Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жылдызы

Жаачы бул чындыктын жана ачыктыктын, тазалыктын жана эркиндиктин белгиси. Жаачылар эркиндикти жана өзүнүн көз карандысыздыгын абдан баалашат. Булар абстракттык ой жүгүртүүгө жана идеалдуулукка ийимдүү. Булар кубаттуу, бирок чыдамсыз келип, бул сапаты көптөгөн маселелерди жана түйшүктөрдү жаратат. Жаачылар түз мүнөздүүлүгү жана ачыктыгы менен айырмаланып турат. Жаачылар чебер интуицияга жана кандайдыр бир өзгөчө сезүү сезимине ээ, жана бул аларга оор абалда жардам берип, алдыга кадам шилтөөгө күч-кубат болот. Булар өзүлөрүнө душмандарды чогултууга аракет кылбайт, бирок эгер, андайлар кезиксе, Жаачылар андайларга ырайымсыздык менен мамиле жасайт.

Жаачылар айланасындагы адамдарга чынчыл жана ачык, жылуу, түшүнүктүү, чыдамдуу жана жетишээрлик деңгээлде лоялдуу. Бирок булар дипломатикалуу адамдардан эмес, кээде өз сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде ашыкча түз мүнөздүү болот. Бирок буларга жиниңерди келтирип, сөздөрүнө таарынуунун мааниси жок, анткени, булардын мындай мүнөзүнүн аркасында кандайдыр бир жаман ниетти жок. Тескерисинче, кээде булар эмне кылып, адамдарды кантип таарынтып алганын өзүлөрү түшүнбөйт. Бул алардын кандайдыр бир кырдаалдардагы адепсиздигин айтып турат.

Акылдуу акыл-эстин ээси жана жан-дүйнөсүндө бийик принциптиердин кожоюну болуп, Жаачылар жеңүүчүлөрдүн катарына кирип, ал жерден бекем позицияны ээлейт. Жаачылар алардын эмгеги үчүн баалоону каалап, иш-аракеттери үчүн мактоону каалайт.

[ushka=seredina]

Бир нерсеге болгон коркунуч, Жаачыларды депрессияга алып келиши мүмкүн. Булардын философиялык натурасы дайыма оптимисттүү маанайга туураланган болот. Булар эртен жакшы болооруна, анын эртеси андан да жакшы болооруна терең ишенет.

Жаачылар физикалык жана эмоционалдык тобокелге барууну абдан жакшы көрүшөт, анткени, булар кандай гана оюн болбосун, кумарду оюнчунун катарына кирет.

Жалындуу от белгисинин өкүлү болуп, бир караштан заматта бирөөнү сүйүп, ал эми экинчи көз караштан муздак кандуу болуп сууп калышы мумкун. Булар жоопкерчилик сезиминен качууга аракеттенип, аны мойнуна алып жүрүүнү жактырбайт. Шартка ылайык, мындай адамдар дайыма шайыр жана бактылуу, бирок булардын маанайы жетишээрлик өзгөрмө. Эгер, кимдир бирөө Жаачылардын ишеничине кыянаттык мамиле жасап, алардын ак-ниеттигин баалабаса, ошол заматта алардын нааразычылыгы менен кездешет. Жаачылар олово жоокерчесиндей болуп, бардыгы менен эч кимдин жардамы жок, өзү күрөшкөнгө көнгөн. Жана көп учурда булар жеңишке жетишет.

Жаачылар кээде наристе сыяктуу болуп, реалдуулуктун көзүнө каргандан баш тартып, жашоону ачык-кызыл түстөрдө карап, бойго жеткен адамдардай, олуттуу көз карашта болбойт. Булар саякаттаганды жакшы көрүшөт. Мыкты уюштуруучулук мүмкүндүктөргө ээ болуп, Жаачылар башкарганды билишет, бирок эч качан өзүлөрүн башкартып, эксплуатациялаганга жол бербейт. Финансы иштеринде Жаачылар чыныгы транжир. Булар акча чогултуп, аларды сактаганды такыр билбейт.

Жаачылар дайыма суудан кургак чыга алат. Булардын курч акылы көп учурда өзүлөрүн күндөн тосуп, кызыктай абалда болот, жана мындай учурда булар ашыкча эксцентрикалуу болот. Бирок булар алардын иш-аракеттерин шылдын кылуу мамиле жасоосун жактырбайт.

Жаачылар кандай гана болбосун, булар дайыма өзүлөрүндө жоомарт жана шайыр адамдын жаркын жактарын сактап калат. Жана эгер, булар өзүлөрүнө багыт койсо, бутага таамай атып, тийбей калбайт.

Жаачылардын негизги принциптери:

  1. Жакшы адамдар көп болуусу зарыл.
  2. Кимге карыз болсом, бардыгын кечирем.
  3. Эң жакшы эс алуу - дүйнөлүк саякат.
  4. Маселелердин маанилүүсү алардын масштабында.
  5. Менин идеалым - Хан Бакай.
  6. Мага таарынуу мүмкүн эмес.
  7. Уялуу деген эмне?
  8. Милдеттүүлүк шыгы жок адамдарды гана барктуу көрсөтөт.
  9. Алдын ала санаа тартуу маанисиз, кырдаалга жараша чечишебиз.
  10. Милдети жок адам, милдеттүү болууга милдеттүү.

Жаачы жылдызынын айкалышуулары

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 18054, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо