Байыркы заманда эле адамдар нефтинин бар экендигин билишкен. Кудук казганда кээде суунун ордуна кара күрөң түстүү, жыты мурунду жарган майлуу суюктук чыга турган. Анын бир жакшы касиети - мыкты күйчү (ага кошулуп чыккан газда да ушундай касиет бар). Аны чыракка куя башташты, өрттөөчү жебелердин учуна оролгон кебезин да, дөңгөлөктүн огун да аны менен майлашчу. Андан ар түрдүү ооруларга эм болуучу дары майларды жасашкан. Ошентсе да ичинен күймө кыймылдаткыч ойлоп табылганга чейин нефть көп деле керектелген эмес. 19-кылымдын орто ченинде нефтиден керосин бөлүп ала баштады. Ал жарык кылуу үчүн кеңири пайдаланылып жатты, ал эми керосин менен кошо бөлүнгөн бензинди керексиз зат катары деңизге төгүп салышчу.
Азыр таптакыр башкача. Нефть автомобиль менен учактарга, параход менен тепловоздорго, трактор менен комбайндарга, электр станция менен заводдорго өтө керек. Алардагы кыймылдаткычтар, мештер алынуучу бензин, керосин, мазут сыяктуу суюк отун менен иштейт. Ар түрдүү машиналар менен механизмдер да нефтти өтө көп талап кылат. Алардын жылмышма жана айланма бөлүктөрүн дайыма майлап туруу керек. Майлоочу зат да нефтиден жасалат. Химиялык заводдорго да май көп керектелет. Анткени нефтиден синтетикалык каучук, бышык, ичке жип, пластмасса, боёк, жарылма заттар, дары-дармек алынат.
Окумуштуулар нефтинин көмүрлүү суутектен, күкүрттөн, азот менен кычкылтектен турарын аныкташты. Нефть көбүнчө жер түпкүрүндө, тереңде болот. Аны алуу үчүн бир нече чакырым тереңдикти бургулап тешүү керек. Тереңде нефть өзү менен дайыма кошо жүрүүчү газдардын басымы астында болот. Ошондуктан бургулап тешилген жерден нефть өзү эле жогору карай жылып жөнөйт.
Бургулап тешүүчү механизмден - скважинадан нефть аны сактоочу атайын жайларга түтүк менен агып барат. Ал жерден темир жол цистерналарына куюп, керектүү жакка ташып кетишет, ал эми океан, деңиздердин ар жагына нефть куюлуучу атайын зор кемелер - танкерлер менен ташылат. Бирок нефтини суу түбүнө же жер астына курулган түтүктөр аркылуу агызып кетүү баарынан оңой.