Жүктөлүүдө...
Курал
Курал, же согуштук курал, же курал-жарак — конструкциясы жагынан тирүү же башка бутаны жабыркатуу үчүн иштелип чыккан түзүлүштөрдүн жана буюмдардын аталышы. Адам баласы ок-дарыны ойлоп тапкандан бери артиллерия, ок-дары ракеталары, ошондой эле ок-дарылуу атуучу куралдар кеңири колдонула баштаган. Бирок, ок-дарыны ойлоп таап жана аны массалык аскер колдонууга киргизгенге чейин, армиянын негизин атылбас (орусчасы холодное оружие) жана ыргытуучу (кол же механизм аркылуу) курал менен куралданган жоокерлер түзгөн.
Мазмуну
Жалпы маалымат
Куралдарга түзүмдүк жактан тирүү же башка бутаны жабыркатуучу же коргонууга, кол салууга арналган түзүлүштөр жана буюмдар кирет. Ошондой эле, аңчылык жана согуш жүргүзүү каражаттарынын жыйындысы да курал аталат. Куралдын өтмө маанисинде ал — коюлган максаттарга жетүү үчүн, кимдир бирөө же кайсы бир нерсе менен күрөшүүгө арналган каражат. Андан тышкары, курал түшүнүгү башка маанилерге дагы ээ, мисалы, эмгек куралы, медициналык куралдар ж. б. көптөгөн тармактардагы түшүнүктөр, бул макалада жабыркатуучу куралдар жөнүндө кеп болмокчу, ал эми эмгек жана башка чөйрөдөгү куралдар башка тема.
Ошого карабастан, курал сөзсүз эле түздөн-түз адамды өлтүрүүгө багытталбашы керек. Мисалы, Taser X26P өлүмгө учуратпаган курал, анткени, ал адамды кыйла жабыркатпастан катардан чыгарат. Теориялык жактан, электромагниттик импульс курал катары колдонулушу мүмкүн, анткени ал аскердик техниканы иштен чыгарат, бирок, ошол эле учурда тирүү жанга анча коркунуч келтирбейт. Бычак менен мачете аспап же эмгек куралы болгонуна карабастан атылбас курал катары колдонулушу мүмкүн.
Тарыхы
Адам баласы куралдын байыркы замандан бери эле пайдаланып келген. Эң алгачкы куралдар таяк менен таштар болгон. Башынан эле куралдын негизги максаты биринчи кезекте жырткычтардан коргонуу, андан соң аңчылык кылууга арналган. Кийинчерээк куралдар аскердик максаттарда колдону баштаган.
Ар бир тарыхый мезгилге өзүнүн курал-жарак түрлөрү мүнөздүү. Ошону менен бирге курал коомдун эволюциясы мене кошо эволюцияланып келген. Андан тышкары, куралдын эволюциясы дээрлик дайыма жалпы коомдун эволюциясынын бир аспектиси болгон.
Алгачкы коом
Куралдын эң жөнөкөй түрлөрү шимпанзелерде байкалат, бул адамдын жогорку приматтан чыккан эволюция жактоочуларына беш миллион жыл мурун эрте гоминиддер тарабынан курал колдонгонун божомолдоого мүмкүндүк берет. Алар: келтек, примитивдүү найзалар, иштетилбеген таштар. Бирок, бул куралдардын алгачкы мүнөзү, аларды колдонуу боюнча эч кандай ачык археологиялык далилдерди табууга мүмкүндүк бербейт. (чындыгында эрте гоминиддер ар түрдүү куралдарды колдонуу мүмкүнчүлүгү четке кагылбайт).
Жашы 300 миң жылдан ашкан найзалардын археологиялык табылгалары белгилүү, ошондой эле 2012-жылы Германиянын Шёнинген шаарынын жанынан табылган жебенин учтары күбө. Эрте палеолитке таандык Шёнинген найзалары адамдардын эң байыркы атылбас куралдары саналат.
Кийинчерээк таш куралдар пайда болгон. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында көптөгөн таш балталар, жебе учтары жана найзалар табылган. Ошол эле убакта жыгачтан (мисалы, чокмор баш), сөөктөн жасалган куралдар дагы пайдаланылган.
Байыркы дүйнө
Бул мезгилдин башында коло куралдарды колдонуу мүнөздүү болгон. Түрдүү коло кылычтар жана калкандар жаралган (байыркы эллиндер жана египеттиктерде).
Андан кийин куралдарды темирден жасай башташкан.
Жалпысынан байыркы дүйнөнүн куралдары жакынкы аралыкта колдонуучу (кылычтар, ай балталар, найзалар) жана ыргытма куралдарга (жаалар, салмоорлор, кыска найзалар) бөлүнгөн. Бул мезгилде кол куралдан тышкары түрдүү курчоо машиналарды колдонулган (баллистарлар, катапульталар, жөөлөгүчтөр). Негизи, баллисталар менен биринчи арбалеттер да жаралган.
Орто кылым
Башында орто кылым куралдары мурдагы мезгилдин куралдарынан анча деле айырмаланган эмес. Байыркы Дүйнө доорунун аягында классикалык орто кылымдардын оор куралданган рыцарларынын прототибине айланган, оор куралданган катафрактариялар пайда болгон, буга жараша, алар менен күрөшө турган курал зарылдыгы чыккан. Ошондуктан, орто кылымдын аягы ок атуучу куралдын пайда болушу менен белгиленген. Бул мезгилдин куралдарынын негизги түрлөрү: жакын аралыктан кармашуучу атылбас, ыргытуучу курал, ошондой эле ок атуучу жана курчоочу куралдар. Ок атпас куралдардын ичинен кеңири таралгандарына кылычтар, канжарлар жана пикалар (найзанын түрү) кирген. (Чындыгында орто кылымдык пикалар — македониялык сарисстердин түздөн-түз тукуму). Андан тышкары, түрдүү шпагалар, саблялар, рапиралар пайда болуп, ыргытуучу куралдардын арасында жаалар жана арбалеттер жайылган. Ал эми, салмоорлор аскерде чакандык таамай атуудан маанилүүрөөк болгон учурларда, чакан ыргытуучу курал катары пайдаланылган. Ошол мезгилде пайда болгон ок атуучу куралдардын катарына мушкеттер, аркебуздар, жазайылдар, ошондой эле замбиректер (пушкалар) жана бомбардалар (гаубица өңдүү замбиректер) кирген. Курчоого алуу куралдарынын арсеналында ал убакта баллисталар, катапульталар, жөөлөгүчтөр, требучеттер, ошондой эле курчоочу артиллериянын биринчи үлгүлөрү (негизинен, ошол эле бомбардалар) болгон. Ошону менен бирге ыргытуучу курчоого алуу курал-жарактары артиллериялык курчоого алуу курал-жарактар тарабынан сүрүп чыгаруу процесси күч алган.
Жаңы мезгил
Бул мезгилде ок атуучу курал-жарактар активдүү жакшыртылып, ыргытуучу куралды толугу менен сүрүп чыгарган. Ок атуучу куралдар колго көтөрүп жүрүүчү жана артиллериялык болуп биротоло бөлүштүрүүсү ишке ашкан. Наполеон согуштарынын убагында курал-жарактарда олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес. Бирок кийинчерээк АКШдагы Жарандык согуш курал-жарактарды жаңыртууга түрткү берген. Айрыкча көп заряддуу, октору най жагынан (ствол) заряддалуучу сайлуу ок атуучу курал чыккан. Мындай куралдын биринчи үлгүлөрүнүн бири Спенсердин мылтыгы (винтовкасы) болгон. Най жагынан ок салынуучу сайлуу артиллериянын биринчи үлгүлөрү да чыга баштаган. Натыйжада, ок атуучу курал-жарактардын ок атуу ылдамдыгы жана ыраактыгы көбөйгөн. Ок чачыраткычтар (пулемёттор) (алгач бытыра ок менен атуучулар андан соң кадимки пулемёттор) жаралат. Англо-бур согуштарынын жүрүшүндө брондолгон поезддер колдонула баштаган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда химиялык курал-жарак, аскер авиация жана биринчи танктар колдонулган. Деңиз үстүндөгү согушта да курал жарактын жаңы түрлөрү чыккан: деңиз миналары, торпедалар. Суу астында сүзүүчү кемелер пайдаланыла баштайт.
Биринчи сайлуу мылтык, конструктор Кристофер Спенсер (1860)
Эң жаңы мезгил
Куралдардын андан аркы жакшыртуу процесстери жүрөт. Бул процесс Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда өзгөчө катуу кайнаган. Аскер иш-аракеттеринин кургактагы кармаштарында чечүүчү ролду танктар жана авиация ойногон. Танктар көптөгөн кармаштарда чечүүчү ролду ойноп, жөө аскерлерди колдоо каражатынан брондолгон куралдуу күчтөргө айланган. Авиация болсо жок кылуучу жана бомбалоочу, чабуулдук жана чалгындоочулук, ошондой эле фронттук жана алыс аралыктык болуп биротоло бөлүштүрүлгөн. Бомбалоолор, анын ичинде фронт сызыгынан тышкары алыс аралыкта турган тынч шаарларды бомбалоо чоң мааниге ээ боло баштаган. Ок атуучу куралдардын арасынан автоматтар атактуулукка жеткен. Деңизде суу астындагы флоттун ролу күчөгөн. Авиа алып жүрүүчү кемелер (авианосецтер) андан кем эмес мааниге ээ болгон. Бул мезгилге биринчи өзөктүк куралды колдонуу таандык. Кийинчерээк өзөктүк куралды жеткирүүнүн каражаты катары түрдүү ракеталар болуп калган.
Бешинчи муундагы Калашников автоматы, кыскача аталышы АК-19 (2018), 5,56×45 мм.
Классификация
Заманбап курал жарактар көп учурда техникалык жактан татаал келет. Куралдарды негизинен армия жана укук коргоо органдары пайдаланышат. Курал-жарактары жарандар тарабынан сактоо жана колдонуу түрдүү өлкөлөрдө, анын ичинде биздин өлкөдө да мыйзам тарабынан катуу көзөмлгө алынат. Түрдүү жарандар тарабынан куралдарды колдонуу мамилели ар кайсы өлкөдө ар кандай. Дээрлик ар бир өлкөдө жарандарга куралдардын кээ бир түрлөрүнө ээлик кылууга тыюуу салынат: кээ бир мамлекеттерде (АКШ өңдүү өлкөлөрдө) жеке жактарга өзүн коргоо максатында ок атуучу куралга ээлик кылууга мүмкүндүк берет, башка өлкөлөрдө курал-жарак алуу үчүн атайын улуксат талап кылынат.
Куралды классификациялоонун бир нече ыкмалары бар: багыты, колдонгон жактардын категориясы, мобилдүүлүк/туруктуулугу, конструктивдүү ишке ашырылы, бутага таасир этүүчү негизи же каршылаштын куралынын жарат алып келүүчү таасирине каршы таасир этүүсү боюнча ж. б.
Техникалык мүнөздөмөсү боюнча
- Ок атуу (ыргытуу, жарадар кылуу) ыраактыгы: мээлөө, түз атуу жана чегине жараша. Ыргытуучу куралдардын ыраактыгы бир нече метрден ондогон метрге (сейрек жүздөгөн) чейин болот, ок атуучу жүздөгөн метрден ондогон километрге (замбиректер), ракеталык куралдар бир нече миңдеген километрге чейин. Эң кыска аралыкка атылбас куралдар жана жеке коргонуу үчүн аэрозолдук баллондор ээ (ондогон сантиметрден бир-эки метрге чейин).
- Атуулардын же ок чыгаруулардын ылдамдыгы (бир мүнөттөгү ок чыгаруунун саны).
- Ок чыгаруу энергиясы (ыргытуучу жана ок атуучу), талкалоо таасири. Негизинен джоуль менен өлчөнөт.
- Октун учуу чөйрөсү (же жалпы куралдын чөйрөсү) — жерде, сууда, абада, вакуумда.
- Куралдын ийкемдүүлүгү, тез жүрүмдүүлүгү жана жүрүүнүн ыраактыгы (торпедалар, танктар, учактар, ракеталар).
- Тешип өтүү мүмкүндүгү (аралыкка жараша тоскоолдукту/бронду тешип өтүү калыңдыгы).
- Ок чыгаруунун мүнөзү (монолиттик курал/снаряд сомдомосу, фугастык бөлүк, өзөктүк согуштук бөрк (боеголовка), жана бутанын мүнөзүнө жараша башкалар). Кыйратуунун радиусу жана жарылуунун күчү атуунун түрүнө жараша болот, мисалы, өзөктүк бөркү бар артиллериялык снаряддар чоң жарылуу күчүнө ээ, ал эми химиялык ок-дарылардын жарылуу күчү чоң эмес, бирок тирүү жандыктарга кыйла кыйратуучу таасирге ээ. Фугастын сыныктарынын таралуу радиусу согуштук бөлүгүнүн түрү менен аныкталат.
- Үн чыгаруу мүнөздөмөлөрү, ок чыгаруунун визуалдык жана инфракызыл диапазонундагы билинүүсү, атайын түзүлүштөр (миналар) менен абадан, космостон табылуусу, куралдын башка түрлөрүнөн (брондолгон согуштук унаалар) коргонуу жөндөмү.
- Куралдын жана анын ок-дарыларынын масса-габариттери.
- Бир ок чыгаруунун баасы жана куралдын ок чыгаруу санынын ресурсу.
- Куралдын эрте жарылуу ыктымалдыгын жаратуучу ж. б. шарттаган тышкы таасирлерге сезимталдуулугу.
- Конструктивдик тартиптин техникалык өзгөчөлүктөрү (материалдар, калибр жана найына сайдын салынышы — ок атуучу куралдар үчүн, башкарылуучу курал, роботтоштурулган ж. б.).
Багытталышына, жаракатталуучу бутага жана коюлган тапшырмаларга карай аскерлер, кылмышкерлер, мергенчилер же милиция (полиция) кызматкерлери куралдын эң ылайыктуу түрүн тандашат.
Багытталышы боюнча
Төмөнкүдөй бөлүмчөлөргө бөлүнөт:
Жөнөкөй курал
- ок атуучу курал — бутаны снаряд (ок, бытыра, резина шарлары, картечь же эгер куралдын оозунун астына гранатамёт орнотулган болсо, граната менен) менен аралыктан механикалык түрдө жабыркатууга багытталган курал, ал ок-дарынын (порох же күкүрт) же башка химиялык заряддын (мисалы, Флобер патрону өзүнө ок-дарыны камтыбай, аны капсюльдун энергиясы түртөт) күйүп жарылган энергиясынын жардамы менен найдын ичиндеги ок жүгүртүлүп бутага багытталат;
- травмалык курал (чектелген иш-аракеттеги ок атуучу курал, батыш өлкөлөрүндө — англисче less-lethal weapons деген термин кабыл алынган, сөзмө-сөз которгондо «өлүмгө азыраак учуратуучу курал») — тирүү субъекттерди убактылуу жарадар кылуу же кыймылсыздандыруу ыкмасы менен алар тарабынан ылайыксыз (агрессивдүүлүк, укукка каршы келген ж. б.) тигил же бул иш-аракеттерди алдын алууга арналган курал.
- артиллериялык куралдануу — учурда (2021) ок атуучу куралдын бир түрү болуп саналат, максаты артиллериялык снаряддарды жана миналарды найдын жардамы же найдын ичиндеги ыргытуучу заряддын жардамы менен ыргытуу (атуу). Артиллериялык куралдануунун негизин түрдүү багыттагы артиллериялык комплекстер түзөт. Учурда, артиллериялык куралдануунун курамына артиллерияда пайдаланылуучу техникалык каражаттар дагы кирет, негизинен мээлөө аспаптары, радиолокациялык станциялар, чалгындоочу дрондор ж. б.
- сайсыз куралдар (орусча гладкоствольный, сөзмө-сөз которулушу — «жылмакай найлуу») — ок атуучу куралдын жана башка найлуу куралдын түрү, мунун найынын ичинде сайлары жок болот (башкача айтканда найынын ички бети жылмакай). Негизинен куралдын бул түрүнө көптөгөн аңчылык кылуучу мылтыктар, бардык мина ыргыткычтар (миномёт), танкка каршы замбиректердин кээ бир түрлөрү жана танк куралдарынын көпчүлүгү (танктын негизги куралынан тышкары) кирет. Заманбап сайсыз артиллериялык куралдар аткан снаряддарынын абада учуп бараткандагы турукташтырылышы (түздөлүшү) снаряддын арты жагындагы куйрук канаттары (оперение) менен ишке ашырылат. Сайсыз куралдар салыштырмалуу, конструкция жана эксплуатациясынын жөнөкөйлүгү менен мүнөздөлөт.
- оюндук куралдар (пейнтбол ж.б.).
- атылбас курал — объект менен түздөн-түз контакт болгондо (б. а. кол мушташта) адамдын булчуң күчтөрү менен бутаны жабыркатууга арналган курал. Мунун колдонулушу жарылгыч заттарды же энергиянын башка булактарын пайдалануу менен байланышы жок. Түзүлүшүнө жана объектке таасир этүү ыкмасына жараша уруучу (согуучу), саюуучу, кесүүчү, ошондой эле аралаш (комбинацияланган) түрдөгү куралдар белгиленет. Учурда (2021) армияларда штыктар, корттор, шашкелер жана согуштук бычак сыяктуу муздак куралдар колдонулат.
- пневматикалык курал — бутаны аралыктан снаряд (болот же резина шар түрндөгү октор) менен жабыркатууга багытталган курал, кысылган, суюлтулган же катытылган газдын жардамы менен багытталган кыймылга ээ болот. Пневматикалык куралдар көбүнчө спорттук мелдештерде колдонулуп, пружиналык жана газ баллондук болуп бөлүнөт. Бирок, согуштук пневматикалк куралдар дагы бар. Негизинен согуштук пневматикалык куралды жасоонун себеби анын салыштырмалуу үн чыгаруусунун аздыгында болчу. Согуштук пневматикалык куралдар үнсүз ок атуучу куралдар пайда болуусу менен сүрүлүп чыгарылган.
- ыргытуучу курал — багытталган кыймылга адамдын булчуң күчтөрү же механикалык түзүлүштүн жардамы аркылуу бутаны аралыктан снаряд менен жабыркатуучу курал. Тарыхый жактан макаланын башында айткандай ыргытуучу куралдын үлгүлөрү катары түрдүү жаалар, салмоорлор, арбалеттер жана ушул өңдүүлөр болгон. Антика доорунда мындай куралдын спецификалуу өзүнчө классы калыптанган — ыргытуучу машиналар (катапульттар, баллисталар, трабуциумдар ж. б.). Жалпы техникалык жактан ок атуучу курал жана иштелип чыгып жаткан рельсотрондорду ыргытуучу куралдын өзгөчө түрү десек болот.
- Газ куралдар — тирүү бутаны убактылуу жарадар кылуу үчүн жаш агызуучу же дүүлүктүрүүчү заттарды колдонгон курал. Ошентсе да, көпчүлүк өлкөлөрдө газ куралдарынын кээ бир түрлөрүнүн айландыруусуна тыюуу салынган, алар: неврди парализациялоочу, ууландыруучу жана башка күчтүү заттар менен заряддалгандар, газ куралы денеге олуттуу залал келтирбеши керек.
- күйгүзүүчү курал — өрт чыгаруучу, ошондой эле адамдарды жана техниканы өрт менен жабыркатуу үчүн багытталган согуштук каражаттар жыйындысы, анын ичинде артиллериялык снаряддар да кирет. Күйгүзүүчү куралдардын түрлөрүнө жараша түрдүү күйгүзүүчү заттар пайдаланылат. Күйгүзүүчү ок-дарыларлар жана от аралашмаларынан тышкары, аларды көздөгөн жерге жеткирүүчү каражаттары дагы күйгүзүүчү куралдарга кирет. Мотоаткычтар аскерлери, артиллерия жана авиация тарабынан колдонулат.
- мина же граната — тирүү күчтөрдү жана техниканы жакын контакт болгондо же аралыктан жабыркатуучу каражаттар. Миналар жерде жана деңизде жарылуучу тоскоолдуктарды орнотуу үчүн колдонулат жана буга ылайык инженердик жана деңиздик болуп бөлүнөт. Гранаталар жөө аскерлерге, танкка каршы, күйгүзүүчү жана атайын болуп, же колдонуу ыкмасына ылайык, кол менен ыргытма, гранатомёттон атуу үчүн деп бөлүнөт.
- ракеталык курал — куралдын жалпылаштырылган аталышы, мында жабыркатуу каражаттары ракета менен бутага жеткирилет. Бул түргө ошол эле ракеталар менен атуучу ракеталык комплекстер дагы кирет.
- торпедалык курал деңиз флотунда жана авиацияда колдонулат. Торпедалардан тышкары, бул класска кемеге каршы ракеталык-торпедалар таандык, ошодой эле, торпедаларды сактоо, тейлөө жана колдонууну камсыз кылган бардык түзүлүштөр жана системалар жыйындысы таандык, анын ичинде торпедалык атууну башкарган приборлор дагы.
Массалык жабыркатуучу курал
- Өзөктүк курал — иштөө негизи ички өзөктүк энергияны колдонууда негизделген курал, суутек изотопторунун жеңил өзөктөрүнүн көчкү сымал термоөзөктүк синтез реакцияларынын өтүүсүндө, же урандын, плутонийдин кээ бир изоптопторунун оор өзөктөрүнүн бөлүнүүсүндөгү көчкү сымал чынжырлуу реакцияларындагы бөлүнүп чыккан энергия. Жабыркатуучу таасирлердин кеңири спектрына ээ. Ок-дарыларынын чоң энергия сыйымдуулугунан жана жабыркатуучу аянттын кеңдигинен өзөктүк куралдардын бардыгы массалык жабыркатуучу курал деп саналат.
- химиялык курал — тирүү күчтөрдү массалык түрдө жабыркатуу үчүн белгилүү бир химиялык заттардын уулуу касиеттери пайдаланылган курал. Химиялык курал деп согуштук ууландыруучу заттар, ошондой эле аларды жеткирүү жана колдонуу каражаттары түшүндүрүлөт.
- биологиялык курал — согуштук жабыркатуучу таасири биогендик каражаттар же агенттер менен түзүлгөн жана камсыздалган курал. Биологиялык куралдын эң белгилүүсү — микробиологиялык курал. Микробиологиялык куралдын согуштук таасири адам, жаныбар же өсүмдүктү ооруга чалдыктыруучу бактериялар, вирустар менен камсыздалат. Бактериологиялык курал микробиологиялык куралдын түрчөсү. Биологиялык куралга айыл-чарбада зыянкеч курт-кумурскалар менен күрөшүүдө пайдалануучу жырткыч-курт-кумурскаларды киргизсе да болот.
Салттуу эмес же жаңы физикалык негиздеги курал
- генетикалык курал — объектинин генетикалык аппаратына каалабаган модификацияларды киргизип, тукум куугуч ооруларды чакыруу менен таасир этүүчү түрдүү каражаттар.
- геофизикалык курал — планетанын геофизикасын согуштук максаттарда колдонууга мүмкүндүк берген каражаттар, көбүнчө айлана-чөйрөгө же литосфера, гидросфера, атмосферада болуп жаткан процесстерге таасир этүү жолу менен. Геофизикалык куралдын түрүнө климаттык жана озондук куралдар кирет.
- инфра үндүк курал — тирүү объектке (мисалы, адамды) өлүмгө алып келбеген, багытталган күчтүү инфра үн толкундарынын агым таасирлерин тийгизүүдө негизделген. Бул куралдын түрүнүн иштелип чыгуусу бир катар факторлор менен татаалдашкан — мобилдүүлүк жана кубаттуулуктун карама-каршылыгында, ошондой эле куралды колдонгондорду инфра үн таасирлеринен коргоо.
- лазердик курал — нур куралдарынын перспективдүү түрү, мунун негизинде бутага лазердик нур менен таасир этүүсү жатат. Натыйжада душмандын тирүү күчтөрү күйүктөрдгө дуушар болот, анын ичинде — көздүн тордомо чели, техника болсо өрттөнүп, ээрий баштайт. Учурда АКШ тарабынан бул куралды иштеп чыгуусуна көп көңүл бурулууда. Россияда дагы бул курал кайрадан активдүү түрдө өнүктүрүлө баштады.
- радиологиялык курал — адамдар, техника жана айлана-чөйрөгө радиоактивдүү заттардын жана алардын нурлануулары менен таасир этүүчү курал. Массалык жабыркатуучу курал катары гана колдонулушу мүмкүн.
- өтө жогорку жыштыктуу курал — жабыркатуучу фактору катары ӨЖЖ (Өтө Жогорку Жыштыктагы) электромагниттик нурлануу саналат. Башкы максаты, айтылган таасирге сезимтал келген аскер техникаларынын электрондук компоненттерин бузуу, иштен чыгаруу. Ок-дары же кубаттуу ӨЖЖ нурланткычтар түрүндө болушу мүмкүн.
- ылдамдатуучу курал — тутамдык (пучок) куралдын жана мүмкүн болуп калуучу куралдын түрү, бутага жогорку энергиялуу тутам (жарык ылдамдыгына жакын ылдамдыкка чейин ылдамдатылган) бөлүктөрү (мисалы, атомдор же электрондор) менен зыян келтирет. Негизинен душмандын техникасына таасир этүүгө багытталган.
- электромагниттик курал — снарядга баштапкы ылдамдыкты берүү үчүн магниттик талаа, же бутаны жабыркатуу үчүн түздөн-түз электромагниттик нурлануу энергиясы колдонулган курал.
- плазмалык курал — тутамдык куралдын дагы бир түрү жана перспективдүү курал катары саналат, мында бутаны жабыркатуу үчүн плазма иштетилет.
- психотрондук курал — гипотезалык массалык жабыркатуучу курал, таасир этүү негизинде адам же жаныбардын психикасын, мээсин мажбурлап бузуу же башкаруу жатат.
Колдонгон жактардын категориясы боюнча
- аскердик курал — кол салууда, коргонууда каршылашты куралдуу кармашта жабыркатуучу каражат.
- кызматтык курал — мыйзам тарабынан алып жүрүү, сактоо жана коргонуу максатында колдонууга улуксат берилген мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана юридикалык жактардын жумушчуларына, же аларга жүктөлгөн жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун, мүлкүн сактоо, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, баалуу жана коркунучтуу жүктөрдү, атайын корреспонденцияларды коргоо милдеттерин аткарууга арналган курал. Аскердик куралга салыштырмалуу чектелген ок чыгаруу ыраактыгына, жабыркатуу таасирине, калибрине ээ.
- жарандык курал — мыйзамга ылайык коргонуу, спорт менен машыгуу, аңчылык кылуу максаттарына багытталган. Жарандык ок атуучу курал кезеги менен (арты-артынан) ок атуу мүмкүндүгү жок жана ок кутуга (магазин, барабан) салынуучу октордун саны 10 октон ашпашы керек. Кийинкидей бөлүмчөлөргө бөлүнөт:
- коргонуу куралы
- спорттук курал
- белги берүүчү курал — конструкция жагынан жарык, түтүн же үн белгилерин берүүгө багытталган курал.
- деактивдештирилген курал (орусча охолощённый) — маданий жана билим алуу ишмердүүлүгүндө жарык-үн таасириндеги октор менен ок атууну имитациялоочу курал
- аңчылык куралдар
- мийиздүү ок атылбас курал — аңчылык үчүн, жаныбарды жабыркатуу же биротоло өлтүрүү үчүн (анын ичинде деңиз жаныбарлары же ири балыктар), ошондой эле жаныбардын кол салуусунда коргонууга арналган.
- коллекциялык курал.
Мобилдүүлүгү боюнча
- аткычтык курал
- сүйрөтмө
- жүктөлмө
- кыймылдуу
- өзү жүрүүчү
- стационардык
Кошумча аспаптар
XXI кылымда куралдарга өтө көп кошумча аспаптар чыгып келет, мисалы:
- Оптикалык жакындаткычтар/мээлегичтер
- Түн ичинде көрсөтүүчү мээлегичтер:
- Жылуулук (термалдык визорлор)
- Инфра кызыл визорлор
- Замбиректер мээлегичтери
- Учуп келе жаткан сняряддан коргонуу каражаттары, өзгөчө танктарда
- Радио көрүнбөстүк
- Үн басаңдатуучу
- От басаңдатуучу
- Компьютерлештирилген мээлөөгө жардам берүүчү аппараттар (шамал, аралык жана башка ушул сыяктуу көрсөткүчтөрдү эске алуу менен)
- Камуфляждар (жылуулук визорлого каршы фольгалар, айлана-чөйрөгө ыңгайлашуучулар)
- Лазердик бута көрсөткүчтөр (көзгө көрүнүүчү жана көрүнбөөчү)
- Жарыктандыруучу каражаттар
- Аралыкты/бийиктикти көрсөткүчтөр
- Куралды аралыктан башкаруу каражаттары
- Түрдүү максаттарда колдонулуучу октор (трассирлөөчү, жарылуучу, өрттөөчү, брондорду тешип өтүүчү, узун аралыкка же таамай атуучу ж. б.)
Жайгаштыруу: 2021-09-26, Көрүүлөр: 2890, Өзгөртүлгөн: 2024-02-11,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо