Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Кой жылдызы

Койлор - «чыныгы башкаруучулар», кайда болбосун дайыма биринчи жана мыкты болууга аракеттенет. Кадыр-баркка умтулуу менен, таза мүнөз жана бийликчил Койлор өз инсандыгын аныктоону талап кылат жана атак-данкты акча менен жакшы шарттардан да бийик көрөт. Ошол эле убакта койлор амалдык менен акча таап жана акчаны коротконду билишет. Ички девизи "менден жакшы эчким жасай албайт" – бул койлордун көз карандысыздыгын, айырыкча көзгө көрүнүш үчүн, престижге умтулуусун жана бейтаныш окуяларга даяр экендигин аныктайт.



Койлордо дайыма активдүү иштерге ички талабы сезилип турат, өзүнүн "Мен" дегенин жашоонун ар кыл тармагынан активдүү жактоого аракеттенишет. Койлор алдыга коюлган максаттардын көпчүлүгүнө жетиши мүмкүн, эгер терең ойлонууну жана ар кандай кырдаалдарды акылдуулук менен бааласа. Ашыкча импульсивдүүлүк, ошондой эле тегерегиндеги адамдарды уга билбестиги койлорду айрыкча оор кырдаалдарга алып келет. Койлордун чыдамсыздыгы баштаган жумушту аягына чыгарыш үчүн өзүлөрүнө эле тоскоолдук алып келет, ошондуктан алар көбүнчө жумушту аягына чыгарыш үчүн башка адамдарга мүмкүнчүлүк берет.



Койлор дайыма жаңы мүмкүнчүлүктөрдү же башка жолдорду изденүү абалында болушат. Көбүнчө кой белгисинде төрөлгөн адамдар башкаларда жок жан-дүйнөлүк мүмкүнчүлүктөргө бай жана зор күч-кубатка ээ. Бирок койлорго кичипеилдикти жана жылдыздуу болууну унутпоо зарыл, ошондой эле өз иш аракеттерин тереңирээк изилдөөгө абзель.



Койлор көпчүлүк учурда зээригүү, маанай пас жана күнүмдүк окшош маанайдан качууга аракеттенет. Марс жана Күн планеталарынын таасири койлорго чоң түрткү болуп, чарчабас кыймылдуулук жана айрым апыртуу сезимдерине алып келет. Койлор рационалдуулукка караганда сезимталдуулукка жакыныраак. Башкача айтканда ойлонууга караганда сезүүсү жакшы. Койлор – абдан кең пейилдүү жандар, чогу кайгырууга, түшүнүү жөндөмдүүлүгүнө бай. Кой белгисинде жаралган адамдар – адамдарды түшүнө билүү жөндөмдүүлүгүнө, башкаларга кам көрүүгө жана кам көрүүнү өзгөчө мээримдүүлүк менен жасоо ыкмаларына бай. Дайыма оор учурларда достук ийинин тосуп берип, мээрими жана кам көрүүсү менен коруйт.



Ойлоп тапкыч койлор көптөгөн идеяларга бай адамдарын катарына кирет. Жашоодо өзү жол салып, кызыгуу жана изденүү менен жаңы, сырдуу жана белгисизге тартылат.



Аял кишиби же эркек кишиби - койлор орусча айтканда потенциалдуу безумецтердин катарына кирет. Чыдамсыз, кээде башка адамдардын сезимдерин көзгө илишпейт, катуу жана ойго келбеген жини келүүгө, жок кылуу агрессиясына, а түгүл өзүн өзү бузуу агрессиясына жөндөмдүү.



Койлор өзүнүн "Мен" дегенин көтөрүүгө умтулушат, жоопкерчиликтүүлүккө жана эч нерсени карабай иштоого суусап, жаңы тартып турат. Койлор менен бир нерсени талашуудан жана урушуудан алыс болуу абзель, андай уруш-талаштар мүнөздөрдүн "дуэлине" алып келиши мүмкүн.



Кой белгисинде төрөлгөн адамдар эч качан "Мен жеңилдим" - деп айтпайт, алар аягына чейин салгылашып, өз максаттарына, эмне болбосун барыбир жетишет.



Бул белгидеги адамдар абдан жаркын, сезимталдуу, кээ бир убакта түшүнүксүз болушат. Өзүн жакшы коруу, ашыкча намыстуулук - бул сезимдерден койлорго арылуу керек. Жашоодо оор кырдаалдарга түшүп калбас үчүн өзүн өзү башкара билүү, сезимталдуулук, өз ойлорун жана өзүнүн "Мен" дегенинин үстүндө иштөө койлор үчүн ашыкча болбос.



Койлорго бир караштан сүйүп калуу сезими таандык десек да ашык болбос. Эгер койлор бирөөнү сүйүп калса, алар баардыгына даяр болушат. Оттой сезимдуулук жана активдүүлүк койлордун канын кайнатып турат, мындай учурда койлорго эч ким туруштук бере албайт. Көпчүлүк учурда койлор "тыю салынган жемишке" тартылышат. Ага жетүү максатында алар көп нерселерден баш тартууга жана өзүн бүт бойдон берүүгө даяр.



Бир жагынан караганда койлор өз сүйүсүнө импульсивдүү жана оопайлуу, а тугул кызуу ачуулукка чейин сүйүшү мүмкүн. Экинчи жагынан караганда койлор бат эле кызуулугу сууп калат.



Бул жүрөктү элжиреткен сүйүүчүлөр, кээде момун, көпчүлүк учурда наристелердей мактанганды жакшы коруп, көпчүлүк көзүндө ойноп, өзүнүн артыкчылыгын көрсөткөндү жакшы көрүшөт.



Эгер койлор өзүлөрүнө сүйүүчүсү тарабынан салкын мамилеге кабылса, өзүлөрүнөн жана өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөндөр болуп, өзүнүн "Мен" дегенин таппаганынан коркуп, убактылуу өз ички дүйнөсүндө өзүн жоготуп коюшу мүмкүн.



Койлор медалдын эки тарабы тең боло алышат. Ал эми достукта койлор жакын досторуна эрегишип жана үстөмдүк мамилелерин жасай алат жана жасашы мүмкүн, ал эми сүйүүдө интеллектуалдуу жана ар тараптан өнүккөн жолдош менен гана байланыш түзүп, баш ийип, сезимдерге ээргүүгө умтулат.



Койлордун негизги принциптери:



1.Мени менен урушуп-талашпагыла



2.Биринчи жасаш керек, анан ойлонуш керек



3.Элдер тормозду баскан жерден, мен газды гана басам



4.Түбөлүк жаш бойдон кала берем



5.Мен жасагандай жаса, анткени андан жакшы жасай албайсын



6.Эң оору баарлашуучуну аягына чейин угуу.



7.Өжөрлүк же көктүк — кемчилик эмес.



8.Жагдайды башкаруу оңой, сезимдерди башкаруу оор.



9.Бир кой — жакшы, эки кой — көп.



10.Биринчи кол салбайм. Бирок кудай бербесин, менин жиниме тийсенер.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 5825, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу