Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Неолит доору

Баш барак | Башкалар | Неолит доору

Неолит (байыркы грекче «жаңы таш») — жаңы таш доору — 19-кылымда Джон Лаббок тарабынан таш доорунун ичиндеги палеолит дооруна оппозиция катары белгиленген адам тарыхынын доору. Неолитке мүнөздүү белгилер - жылмаланган жана тешилген таш куралдар.

Таш доорунда адамдын негизи маселеси тирүү калуу болчу. Жүздөгөн миң жылдыктар бою заманбап адамдын оюна да келбеген коркунучтар жана көйгөлөр менен күрөшүп келген. Мындай маселе-көйгөйлөрү чечүү менен ал кездеги адамдардын акылы өсүп, ага байланыштуу алар күн көрүүдө жеңишке жетүүгө уламдан улам жакындай берген.

Ар кайсы маданияттар бул өнүгүү дооруна ар кайсы мезгилде киришкен. Жакынкы чыгыштагы ноелит орточо биздин заманга чейин 9500 (кээ бир маалыматтар боюнча б.з.ч. 7-4 миң жылдык) жылдары башталган. Неолитке кирүүнүн учурлашуусу менчиктештирүүдөн (аңчылар жана жыйноочулар) өндүрүүчүлүк (жер иштетүү, мал багуу) чарбага өтүүдө болуп, неолиттин бүтүшү металлдан жасалган эмгек шаймандарынын жана куралдарынын пайда болуу мезгили менен түшүндүрүлөт, башкача айтканда жез, коло же темир доорунун башталышында аяктаган. Неолит доорундагы жер иштетүү негизинен кетмендер менен жүргүзүлгөн, ошондой эле ирригация (сугаруу) системалары да болгон. Андан тышкары токойлорду кыйып-өрттөп, ал жерлерди айдоо аянты катары колдонушкан.

Неолит ташы

Американын жана Окенаниянын кээ бир маданияттары ушул күнгө чейин таш доорунан темир дооруна толук өтпөгөнүнө байланыштуу, неолит доору жалпысынан адам тарыхындагы белгилүү бир хронологиялык мезгил катары саналбай, тигил же бул калктын маданий өзгөчөлүктөрүн гана мүнөздөйт.

Палеолит доорунда адамдардын бир нече түркүмү болгондуктан неолиттин башталышына чейин эле алардын бардыгы жок болуп, азыркы адам түркүмү калган.

Неолит доорунда таштар жылмаланып, тешилип, ийрүү жана токуучулук өнүгө баштаган. Токой зонасындагы неолитте балык улоо чарбасы алдыңкы катарда болгон. Активдүү балык улоо белгилүү бир камдоолорду камсыз кылып, кошумча жаныбарларга аңчылык кылуу менен бир жерде жыл бою жашаганга мүмкүндүк түзгөн.

Керамика идиштери

Туруктуу жашоо образына өтүү керамиканын пайда болуусуна алып келип, айыл-кыштактар курула баштайт. Ушул себептен неолит доорун «керамика доору» деп да аташат. Неолит доорунда планетанын ар кайсы бөлүктөрүндө шаарлардын элестеткен ири кыштактар аянты 14 гектарга чейин жетип, калкынын саны 6 миңге чейин жеткен. Салыштыруу үчүн айтсак, байыркы аңчылар 30 адамга чейин жеткен уруулардан турган. Идиш-аяктар жаралып, азыктарды даярдоо жана сактоо бир канча жеңилдейт. Биринчи неолит маданиятына таандык эң байыркы шаар катары Иерихон эсептелинет, ал мезолит дооруна тиешелүү натуфийск маданиятынан өнүгүп келген. Кээ бир шаарлардын бекем болгону аныкталып, бул - ал кездеги уюшкан жоокерлердин болгондугу жөнүндө айтат.

Неолиттин аягында социалдык жиктелиш (бөлүнүү), эмгекти бөлүштүрүү, технологиялардын калыптанышы башталган. Неолит доорунда байыркы цивилизациялардын калыптанышы башат алган десе болот. Аскерлер жана профессионалдык жоокерлер пайда боло баштаган.

Неолит дооруна өтүүдөгү тарыхый өзгөрүү Австралиялык археолог Вир Гордон Чайлддын ою боюнча неолит революциясы деп баяндалат (менчиктештирүү, тартып алуудан өндүрүүчүлүк чарбага өтүү). Ошол эле кезде неолиттин жетишкендиктери түрдүү маданияттар жактан кабыл алынган эмес. Мисалы, жакынкы чыгыштын керамикага чейинки неолит маданияттары чопо идишти колдонгон эмес. Ал эми Дзёмон эрте япон маданияты керамикадан буюм жасоо искусствосун эрте өздөштүрүп, бирок неолиттин өндүрүү чарбасына кеч кирген. Дзёмон маданияты сыяктуу неолиттин жетишкендиктерин өздөштүрүп, бирок чогултуучулук жана аңчылыкты көп убакка чейин сактаган маданияттарды - субнеолитикалык аташат.

Чарба жана тиричилик

Неолит жайгашуулары адам баласынын күн көрүүсүнө шарт түзгөн жерлерде орун алган, балык уулап, канатууларга аңчылык жасоо үчүн суулардын жээктеринде, эгер уруулар жер иштетүү менен алектенсе, талаалардын жанында болгон. Неолит доорунда чакмак таш (кремень) негизги чийки зат болгондуктан, түрдүү куралдар үчүн чакмак таш колдонулган. Калтын өсүүсү жана чарбанын өнүгүүсү менен эмгек куралдарынын дагы саны өскөн.

Чакмак таштан жасалган ууч

Чакмак ташты (кремень) табуунун оңой ыкмасы катары аны жердин үстүңкү бетинен, көбүнчө дарыя өзөндөрүнөн издөө болгон. Жакшыраак, бирок эмгекти көбүрөөк талап кылган ыкмасы шахталардан казып алуу ыкмасы. Ал кезде тоокен иши да жарала баштаган. Неолит доорунда ташты иштетүүнүн эски ыкмалары үстөмдүк кылган: эки жактуу соккулоо, жара бөлүү, ретушь техникалары. Ошону менен бирге ташты жылмалоо, тааруу жана курчутуу техникалары пайда болот. Сөөктөн жасаган эмгек куралдары кеңири колдонулган. Куралдарды жакшыртуу уланып, найзалардын ири уучтары, кээде ичмеги чакмак таштуу сөөк канжарлар жаралган. Мындай куралдар багыш, бугу сыяктуу ири жаныбарларга аңчылык кылууга мүмкүндүк берген. Кичинекей чакмак таштуу уучтар дагы болгон, алар териси баалуу жаныбарларга аңчылык кылууда, терисин бузуп албоо максатында жасалган.

Куралдар

Неолит доорундагы маанилүү куралдардын катарына мурда белгилүү болбогон балта кирет. Андан тышкары таштан жасалган тешкичтер, көзөөчтөр, жонгучтар, сүрүп жылмалагычтар. Мунун баары неолитте пайда болгон. Балта турак жайларды, тосмолорду, кайыктарды, чанааларды, лыжаларды жасоого алмаштыргыч курал болгон. Айтылгандай эле неолиттин пайда болуу белгилеринин бири керамиканын пайда болушу, ошондой эле маанилүү көрүнүш катары токуучулуктун жаралышы.

Неолит куралдары

Токуучулуктун жаралышына түрткү болуунун себептери катары себеттерди (корзина) жана балык улоочу торлорду өрүү. Уруулар ортосундагы алмашуулар жүрүп, өнүгө берет. Мезолитте пайда болгон жаныбарлардын жана адамдардын фигуралары көбөйүп, түрдүүлүгү арткан. Кээ бир фигуралар илме сыяктуу болуп, тумар болушу мүмкүн. Ал эми сөөктөн, таштан, үлүдүн кабыктарынан жасалган мончоктор кеңири кездешет.

Искусство

Неолиттин көркөм искусствосунда адам баласынын ойлору ойгонгону жакшы көрүнөт. Планетадагы адамдар көбөйүп, жаңы аймактарды ээлеп, уруулар ортосунда талаштар жарала баштайт. Жаңы таш доорунун искусство темасы - бир адам коомчулугунун башка конломератка тирешүүсү. Таш бетиндеги сүрөттөр шарттуу болуп, шашма аңгеме сыяктуу. Жазуу анда жарала элек эле, бирок ойгонгон ойлор бекемдөөнү талап кылган.

Неолит таштагы сүрөттөр

Норвегиянын аймагында табылган таш бетиндеги сүрөттөр абстракттык ойлонуунун пайда болуусун тастыктайт: жаныбалардын, адамдардын сүрөттөрү схематикалуу болуп, аспаптардын, куралдардын шарттуу сүрөттөрү, геометриялык фигуралар бар. Ал эми азыркы Турциянын түштүк-чыгышында жайгашкан «Гёбекли тепе» комлпексиндеги калдыктардын номер 33чү туткансындагы белгилер жазуу сыяктуу болуп бир сапта ирети менен жайгашкан. Археолог Клаус Шмидттин ою боюнча «булар жөн эле белги болбой, ал убактагы адамдарга гана түшүнүктүү болгон кандайдыр бир катты элестетет» - деп, Шмидт аларды «неолит иероглифтери» атаган. Бирок окумуштуулар неолит доорундагы жазуу болгон эмес деген ойдо.

Гендердик мамилелер

Неолит доорунда жер иштетүү менен туруктуу жашоо образына өтүп, гендердик мамилелер жаатында да төңкөрүш болду десе болот. Анткени, неолитке чейин аялзаты коомдо эркекке караганда маанилүү орунду ээлеген. Мындай коомду «матриархат» дейбиз. Аялзатынын коомдогу жогорку орду анын коомго кошкон салымы менен байланыштуу болгон. Эске салсак, неолитке чейин аялзаты жыйноочулук менен алектенип, бул иш стабилдүү жана салыштырмалуу коопсуз болчу. Эркек болсо аң улоого кетүү менен бир нече күн же жумалап кайтчу эмес, кайткан соң кээде эч нерсеси жок келчү, а кээде такыр келбей да калчу. Аялзаты болсо күн сайын үйгө тамак алып келчү.

Бирок абал жер иштетүүнүн пайда болуусу менен өзгөрөт. Каналдарды казуу, жер тебүү, бак жыгуу, урууну коргоо жана башка ушул сыяктуу иштер олуттуу физикалык күчтү талап кылып, мындай жумушту эркекке жасоого оңой болгон. Дал ушул факт матриархалдык коомдун патриархалдык коомго алмашуусу менен шартталат.

Эрте неолит

Неолит революциясынын жакынкы чыгыш борборунда эрте неолитке биздин заманга чейинки 6200 жылдагы кризиске чейинки демократиялык неолит маданияты таандык. Керамика биринчилерден Чатал-Гуюк, Джармо, Хаджилар кыштактарында жаралат.

Түштүк Азияда (Пакистан) Мергарх неолит маданияты жашаган.

Неолит революциясынын алыскы чыгыш борборунда бул мезгилге Пэнтоушань, Пэйлиган маданияттары таандык. Алар менен бирге Дзёмон субнеолит маданияттары болгон. Мында керамика идиштери жаралган. Хоа Бин маданиятын болсо бакча-короо өсүмдүктөрүн өздөштүрүү менен байланыштырышат.

Европада неолит коомчулугу Грециядагы Франхтиге тиешелүү. Керамика бул мезгилде батыш Европадагы елшан субнеолит маданиятында пайда болот. Борбордук Европада эрте неолит б.з.ч 6000-5500 жылдарга тиешелүү.

Орто неолит

Кеч неолит

«Этци» аталган адам мумиясы, улуу Британиядагы атактуу «Стоунхендж» дагы неолит дооруна таандык деген ойлор бар.

Жайгаштыруу: 2020-06-30, Көрүүлөр: 6707, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу