Жүктөлүүдө...
Кут
Кыргыз мифтеринде "кут" ак шоола нур болуп теңир сыйлаган адамга жана үй-бүлөгө түшөт экен. Кут түшкөндө анын үстүнө ак жаап, ак сарбашылап атап мууздап ырымын кылып токтотот экен. Кут токтоткону коргошундан же калайдан киши кебетелүү куюп, кут түшкөн (шоола же нур) жерге жапкан касиеттүү чүпүрөккө ороп атадан балага мурас катары каткан.Дагы бир айтымда кут түндүктөн коломтого түшөт имиш. Анын түсү кочкул кызыл түстөгү кичинекей килкилдек зат болуп, күнөөсү жок таза жүргөн киши алса, колуна тиер замат уюп «кут конот» экен. Күнөөлүү адам алса тезекке айланып калат имиш. Демек, кут кыргыз рухунда касиеттүү каралып, ага сыйынган. Ал, бакыт, ырыскы, жакшылык алып келет, кырсыктан калкалайт деп ишенилген. Адамга, малга илдет жармашканда куттуу тунук сууга жууп, анын суусун малга - жанга сепкен. «Кут болсун», «Куттуу үйдөн кур чыкпа», «Кут консун» деген сыяктуу касиеттүү тилек сөздөр да кутка болгон сыйынуу, анын касиетине бек ишенүүдөн чыккан. "Кут" бар адам, үй-бүлө аны сактоодо, куттун касиетин кетирбөөдө, өздөрүн аруу таза жүрүү аракети менен алып жүрүшкөн. Эгер «куттуу» адам же үй-бүл
Макала көлөмү: 4213 символОрточо A4 форматындагы барак саны: 2 Кыргыз мифтеринде "кут" ак шоола нур болуп теңир сыйлаган адамга жана үй-бүлөгө түшөт экен. Кут түшкөндө анын үстүнө ак жаап, ак сарбашылап атап мууздап ырымын кылып токтотот экен. Кут токтоткону коргошундан же калайдан киши кебетелүү куюп, кут түшкөн (шоола же нур) жерге жапкан касиеттүү чүпүрөккө ороп атадан балага мурас катары каткан.
Дагы бир айтымда кут түндүктөн коломтого түшөт имиш. Анын түсү кочкул кызыл түстөгү кичинекей килкилдек зат болуп, күнөөсү жок таза жүргөн киши алса, колуна тиер замат уюп «кут конот» экен.
Күнөөлүү адам алса тезекке айланып калат имиш. Демек, кут кыргыз рухунда касиеттүү каралып, ага сыйынган. Ал, бакыт, ырыскы, жакшылык алып келет, кырсыктан калкалайт деп ишенилген. Адамга, малга илдет жармашканда куттуу тунук сууга жууп, анын суусун малга - жанга сепкен.
«Кут болсун», «Куттуу үйдөн кур чыкпа», «Кут консун» деген сыяктуу касиеттүү тилек сөздөр да кутка болгон сыйынуу, анын касиетине бек ишенүүдөн чыккан. "Кут" бар адам, үй-бүлө аны сактоодо, куттун касиетин кетирбөөдө, өздөрүн аруу таза жүрүү аракети менен алып жүрүшкөн. Эгер «куттуу» адам же үй-бүлө күнөө, кылмыш өткөрсө кут кубулат, кут касиетин жоет дегенге бек ишенишкен. Кут жөнүндө айтылган кыргыз мифтери, уламыштары абдан арбын болуп кут чыныгы бар нерсе эмес, наристе элестетип чыгарылган руху азык, руху топук эсептелет.
Кут кармоо, кут тутунуу ар бир үй-бүлөнүн эң чоң купуялыгы болгон да, кут ашкереленип калса, кубулат, касиетин жоет деп эсептеген. Бирок кут жөнүндө мифтер уламыштар, жомоктор кенен айтылат.Кут түшүүКут түшүү ошол үйдөгү ырыс-кешиктин түптүүлүгүн даңазалайт. Умай эне колдосун деген маанайда (ал баланын пири) илгери үйлөргө коргошундан кут куюп, аны ак чүпүрөккө орой тигип, бетине жети бермет бастырган. Байлап, малдын башын да кут кылып, мал төлдөө учурунда койгон. Үй ичинде ар кандай кырсык болуп калбасын деп, кутту көрүнөө койгон. Үй ээсине меймандостугун, казан-аштуулугун, тарткан табагынын берекесин ошол түшкөн кутка тогошкон. Куту качты - куту учту.
Кут - бакыт, таалай. Демек куту качты (куту учту) - бул бакты-таалайды колдон учуруу дегенди түшүндүрөт. Адатта, кыргыздар «ырысын тепти», «ырыскысын качырды» дегенди ушуга маанилеш колдонушат. Бул - "кут" түшүүнүн тескери көрүнүшү. Өзү келген кутту өздөрү кубалады дегендик...
Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 4660, Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Макаланын толук версиясы Талкулоо