсыздоочу иш-чараларды даярдоо боюнча комиссия түзүүнү буйрук кылган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши кыргыз элин кабыл алынган декларациянын негизинде, өлкөнүн чыныгы суверендүү жана укуктук мамлекет болуусу үчүн биригүүгө чакырык жасаган.

Ооба эгемендүү болуу оңой эмес, ошентсе да, Кыргыз Мамлекети өзүнүн конституциясын (5-май конституция күнү макаласын караңыз), туусун, гербин, акча бирдигин (сом, 1993), кийинчерээк гимн (1992) кабыл алып, чыныгы эгемендүү өлкө экендигин көрсөтө алды. Ата-бабаларыбыз 2000 жыл мурда эгемендүүлүк үчүн кан төгүп, мына эми көз карандысыздыкка жетип отурабыз. Манас атабыздын эле бизге калтырган жети осуятын жакшылап, баамдап окусак эгемендүүлүк кандай зор эмгекти талап кылынаары көрүнөт.

Эгемендүүлүк майрамы Кыргыз Республикасында өлкөнүн эң маанилүү, негизги майрамдардын бири. Бул күн биздин эркиндигибиздин, өз алдынчалыгыбыздын, өлкө катары, эл катары биримдигибиздин символу. Бул майрам мамлекетибиздеги бир дагы башка майрамдарга теңеле албайт.

Баарыбыз билгендей эле, эгемендүү жылдар оңой болгон жок. Мекенибиз көптөгөн окуяларды башынан өткөрдү - режимдер, белгилүү адамдар алмашылды. Үч төңкөрүш болду (2005 — жоогазын революциясы, 2010 — элдик революция жана 2020-жылдагы революция). Ушунун бардыгына карабастан өлкөбүз ийилди, бирок сынган жок. Албетте, келечектеги өлкөбүздүн тагдыры кандай болоорун билбейбиз, бирок бизди жаркын келечек күтүп тураарына ишенебиз. Эгемендүүлүк болуп турганда, тилибиз, элибиз, маданиятыбыз болуп турганда, биздин Мекенибиз дагы жашай берет эмеспи.

Биз эркин жана бакубат өлкөнүн балдарыбыз, улуу урпактарыбыздын баа жеткис белегин көздүн карегиндей сактап, үмүттөрүн ишке ашырышыбыз керек. Ооба, эгемендүүлүк күнү чындыгында өлкөбүздүн, элибиздин тарых барактарындагы өзгөчө бир барагы, кылымдап кыялданган улуу кыргыз элинин кыялы.

Эгемендүүлүк деген сөз эле өзүнө өтө көп жана маанилүү, оор басырыктуу, орчундуу сөздөрдү камтыйт эмеспи, алар: манас, эркиндик, көз карандысыздык, эмгек, патриоттуулук, укук, мыйзам, инсан, маданият, тил, ынтымак жана башка ушул сыяктуулар. Ушунун баардыгы чогулуп эгемендүүлүк сөзүн курат десек да ашык болбос.

31 август күнү Кыргызстандын борбор шаары Бишкек шаарында, майрамдык иш-чаралар Ала-Тоо аянтында театралдаштырылган оюн-зооктордор башталат, бул иш-чарага Кыргызстандын чыгармачыл катмарларына катышып, майрам шаңдуу өтөт. Ипподромдо ат оюндары, Бишкектин парктарында артисттердин коштоосунда концерттер өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын эгемендуулук куну майрамдык салют менен аяктайт. Кыргызстандын аймактарында дагы ушул сыяктуу майрамдык иш-чаралар толук кандуу жүрөт. 31-август күнү майрам болгондуктан «Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине» ылайык иш күн эмес (2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын редакциясында).

Ал эми окуу башталганда окуучулар, студенттер сөзсүз бул темада дилбаяндарды, эгемендүүлүк күнүнө карата ырларды жазышат, түрдүү иш-чараларды уюштурат.

Эгемендүү эл болуп...
Кезегинде Көк Асаба көтөргөн,
Өз мыйзамы, өз жардыгы өтөлгөн.
Кыйла кылым бир максатка умтулуп,
Кыргыз деген эл болуучу көшөргөн.

Унутулуп каада салтын, тил деген,
Укугуңду коргой албай, ким элең?
Эми мына эгемендүү өлкөбүз,
Заман келип түшүңө да кирбеген.

Эркке жетип, эгемендүү эл болуп,
Жетинчи жыл - дүйнө элине тең болуп,
Желбиреди Туубуз БУУда бийикте,
Жашообуздун укук-салты корголуп.

Кандай пайда кур кыялга семирсең,
Канат күүлө, кагылайын элим сен.
Аракетсиз, кол куушуруп сурансаң,
Андайларга колдоо болбойт Теңирден.
(А. Макешов)

Эгерде Манас болбосо
Булуттар козголобу жел болбосо,
Булактар топтолобу көл болбосо,
Атагы Ала-Тоонун чыгат беле,
Азыркы аптай кыргыз эл болбосо.

Калың мал кайда батат тор болбосо,
Капчыгай кайда бүтөт сел болбосо,
Атагы кайран элдин чыгат беле,
Айтылуу айкөл Манас шер болбосо.

Замандын айыбы жок тар болбосо,
Эңсеген жыргал келбейт зар болбосо,
Мактанаар сыймыгыбыз болот беле,
Манасы кыргыздардын бар болбосо.

Караңгы түн жылабы таң болбосо,
Кактаган күн жылабы шам болбосо,
Элибиз баш кошмокпу миң жыл мурда,
Эл жүрөк Манас деген хан болбосо.

Жарык жок акыл менен ой болбосо,
Тарых жок басып өткөн жол болбосо,
Илгертен эл унутмак баатырларын,
Ичтеги көрөңгүсү мол болбосо.

Кентмекпиз кең Ала-Тоо жер болбосо,
Кантмекпиз Манас атат эр болбосо,
Унутпай улуу тойду берет белек,
Ушундай эгемендүү эл болбосо.
(Надырбек Алымбеков)

Көз карандысыздык дүйнөлүк коомчулукка кеңири жана эркин жол ачты. Азыр дээрлик бардык чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстанды көз карандысыз суверендүү мамлекет катары таанышты. (Турдакун Усубалиев)

Эгемендүүлүк айтууга жеңил, оору улуу, касиеттүү окуя. Миңдеген жылдар ата-бабаларыбыз мурун эңсеп, күрөшүп келишкен. Ушундай заманга туш келип калганга биз өзүбүздү бактылуу сезишибиз керек. (Абдулхай Алдашев)

Достор, эгемендуулук куну жонундо кыргызча макаланы оңдоо, кошумчалоого Сиз дагы катышсаңыз болот, ал үчүн жөн гана пикир калытырып коюңуз.

Дагы караңыз

Кыргызча презентация (power point форматында, 17 барак)

Жайгаштыруу: 2019-08-23, Көрүүлөр: 82183, Өзгөртүлгөн: 2024-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу