Дүйнөдө ар бир көз ирмем сайын химиялык реакция деп аталуучу сансыз көп процесстер жүрүп турат. Кызыл чайга бир кесим лимон салсаң - чайдын өңү саргыч тарта түшөт, Бир тал ширеңкени чаксаң - анын күкүртү жарк этип күйөт. Картошканын кесилген жерине йод тамызсаң - ал тез эле жайылып көгүш так пайда кылат. Мунун бардыгы химиялык реакциялар. Мындай реакциялар эки же андан көп заттардын бири-бири менен өз ара аракеттенишүүсүнөн пайда болуп, натыйжада жаңы заттар келип чыгат. Реакциянын айрымдары бизге байкалбай жүрсө, кээ бирлерин оңой эле байкоого болот. Химиялык реакциялар өтө жай же өтө тез жүрүшү мүмкүн. Өтө тез жүрүүчү реакциянын мисалы - жарылуу: катуу же суюк заттар көз ирмемде көп өлчөмдө газ бөлүп чыгарып чачырап кетет. Болот такта өзүнүн жалтырагын көпкө чейин сактай алат.
Бирок анын бети акырындык менен саргайып дат баса баштайт. Бул процессти химиктер коррозия деп аташат. Коррозия химиялык реакциянын жай жүрүүчү, бирок өтө бүлдүргүч түрүнүн мисалы болуп эсептелет. Ал жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн металлдын ондон бирине жакынын жок кылат. Атайын заттарды колдонуу менен, ага каршы күрөш жүргүзүлүүдө. Көп учурларда, айрыкча өнөр жайда, керектүү продукцияларды эртерээк алуу үчүн бул же тигил химиялык реакцияларды тездетүүгө туура келет. Мындай учурда катализаторлор колдонулат.
Бул заттар өзүнчө бир сыйкырдуу таяк сыяктуу: өзү реакцияга катышпайт, бирок анын жүрүшүн тездетет. Ар түрдүү химиялык реакцияларды үйрөнүү, иш жүзүнө ашыруу менен адамдар табияттан тынымсыз үйрөнүп отурат. Кээде андан озуп да кетет. Химиялык реакциялардын жардамы менен адам табиятта болбогон нейлон, капрон сыяктуу көп заттар ды чыгарды. Бирок али ачыла элек купуя сырлар алдыда турат. Кайсы гана өсүмдүк болбосун ал абадан көмүр кычкыл газын жутуп, өзүнөн кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ушул процесстин жүрүшүндө жашыл жалбыракта көп сандаган өтө баалуу заттар пайда болот. Бул процесс - фотосинтез, ал күн нурунун аракети менен гана жүзөгө ашырылат. Бирок адам баласы өз лабораторияларында фотосинтезди пайда кылууну али өздөштүрө албай жатат.
Орто кылымдардагы алхимиктер химиялык реакцияларды аныгын билбей эле жүргүзүшкөн: заттарды аралаштырып, андан эмне пайда болорун да билишкен эмес. Ушул мезгилде химия так илимге айланды. Ал математика, физика менен тыгыз байланышта. Азыр илимпоздор бул же тигил химиялык реакция кандайча жүрөрүн, ага кандай шарт талап кылынарын, натыйжада кайсы продукту канча өлчөмдө алынарын алдын ала билишет.
Табиятта түрдүү химиялык реакциялар бар. Аларды иретке салуу жана систематизациялоо максатында бир нече классификациялоо түрлөрү ойлоп чыгарылган.
Көп учурда химиялык реакцияларды реагенттердин саны жана курамы, жана реакци продуктулары менен классификациялайт. Бул классификация боюнча төрт химиялык реакциянын типтери (түрлөрү) бар, алар: биригүү, ажыроо, орун алмашуу, алмашуу. Бирок булардын бирине дагы кирбеген химиялык реакциялар болоорун эсиңерден чыгарбагыла. Эми типтер боюнча кененирээк айтып берели.
Биригүү реакциясы
Мында эки же андан көп жөнөкөй же татаал заттар реагент болуп, ал эми продукт болсо - бир татаал зат болот.
Жөнөкөй заттардан оксиддин пайда болушу:
C + O2 = CO2, 2Mg + O2 = 2MgO
Металлдын металл эмес менен өз ара аракети жана туздун алынышы:
2Fe + 3Cl2 = 2FeCl3
Оксиддин суу менен өз ара аракети:
CaO + H2O = Ca(OH)2
Ажыроо реакциясы
Мында реагент катары бир татаал зат болуп, ал эми продукт болсо - эки же бир нече жөнөкөй же татаал зат болот. Ажыроо реакциясы көбүнчө ысытуу (жылытуу) менен жүрөт.
Ысытуудагы бордун ажыроосу:
CaCO3 = CaO + CO2
Электр тогунун иш-аракетиндеги суунун ажыроосу:
2H2O = 2H2 + O2
Сымап оксидинин ысытуудагы ажыроосу:
2HgO = 2Hg + O2
Орун алмашуу реакциясы
Мында реагент дагы, продукт дагы жөнөкөй жана татаал заттан болушу мүмкүн. Бирок татаал заттуу бир элементтин атомдору жөнөкөй реагентке алмаштырылган болот.
Суутектин кислотадагы орун алмашуусу:
Zn + H2SO4 = ZnSO4 + H2
Туздан металлды сүрүп чыгаруу:
Fe + CuSO4 = FeSO4 + Cu
Жегичтин (шакар) пайда болушу:
2Na + 2H2O = 2NaOH + H2
Алмашуу реакциясы
Мында реагент жана продукт катары эки татаал зат болот, реакцияда реагенттер өзүнүн курамдук түзүмү менен алмашып, натыйжада башка татаал заттар пайда болот.
Туз менен кислотанын өз ара аракети:
FeS + 2HCl = FeCl2 + H2S
Эки туздун өз ара аракети:
2K3PO4 + 3MgSO4 = Mg3(PO4)2 + 3K2SO4